Кара-Балтага барганда, кабагым тырышып калганда

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Эне тили мыйзамынын 30 жылдыгы кирип келди. Бирок, бул аралыкта кыргыз тилибиз толук кандуу мамлекеттик тил боло алган жок. Анын бир өңүтү жер-суу аталыштары.

“Мен Россиянын бир облусуна келгендей болдум”. (Расул Гамзатов).

Жакында Кара-Балта шаары тарапка барып келдик. Албетте, ал жолукчу адамга жолугуп, жакшы кептешип маанай көтөрүлдү. Бирок, Кыргыз мамлекетинде эмес, Орусиянын курамында жашап жаткандай шаабайым сууду.

– Мен Кыргызстанга эмес, Россиянын бир облусуна келгендей болдум, – деген экен СССР мезгилинде улуу акын Расул Гамзатов. Мындай кепти миңдин бири, “Менин Дагестанымдын” автору Гамзатовдой улуттун жүзү, элдин уулу боло алган инсандар гана айта алышкан.

Сөздүн чордонуна келсек, 1978-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 50 жашка толуп, а кишиге Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы берилип, мааракеге Расул Гамзатов да чакырылып, Ала-Тоо жергесине биринчи ирет келет. Салтанат шааны Чолпон-Ата шаарында улантылып, унаадан түшөөр замат кандан, бектен кайра тартпаган Гамзатов жогорудагы пикирин бетке чаба айткан экен.

Ал учурда Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабында Ново Покровка, Киршёлк, Труд, Дмитревка, Ивановка, Искра, Быстровка, көл кылаасында болсо, Рыбачье, Долинка, ж.б. жер суу аталыштары болоор эле. Учурда алардын айрымдары тарыхый аттарына ээ болду. Бирок, тилекке каршы Кара-Балта тарапта дагы деле аталыштар аныктыгына келе электиги чындыгында кабакты карыш бүркөттү. Бир гана Калинин дегени Жайыл районуна айлангандыгы болбосо, калгандары оор уйкудан ойгоно элек экен. Беловодск, Александровка, Садовое, Полтавка, Сосновка, Петровка, Алексеевка, Вознесеновка… Качан Эркин-Сай деген жазууну окуганда гана кадимки кыргыз жерине келгендей болдук.

Кеп төркүнүнө келсек, бардыгын жапырт кыргызчалатыш керек деген чакырыкты көңүлдөн алып салалы. Же болбосо азчылыктар туруктуу жашаган аймактагы аталыштарга доо кетирүүнүн эч зарылдыгы жок. Маселен, Тажикстанда абалтадан кыргыздар жашаган жер-суу аттары жоюлуп жатат. Айтсак Жерге-Тал деген улуттук аталыш тажикчеге айландырылды. Биз болсо, маселен дунгандар туруктаган Милянфан, же немистердин Рот-Фронт деген айыл аталыштарын, тескерисинче, түбөлүк сакташыбыз керек. Керек десе ошол айылдардын тургундары Милянфанды дунганча Милёнчуан, Рот-Фронтту алгачкысындай Бергталь деп атайбыз дешсе, демилгелерин ишке ашыруу абзел.

Бирок, эмне үчүн кыргыздын кадимки “аксуусу” дагы деле “беловодск” болушу керек?