Кашкар Жунушалиев Баткен ОИИБдин аймактык бөлүмдөрүн текшерди

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда министр облустун ИИБдин ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө барып, Лейлек, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн ишин текшерип, ИИМдин Ички Аскерлеринин имаратын кыдырып, аскер кызматкерлери менен жолукту.

Андан сырткары, ИИМдин башчысы аймактык бөлүмдөрдүн кызмат өтөө жерлерин, кызматтык ишмердүүлүгүндөгү уюштуруучулукту текшерип, зарыл болгон күчтөрдү жумшоо боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөгү негизги багыттарды атап, Лейлек районунун Кулунду айылында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашкан милиция кызматкерлерине бир нече тапшырмаларды берди.

Ошондой эле күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте чек арага чектеш райондордогу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин тапшырды.