Бакыт Орунбеков: “Кыргыз Туусунун” эки томдугу даярдалууда»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусу” гезитинин 2005-2006 жана 2010-3013-жылдардагы башкы редактору, саясий илимдеринин кандидаты, журналист, ага окутуучу Бакыт Орунбеков менен “Кыргыз Туусунун” 95 жылдыгына карата маек.

— “Кыргыз Туусунда” бир эмес, эки ирет жетекчилик кызматты аркаладыңыз, ошол жылдары башкы редактордун милдетин кандай аткардым деп ойлойсуз?

-Кандай жетекчи болгонумду ошол кезде мени менен чогуу иштеген кесиптештер жана гезиттин окурмандары баалаганы туура болот го. Мен “Кыргыз Туусуна” 2005-жылы 27-мартта биринчи жолу редактор болуп бардым. Ошондо элдик революция болуп, президентибиз башка өлкөгө качып кетип, карапайым калк тургай, бийликтегилер өздөрү кандай кадам жасарын билбей дендароо болуп, багытын таппай жаткан мезгил эле. Өлкөдө туруксуздук орноп, эртеңибиз эмне болуп кетери белгисиз болуп турган кыйын учурда жетекчи болгом. Мен барганда экинчи жарым жылдыкка жазылуу жүрүп жаткан экен. Ошондо болгону 1,5 миңдей адам жазылыптыр. Алардын жазылуу мөөнөтү дагы 1,5 айдан кийин бүтмөк. Ары ойлондук, бери ойлондук, жер-жерлерге, аким-губернаторлорго телефон чалдык. Гезитке интервью бергиле, кызматташалы дедик. Бирок, деле эч кимдин жазылгысы жок. Ал аздай, жарнамалык материалдардын да көлөмү революцияга чейинки көрсөтмөгө салыштырмалуу аябай төмөндөп кетти. Редакциянын эки негизги булагы күтүүсүздөн кыскарды. Бул бизди абдан чочулатты. Анан ар бир шаарды, районду, айыл-кыштакты ар бир кызматкерге бөлүп, бекитип бердик. Баарыбыз сүйлөшүп алып, кезек-кезеги жер-жерлерди кыдырдык. Окурмандар менен жолугушууларды уюштурдук. Ошентип, жалпы жамаат жапа тырмак аракеттенип, натыйжада гезиттин нускасын 8 миңден ашырып алганыбыз эсимде.

-Редакцияга келген алгачкы күнүңүз дагы эсиңизде болсо керек?

-Албетте, эсимде. Биринчи күнү барганда жамаат мени абдан салкын кабыл алышкан (күлүп). Алар менин ишти алып кетериме көздөрү жетпегендей, ишенбегендей көз караштар менен тосуп алышкан эле. Жеке менчик гезитти чыгарып жүргөн, провинциядан келген бала, бакыйган гезиттин редактору боло алабы, боло албайбы деген суроолор жаралган (ага чейин мен Жалал-Абадда “Фергана” деген менчик гезиттин башкы редактору болуп иштеп жүргөм). Мен да абдан сүрдөгөм, толкундангам, кандай болот деп кабатыр болгом. Бирок, тез эле тил табышып кеттик. Жамаат менен коюн-колтук алышып, биргеликте, ынтымакта иш алып бардык. Жамаат мени колдоду. Мен жамаатты колдодум дегендей.

-Ал эми экинчи жолу келгениңизде кандай болду?

-Экинчи жолу келишимде, таптакыр башкача тосуп алышты. Өзүм да баягыдай чоочуркабай “шадыраңдап” келдим. Узак мөөнөткө иш сапарга кетип, кайра кайтып келген сыяктуу эле болгом. Бардыгы көзгө тааныш, жылуу учурап.

-Жаңыдан келген жетекчи гезиттин жүзүн, ички мазмунун, жасалгасын ж.б. жакшыртканга аракет кылат эмеспи, сиз өз учуруңузда кандай жаңычылдыктарды, өзгөрүүлөрдү киргиздим деп ойлойсуз?

-Мен өз ишимди гезиттин структурасын оптималдаштыруудан баштагам. Башкача айтканда, ашыкча штаттарды кыскартып, үнөмдөлгөн акчаны башка кызматкерлердин айлык маянасына кошуп, бир аз да болсо көтөрүп бергем. Экинчиден, гезиттин мазмунун өзгөрткөнгө аракет кылгам. Мисалы, мага чейин “Кыргыз Туусу” бийликтин гана сөзүн сүйлөп келген болсо, мен келгенден кийин бийлик өкүлдөрүнө карата жазылган анча-чынча сын материалдарга орун бериле баштаган. Анткени, коомдо өкмөткө байланышкан оң дагы, терс дагы пикирлер болот. Ошондуктан, биз өкмөттүк гезит болгондуктан, өкмөткө сөз тийгизбешибиз керек дебей, бийликти сындаган да, мактаган да материалдарды берүүнү туура көргөм. Мен редактор болуп турган кезде гезитке, өкмөткө байланышкан 4 материал чыкса, ошонун бирөө сөзсүз сын же сунуш болор эле. Андан сырткары, жаңы рубрикаларды ачтык. Козголбой келген тематикаларды жандандырдык. Айтор, ар бир санга окумдуу, жугумдуу “бомба” болуп бере турган, тең салмактуу материалдарды жазганга аракет кылдык.

«Кыргыз Туусунун» музейинин ачылыш аземинде

Бир сапар Мургабдагы кыргыздарга кыргызча китеп, кыргызча музыкалык аспаптар ж.б. жетишпейт деп макала жазсак, биздин окурмандар кыргыз тилиндеги китептерди, гезит-журналдарды, дисктерди комуздарды ж.б. алып келип беришкен. Биз ошолордун баарын жүктөп алып, 4600 метр бийиктеги белди ашып өтүп Мургабга, андан  кийин Жерге-Талга барып ошол жактагы кыргыздарга берип келгенбиз. Ошол иш сапардын чыгымын Бейше Намашамов деген ишкер жигит көтөрүп берди эле. Жерге-Талдагы кыргыздар менен болгон жолугушуудан кийин, биз бир топко чейин гезитти бекер, үзбөй салып жүрдүк. “Кыргыз Туусу” гезитин сыйлаган адоочулар (таскисттер) дагы бекер ташып жүрүштү. Эмнегедир ушул окуя азыр эсиме түшүп кетти.

-“Кыргыз Туусунун” музейи сиздин учуруңузда ачылган экен, бул музей кандайча ачылды эле?

-“Кыргыз Туусу” гезитинин музейи – кыргыз басма сөзүнө байланыштуу Кыргызстандагы биринчи музей. Мен редактор болуп келгенге чейин, чет өлкөлүк ЖМКдын тажрыйбасын байкап, алардын көп жылдык тарыхы бар гезит, журналдарынын музейин ачып койгонун көрүп, эмне үчүн туңгуч гезитибиздин музейин ачууга болбосун деп өзүмчө ойлонуп жүргөм. Көңүлүмдө багып жүргөн ой максатымды гезитке экинчи жолу жетекчи болуп барганымда ишке ашырдым. Өндүрүштүк чогулуштардын биринде жамаатка сунуштасам, баары бир добуштан колдошту. Адегенде, музей деген кандай болуш керек, экспонаттар кандай тартипте туруш керек, кирген киши экскурсияны кай жерден баштап, кайсы жактан бүтүшү керек деген сыяктуу суроолор менен борбордук тарых музейинин директоруна кайрылып, кеңештик. Редакцияга атайын сүрөтчүлөрдү, дизайнерлерди чакырып, бөлмөнү көрсөтүп, кагазга түшүрүп анан барып ишке киришкенбиз. Жаңылбасам, музейди негиздөөгө жалпысынан 270 миң сом жумшалган. Бирок, редакциянын бюджетинен эмес. Кызматкерлерибиздин айлык акысына зыян келтирбөө максатында, атайын эсеп ачып, демөөрчүлөрдү издеп, кошумча каражаттарды тапканбыз. Ошондо музейди ачууга бир топ депуттар, жеке ишкерлер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жөнөкөй жарандар колдогон. Ал тургай пенсионерлер жардам көрсөтүшкөн. Мен алардын аттарын тарых үчүн, музейдин кире беришине жаздырып, илдирип койгом.

-Сиз иштеген жылдары “Кыргыз Туусунун этикалык кодекси” кабыл алыныптыр…

-Бул дагы өнүккөн өлкөлөрдөн келген тажрыйба. Дүйнөлүк ЖМКнын ар биринин этикалык кодекстери болот. Ага журналисттер өз каалоолору менен кол коюшат. Демек, ал документке кол койгон журналист, абийири менен иштеши керек. Этикалык кодекс – мыйзамдык талап эмес, же мыйзамдык жоопкерчилик эмес. Бул жөн аган абийирдин документи. Мен ушул нерсени “Кыргыз Туусуна” алып келгим келди. Ред. коллегия бир нече пункттан турган этикалык кодексти даярдап, кол коюп, коридорго илип койгонбуз. Ага ылайык, кызматкерлерибиз чагымчыл, улуттар аралык ынтымакты ыдыраткан же, адамдардын аброюна шек келтирген материалдарды жазбоого, өз кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан пайдаланбашы керек эле. Кийиин бир кызматкерибиздин ошол кодекстеги айрым бир пункттарды бузгандыгы билинип калып, өзү эле арызын жазып жумуштан кетип калган…

-Тун гезиттин 95 жылдыгына карата “Кыргыз Туусунун” 2 томдугун жазып жатканыңыз тууралуу кулагыбыз чалды эле, ошол тууралуу өз оозуңуздан уксак?

-1-томду Кыргыз-Түрк “Манас” универститетинин кенже илимий кызматкери Гүлзада Нармаматова 1924-1927-жылдары араб арибинде чыккан гезиттерди толугу менен кыргыз тилине которуп, түшүндүрмөлөрү менен кошо бир китеп кылып даярдады. Ал эми мен 1941-1980-жылдарга чейинки аралыкта чыккан (кирилица менен) сандарды изилдөөгө алып, шакирттеримдин жардамы менен экинчи томдук кылып даярдадым. Биз ар бир 10 жылдыкты өз өзүнчө карадык. Мисалы, Сталин, Хрущев, Брежнев башкарган учурлар өзүнчө талдоого алынды. Ошол кездеги тематикалар, рубрикалар, жанрлар, авторлор алардын жазуу стилдери ж.б. анализделди. Тактап айтканда, гезиттин басып өткөн жолу, тарыхы кыргыз тилинде жазылды. Биринчи жана экинчи томдугу экөө тең даяр. Биз “Кыргыз Туусунун” мурдагы редакторлору Тилектеш Ишемкулов, Жедигер Саалаев, Абдиламит Матисаков, Курманбек Раматов, Кыяс Молдокасымов болуп жолугуп, китеп кылып чыгаруу боюнча кеңешкенбиз. Баарыбыз президентке кат жолдоп, эки томдуктун оригиналын кошо тапшырганбыз. Азырынча жооп боло элек. Каражат маселеси чечилип калса, китеп басылып калар деген үмүттө турабыз.

-“Кыргыз Туусунун” тарыхын жазууга, бул гезитте иштегениңиз үчүн кызыктар болдуңузбу, же башка себептер дагы болдубу?

-Мен бул ишти “Кыргыз Туусунда” иштебеген күндө деле жасамакмын. Биз ушуну менен эле чектелип, токтолуп калбайбыз. Буюрса, “Кыргыз Туусунун” 100 жылдыгына карата 3-томдугун чыгарабыз деп тилек кылып жатам.

-Редактор болуп иштегениңизге сыймыктанасызбы?

-Ананчы. Мурдагы “Эркин тоо” азыркы “Кыргыз Туусу” – биздин бармактайыбыздан билген гезитибиз да. Совет мезгилинде ар бир журналист ушул гезитке барып иштегенди максаты кылган. Материалдары чыгып калса, жаш балача кубанышкан. Андыктан, ушундай даңктуу, барктуу төл башы болгон “Кыргыз Туусу” гезитине барып жетекчилик кызматты аркалаш мен үчүн чоң сыймык болгон. Кээде жамаатты сагынам. Айрым кесиптештерим менен жолугушуп калганда сүйүнөм. Эски малдын көзүндөй болуп, көзүмө жакшы көрүнүп кетет.

-Сөз соңунда сизге эркин микрафон.

— Менин тагдырымда, менин турмушумда, дегеле эмгек жолумда “Кыргыз Туусу” өзгөчө орунду ээлейт. Менин адам катары, жетекчи катары, журналист катары калыптанышыма, такшалышыма, өсүшүмө бул гезиттин жана жамааттын таасири абдан чоң болду. Куттуу жерде иштеп жүрүп мен көп сабак алдым, тажрыйба алдым. “Кыргыз Туусунда” иштеген журналисттер Кыргызстандагы башка журналисттерге салыштырмалуу эң сабаттуу, эң билимдүү, сабырдуу, олуттуу деп дайыма айтам. Башка маалымат каражаттарына салыштырганда мазмундук жагынан, тилдик эрежелердин сакталышы боюнча айырмаланып турат. Андыктан, кесиптештериме ийгилик каалайм. Жалпы жамаатты жана ошондой эле, гезитке жазылып, карыш-катышта болуп жүргөн окурмандарды “Кыргыз Туусунун” 95 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Аман болушсун, бар болушсун.