Парламентте кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 19-сентябрда каралат

Спикер Дастанбек Жумабеков кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени эртеңкиге жылдырууну премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суранганын айтты. Анткени өкмөт башчы учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Буга чейин бүгүн саат 14:00дө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат бере турганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Натыйжада бир нече адам жараат алып, “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик 1978-жылкы Равшан Муминов курман болду.