УКО — 2019: Көк бөрү оюну боюнча үчүнчү күндүн жыйынтыгы чыкты

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы  көк бөрү боюнча мелдештин үчүнчү күнү жыйынтыкталды.

18-сентябрда Талас облусунун улакчылары Ош облусун 7:2 эсеби менен жеңсе, Бишкек менен Жалал-Абад облусунунун командалары 7:1 эсеби менен оюнду жыйынтыкташты. Ал эми Чүй облусунун командасы Ош шаарынын улакчылары 18:1 эсеби менен артта калтырышты.

Көк-бөрү  боюнча мелдешке  Кыргызстандын жети дубанынан 9 команда чүчүкулак аркылуу үч тайпага бөлүнгөн.

«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;

«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;

«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.