Кыргыз тилинин абалы кандай?

Тилдин керемет күчүн көркөм адабий чыгармаларды окуп, автордун каармандары менен аралашканымда даана байкаймын. Кээ бир залкар таланттардын сөз байлыгына тан беремин. Алардын адамдын сырткы көрүнүштөрүн, бөтөнчө кыял-жоругун, табийгатты сүрөттөөлөрү, көркөм салыштыруулары, макал-ылакаптарды ыгы менен пайдаланышы укмуш. Мен залкар таланттар Түгөлбай Сыдыкбековдун, Мукай Элебаевдин, Касымалы Жантөшевдин, Жунай Мавляновдун, Төлөгөн Касымбековдун, Калыбай Осмоналиевдин, Мырза Гапаровдун жана башка улуу муундагы жазуучулардын роман-аңгемелерин окуп отуруп суктанамын. Кыргыз тилинин ушунчалык бай экенине ишенемин. Тилекке каршы азыркы авторлордун басымдуу бөлүгүнүн тили келегей, түшүнүксүз, техникалык, жарамсыз экени окурманды өкүндүрөт.

Бирок, дүйнөдөгү цивилизация, саат сайын болуп жаткан алга илгерилөөлөр эне тилибизге да залакасын тийгизүүдө. Учурда өткөн кылымдагыдай балдарга жомок, макал-ылакап, табышмактарды айтып, насаат берчү абышка-кемпирлер калбай бара жатат. Наристелердин кармаганы эле уюлдук телефон деген балакет. Телефон менен ойгонуп, телефон менен күнү өтөт. Адамча баарлашуу деген жок. Келиндер да жеңилине көнүп калышты. Бала ыйласа эле телефонун ачып мультфильмге коюп алаксытат. Анда мушташ менен каардуулукту, ырайымсыздыкты көрсөткөн мультифильмдерге таң каласың. Менимче тээ четки айылдардагы кай бир ата-энелер гана мурдагыдай тарбия беришпесе, калганы интернеттин балдары болуп калышты. Бул үлкөн трагедия. Балдарыбыздын тили, аны менен кошо дили өлүп жатат. Россиядагы эмгек мигранттарынын балдарынын орусташып жатканын айтпай-ак коелу!

Эми планетабыздагы тил боюнча кырдаалга саресеп салып көрөлүчү. Башкы кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык ЮНЕСКО уюмунун демилгеси менен “Жоголуп бараткан дүйнөлүк тилдердин атласынын” жаңы редакциясы акыркы жолу 2009-жылы жарык көргөн. Анда тилчи окумуштуулардын иликтөөлөрү боюнча азыркы учурда жер жүзүндөгү 2500дөн ашыгыраак тил жоголуу коркунучуна кептелгени баса белгиленген. Бул сан 2001-жылкы деңгээлден үч эсеге жакын көп. Орточо алганда ай сайын азыр эки тил колдонуудан калып, өлүп жок болууда. Ошол жоголуп бараткан тилдердин баалуулугу өтө жогору болгондору да бар. Маселен, эскимос тилинде карды сүрөттөө үчүн жыйырмадан ашык сөз колдонулат. Мындай көрүнүштү англис, француз же немец тилдеринен таба албайсың. 1999-жылдан тартып 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү катары белгиленип келе жатат. Ал эми 2019-жыл дүйнөдөгү түпкү улуттардын тилинин эл аралык жылы деп жарыяланган.

Эгерде планетабыздагы калктын үчтөн эки бөлүгү негизги 40 тилде баарлашса, жалпы тилдердин үчтөн бири жакынкы аралыкта өлүп жок болушу ыктымал. Жер жүзүндөгү 357 тилде 50гө жетпеген киши, 46 тилде бирден гана адам сүйлөйт. Акыркы колдонуучулар кайтыш болгон соң ал тил пайдалануудан калат. Америка Кошмо Штаттарынын улуттук географиялык коомунун маалыматы боюнча XXI кылымдын аягына карата 3500 тил өлүп жок болот, пайдалануудан калат деген божомол бар. Бул көрүнүш жер жүзүнүн көп тилдүүлүк орун алган Жаңы Гвинея, Кавказ жана Сибирь өңдүү аймактарына мүнөздүү. Америкалык белгилүү тилчи Грегори Андерсондун пикири боюнча Сибирдеги түпкү калктардын тилинин жоголуп жатышынын башкы себеби дискриминацияда же ал элдердин укугун басмырлоодо турат. Андай тилдердин катарына башкурт туугандардын эне тили да жакындап жатат. Ал элдин коомчулугу Магнитогорск шаарындагы калктын беш пайызын түзгөнү менен бул калаада башкурт тилинде мектептер турсун, класстар ачылбаганына нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми жогорудагы Атласта белгиленгендей Россияда 131 тил пайдалануудан чыгып калууга кептелди.

Жакында Кыргызстанда “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынганына туура 30 жыл толот. Ошондон бери бир топ аракеттер болду. Атайын тил комиссиясы түзүлүп, аздыркөптүр жылыш бар. Бирок, тилекке каршы кыргыз тили ойдогудай, биз каалагандай өнүгүп өсүп, пайдаланылып жатат дегенден алыспыз. Тил балага эненин сүтү менен кошо келет. Үй-бүлөдө кыргызча таза сүйлөмөйүнчө, дайыма колдонмоюнча ал четке сүрүлө берет. Айрым депутаттар менен министрлер, облустук, райондук деңгээлдеги жетекчилер кыргызча сабаттуу пикирлешсе оң болор эле. Азыр кыргыздардын саны төрт миллиондон ашты. Айрым башка улуттардын өкүлдөрү да кыргызча таптаза сүйлөшөт. Мына боордоштордон Болотбек Кузменко, Александр Костюк, Юрий Бобков, Юлия Руцкая баштаган замандаштарыбыз мамлекеттик тилди урматташып жакшы пикирлешет. Бул түпкү улуттун өкүлдөрүндө сый-урматты жаратат.

Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, кеңири жайылтууга шарт түзүп, өзүбүз таза, маданияттуу сүйлөгөндө гана адабий тилибиз да өсүп өнүгөрү шексиз. Бул багытта коңшулаш өзбек, тажик, казак туугандардагы аракеттерди көрүп суктанасың. Тилди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик тилдеги телекөрсөтүүлөр, радио уктуруулар, концерттер көп болуп, китептер, гезит-журналдар арбын чыгарылышы керек. Мамлекеттик жогорку деңгээлдеги иш-чаралар, майрамдар, кабыл алуулар, конференциялар, жолугушуулар кыргыз тилинде өткөрүлүшү зарыл. Кыргызчаны түшүнбөгөн башка улуттардын өкүлдөрүнө, өзүбүздүн “киргиздерге” үйрөнүүгө жардам бербесек болбойт. Бөтөнчө жаш үй-бүлөдөгү балдарга үйрөтүү үчүн телеканалдарда көрсөтүүлөр ачылып, методикалык колдонмолор чыгарылса, оюн-зооктор өткөрүлүп кызыктырып турсак оң болмок. Кыргызстандагы китепканалардын саны союздун убагындагыдан эки эсеге кыскарып миңден ашпай калды. Андагы китеп фондусу 19 миллион даана экен. Бул китеп-журналдардын 79 пайызы орус тилинде, 19 пайызы кыргыз тилинде, калгандары башка тилдерде. Ордо калаабыз Бишкекте 95 мектеп болсо анын 32си орус, 52си аралаш жана 11и гана кыргыз тилинде билим беришет. Борборубузда жалпы 82 балдар бакчасы болсо, анын 55и орус тилинде, 19у аралаш тилде, 8и гана кыргызча таалим-тарбия берет. Бул кишини ойлонто турган сандар го!

Кыргыз тилине биз күйбөсөк ким күйөт? Кыргыз тили Кыргызстанда өнүкпөсө башка өлкөлөрдө өнүкмөк беле! Кыргыз китеп дүкөндөрүн биз көбөйтпөсөк ким көбөйтөт? Кыргызча биз маданияттуу сүйлөбөсөк ким сүйлөйт? Биз ырдабасак ким ырдайт? Ушул соболдордун тегерегинде ойлонуп көрбөйлүбү, замандаш!

Адылжан ЖАЖАНОВ, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү