“Үркүн – 1000 шейит”

Болот ЖУМАГУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Москва районунун Петровка айыл аймагынын Кара-Балта – Бишкек жолунун жээгиндеги кеңири аянтчада 1916-жылы күнөөсүз курман болгон кыргыз жарандарынын жаркын элесине арналган “Үркүн – 1000 шейит” деген иш-чара өткөрүлдү.

Ага Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондорунун тургундары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана район жетекчилери катышты. Белгилүү публицист, Алыкул таануучу Памирбек Казы-баев зыяпаттын маани-маңызы жөнүндө кеңири баяндама жасады.

Үркүн трагедиясы Кы-зылДыйкан, Беловодск жергесинде башталып, Асылбаш айылында уланган. Андан ары Ысык-Көлгө, аягы Кытай жергесине жеткен. Иш-чарада сүйлөгөндөр опат болгон жүздөгөн жергиликтүү адамдардын сөөктөрү бүгүн да Петровка айылынын тегерегинде жатканына токтолушту.

Зыяпат учурунда 2022-жылы Үркүндүн 105 жылдыгына карата “Үркүн – 1000 шейит” деген эстелик-комплексти куруу жөнүндө маселе көтөрүлдү. Аны курууга мамлекеттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин колдоо көрсөтүүсүн суранган кайрылуу кат республика жетекчилерине тапшырыла турган болду.