Өзгөндө тракторчу сүзүп кеткен адам каза болду

Өзгөндө тракторчу масс абалында бир адамды сүзүп алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 24-апрель күнү Жылалды айыл өкмөтүндө болгон. «Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалда болгон. Кырсыкка кабылган улгайган адам окуя болгон жерде мүрт кеткен», — деп жазылат маалыматта. Трактор айып короого токтотулуп, тергөө иштери башталды.