Таластыктар эмнелерди сунушташууда?

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


10-сентябрда Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде таластык сүрөтчүлөрдүн керамика, графика, скульптура, графика ж.б. жанрлары боюнча көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылды. 23 сүрөтчүнүн 113 эмгеги коюлду. Ошол эле иш-чарада “Талас сүрөтчүлөрү” китебинин бет ачары болду. Ишчарага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, илим, искусство, адабият тармагынын Р.Айтматова, А.Өмүрканов, Г.Момунова, Д.Жалгасынова өңдүү белгилүү өкүлдөрү, сүрөт күйөрмандары катышты.

Көргөзмөнүн куратору, Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, КР маданиятынын мыкты кызматкери, сүрөтчү Жолдошбек Казакбаевдин бизге берген маегинде айтылгандай, бул иш-чара “2019- жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына жана “Улуттук көчмөндөр оюндарынын” Талас жергесинде башталышынын урматына арналган. “Аймактарды өнүктүрүүгө, деги эле качан болбосун, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө искусствонун, анын ичинде сүрөт өнөрүнүн салымы чоң экенин унутпашыбыз керек. Мисалы, ар бир сүрөттүн, скульптуранын, адамды ойлонтуучу, адамдын аң-сезимине, жан дүйнөсүнө кандайдыр жарык берип, агартуучу ролу абдан чоң”, — дейт Ж.Казакбаев.

Анын айтымында, көргөзмөгө катышкан Таластан чыккан таланттардын арасында КРнын Токтогул сыйлыгынын лауреаты Байысбек Батырбаев, КРнын эл сүрөтчүлөрү Кадыркул Орозматов, Сүйүтбек Төрөбеков жана КРнын маданиятына эмгек сиңирген сүрөтчү Базарбек Сыдыков, КРнын Ардак грамоталарынын ээси Анарбек Момуна лиев, Сапарбай Осмоналиев ж.б. бар.

Белгилей кетчү нерсе, таластык сүрөтчүлөр 2018-жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Манас-Ордого 1 млн. 400 миң сомдук эмгектерин белек кылышкан. Бирок, биз менен болгон маекте сүрөтчүлөрдүн эмгеги көп учурда мамлекет тарабынан бааланбай, көз жаздымда кала турганы да айтылды. Болбосо, биздин сүрөтчүлөрдүн эмгегине кызыгып, аларды өзүнө чакырган коңшу мамлекеттер жок эмес экен. Мисалы, “Астана – кыргызстандык сүрөтчүнүн көзү менен” аттуу сынакта портретчи Сапарбай Осмоналиев тарткан Нурсултан Назарбаевдин ж.б. портреттери казак сүрөтчүлөрү эле эмес, казакстандык бийлик тарабынан жогору бааланып, ага “Казак республикасынын курметти сүретчиси” ардактуу наамы ыйгарылып, калем акысы төлөнүп, автомашина тартууланган. Ал сүрөтчүгө Казакстанда калып иштөөнү, үй-жай, ири калем акы сунуш кылышкан. С.Осмоналиев мындай ооматтуу сунуштан баш тартып, ал өз ата-мекенине керек экенин айткан. Бирок, С.Осмоналиевдин жана ал сыяктуу башка элдер таң калган канчалаган таланттардын эмгеги биздин мамлекет тарабынан бааланбай келе жатканы өкүндүрөт.

“Ошондуктан сыйлык берүү жагын да кайрадан карап чыгуучу мезгил келди. Менин оюмча, сүрөтчүлөрдү артисттерге аралаштырбай, өзүнчө сыйлоо керек”, — дейт Ж.Казакбаев.

С.Төрөбеков, «Толгонуу» триптихинен

КРнын эл сүрөтчүсү К.Ороз матов дагы ушул пикир менен макул экенин, коомчулук маданиятка чыныгы кызмат кылып, жаратмандык менен эмгектенген таланттар менен тек гана аткаруучуларды айырмалай албай калганын айтты. Болбосо, ушул көргөзмөнүн катышуучуларынын арасында Бообек Арыков, Анарбек Момуналиев, Шекербек Анарбеков сыяктуу ж.б. аттары аталбай калган, канча жылдардан бери маданиятка кызмат өтөп келе жаткан көрөңгөлүү таланттардын эмгеги көмүскөдө калууда.

Айталы, көргөзмөнүн эң жаш сүрөтчүсү Жаныбек Сүйүнбеков кече жакында эле Украинада өткөн эл аралык сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-сынагында биринчи орунду алып келген. Болбосо, ага шарт түзүп, устанака салып берген эч ким жок.

Айтмакчы, сүрөтчүлөрдүн айрымдары, убагында Сүймөнкул Чокморов алып берген мурунку химтазалоо цехинин ичинде узанышса, айрымдары өздөрү жашаган үйлөрүнүн бир бурчунда, же ижарага алган устаканаларда узанышат.

Сүрөтчүлөр менен болгон маегибизде маалым болгондой, кыл калемгерлер жалпы жонунан эки топко бөлүнөт. Биринчиси, чыгарма жаратууга баш оту менен берилип, оригинал чыгарма жаратуу үчүн айлап, жылдап көз май коротуп, жаңы табылга издеп иштеген сүрөтчүлөр болсо, экинчилери — акча табуу үчүн көчүрүп тартып иштеген, биз көп учурда сүрөттөрүн арзан сатып алып жүргөн кадимки сүрөтчүлөр.

Айтмакчы, бул эки топтогу сүрөтчүлөрдүн эмгектери дагы эки башка баа менен бааланат. Мисалы, бир эле пейзажды кайра-кайра кайталап тартуу – арзан турат. Ал эми башка эч жерде кайталанбаган, чыныгы чыгармачылык изденүү менен тартылган, жаңы ой, жаңы идея айткан оригинал сүрөттөрдүн баасы, албетте, өзүнө жараша болот.

Ш.Айдарбеков, «Тоолор кулаганда»

Бирок, Казакстандагы баанын жанында биздин эң жогорку делген баа суу кечпей каларын сүрөтчүлөрдөн уктук. Башкача айтканда, бизде 5000 доллар турган портрет, аларда жок эле дегенде 25 миң доллардын тегерегин чачпыйт. “Ошондуктан биздин балдарга 5000 долларга тарттырып алышып, ал жакта 20-25 миң долларга баалап, кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн ордуна казакстандык сүрөтчүлөрдү автор кылып жазып туруп сатышат”, — дейт Ж.Казакбаев.

Айтмакчы, «Талас сүрөтчүлөрү” китебинин жарык көрүшүнө КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана көргөзмөнүн ачылышына КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов колдоо көрсөткөн.