Бакыттын башталышы – биримдик

Канчалаган кылымдарды карыткан элибизде: “Байлык – байлык эмес, биримдик – байлык” деген накыл кеп бар. Элибиздин шарият менен айкалышкан ошол накыл кеби жана Пайгамбарыбыз (с.а.в) хадистеринин негизинде, мамлекетибиздин мусулмандарынын дин башкармалыгы элди ыймандуулуктун туура жолуна үндөп эле тим болбостон, бири-бирине тирелген биримдик-туруктуулугун сактоодо да аларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Мындай жоопкерчиликти моюндарына алган билимдүү дин кызматкерлери, жума хутба-баяндарында, биримдиги жарашкан элге, Алланын назары түшөрүн айтып, элибизди ыраазы кылып келет.

Бирок, дин кызматкерлеринин (имамдардын) баарынын эле билими азыркы заман талабына жооп бергидей эмес. Ал эми мамлекетибизде диний укук эмес, биздин динге болгон укугубуз коом мыйзамдуулугунун ичинде каралары белгилүү. Ошондуктан дин кызматкерлери динчилдик менен билимдүүлүктүн айкалышуусу зарыл экенине терең маани берген болсо, анда алар элибиздин туура ишенимине, улуттарыбыздын ынтымак-биримдигине жана туура багыттан тайбашына салмактуу салым кошору анык.

Демек, биздин дин ишенимдегилерибиздин кызматчылары (имамдары) динчилдик эле эмес, дүйнөлүк билимдүүлүк менен мыйзамдуулукту туура кабыл алуу менен жамаатка, коомго туура түшүнүк берүүсү зарыл. Мына ушуга байланыштуу мамлекетибиз, коомубуздун туура багыты үчүн, өтө маңыздуу фактор катары эсептелген жалпы элдин жана улуттар аралык биримдик, ынтымакты чыңдоодо бир күндү белгилеп, ошол күндү расмий түрдө майрам күнү кылып бекиткен болсо, ага кээ бир динчилдерибиз тескери маани берүүгө аракет кылышат.

Ал эми биздин мамлекетибиз диний башкаруудагы мамлекет эмес, эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган социалдык мамлекет. Демек, мамлекетибиздин расмий майрамдардагы саясаты, максаты – анын терең мазмундуулугуна, айрыкча коомдогу мартабасына, баалуулугуна жана патриоттуулук мекенчилдикке көңүл буруу болуп саналат. Мына ушул укуктуу мамлекеттин кучагында жашап жаткандан кийин, майрамдарды таануу же тааныбоо ар бир дин ишенимдегилеринин өздөрүнүн иши. Бирок, алар – өлкөнүн мыйзамы менен аныкталган орто, салттуу динибизге айкалышкан майрамдар.

Ар улуттагы элибиз кайсы гана дин ишенимдеринде болбосун, бир өлкөнүн түндүгүнүн астында жашап, иштеп, өмүр сүрүп жаткандан кийин туура багыттагы саясатта элибиздин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышы – улуттардын ынтымак менен биримдиги элибиз карманып келе жаткан орто, салттуу динине жат эмес, анткени касиеттүү – Курандын али имран сүрөөсүнүн 103-аятында, Бийик Алла-Таала айтат: “Баарыңар Алланын жибине байлангыла жана бөлүнбөгүлө!” – деп.

Бул аятты тафсирлеп түшүндүрүүдө Абдуллах ибн Масьуд (р.а.) “Алланын жиби жамьат” дегенди, дегинкиси маалым болгондой эл ичиндеги ар кандай диндеги улуттардан турган коомду айтты. Мына ушул коомдун биримдигиндеги Алла-Таала буйруган сынак жашоодо жылдын төрт мезгилинде эң кооз жана берекелүү жерлерин мекен кылып, ата-бабаларыбыздан бизге аманат калтырган. Ал эми аманатты биримдик, ынтымак менен сактап, коргоо жана болочоккелечек урпактар үчүн мекенибиздин ар бир карыш жерлеринин кадырын жакшы түшүнүп (сатып жибербей), биримдигибизди бириндетпей, теңирден тескери туура эмес агымдарга кошулуп, экстремисттик террорчулуктун жана радикализмди аша чапкан багыттагы (такфиристик, харижиттик ж.б.) жолдоруна жетеленбей, атамекенди сүйүү, коргоо баарыбыздын милдетибиз.

Эгерде туулган жер, Ата Мекен деген түшүнүктөр ислам динине жат болгондо анда мусулмандарга туулган жерин өз аты менен айтууга да уруксат берилбейт эле. Мына ушуга байланышкан ишенимбиздин биримдик менен байланышып, айкалышкан туура, ачык жол экенине далил карманган акыйдабыз – матуриди, мазхабыбыз – ханафи, демократиялык укуктук, Абу Ханифа мектеби. Демек, акыйкатка, Алла таала тарабынан берилген ислам, дүйнөгө жаралып-таралышы менен билимге чакырганына ар бир мусулман адамы сыймыктана алат.

Мына ушундай сыймыкты көкөлөтө, элибиздин ынтымакбиримдиги менен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсү үчүн болочок, келечек муундарыбыз билим менен илимге сугарылган кесипкөй, илимпоз-окумуштуу мусулмандардан болуулары бүгүнкү күндүн, өнүгүп жаткан технологиялык заманыбыздын талабы. Ошондуктан улутубуздун менталитетинин салт-санаасынын, шарият менен айкалышуусуна, берекенин башы болгон биримдигибизди, салттуу динибиздин ортолук өзөгүн бузбай ыплас, жаман иштерден алыс болуп, адал, жакшы иштерге умтулуу менен өлкөбүздүн өсүшүнө көмөк кошуп, баарыбыз жалпы биримдиктин туткасын бекем кармайлы.

Алтымыш КОЗУКЕЕВ, Кара-Буура району