Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт

Бүгүн 20-сентябрь күнү, Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшкө чыгат.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова кыздардын эркин күрөшүнөн б2 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Анын бүгүнкү каршылашы Болгариялык балбан Тайбе Мустафа Юсейн болмокчу. Таймаш кечки саат 18:00дө башталат.

Кечээ, кыргызстандык спортчу биринчи кармашында мексикалык балбан кыз Алехандра Ромеро Бонилланы 8:0 эсебинде жеңсе, андан кийинки таймашта япониялык спортчу Юкако Каваиден мыкты чыккан.

Чейрек финалда Тыныбекова украиналык спортчу Юлия Ткач-Остапчукту 9:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Аны менен бирге ал келерки жылы Тоикодо өтө турган Олимпиада оюндарына да жолдомону ала алган.

Жарым финалдык беттеште Тыныбекова түндүк кореялык Ёнг Сим Римди 7:0 эсебинде уткан.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 16-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтүп жатат.