Футбол: Лионель Месси жылдын мыкты оюнчусу аталды

«Барселона» клубунун чабуулчусу Лионель Месси ФИФАнын ферсиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы билдирет.

Ал «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жана «Ливерпуль» командасынын коргоочусу Вирджил ван Дейкти артта калтырды. Месси 2018-19-сезондо Испания биринчилигинде 34 оюн өткөрүп, 36 гол киргизген.

Бул сыйлыкты Месси  алтынчы жолу багынтып жатат. Ал буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары жылдын мыкты оюнчусу аталган.

Жылдын мыкты оюнчусу сыйлыгы 2016-жылдан бери берилип келет. Өткөн жылы «Реалдын» оюнчусу Лука Модрич алса, ага чейин эки жыл катары менен Роналдого ыйгарылган.