Баел ОРУНБАЕВ: «Бүткүл дүйнөлүк турнирге даярдык көрүүдөмүн»

Көптөгөн улан-кыздарыбыз шахмат боюнча эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн мелдештерде өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, намыс талашып келе жатат. Алардын бири – шахмат боюнча спорт чеберине талапкер Баел Орунбаевди окурмандарга тааныштырабыз.

  • Туулган жылы – 2007-жыл, 13-февраль
  • Туулган жери – Бишкек шаары
  • Жактырган өңү – Ак жана кара
  • Баалаган адамы – Атасы
  • Кызыккан мамлекети – Америка
  • Жакшы көргөн мезгили – Жай
  • Хоббиси – Китеп окуу
  • Сыймыктанганы – Кыргызстандагы өсүп-өйдөлөөлөр жана спорттогу жетишкендиктери
  • Жашоодогу урааны – “Ар дайым алдыга!”

– Баел, жакында КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган турниринин жеңүүчүсү болдуң. Жеңишиң менен куттуктайбыз! Мындай жеңиш оңойго турбаганы белгилүү. Шахмат менен канча убакыттан бери машыгып жүрөсүң?

– Өзгөчө кызыгуу болгондуктан кичинекей кезимден бери эле машыгып жүрөм.

– Спорт сен үчүн эмне?

– Спорт – менин жан дүйнөм, жашоом десем туура болот. Мен бардык турмуштук каалоо-тилектеримди спорт аркылуу ишке ашырып, өзүмдү ар дайым бул чөйрөдө көргүм келет. Кыргызстандын спорт тармагына салым кошуу – негизги максатым десем болот.

– Шахматтагы негизги артыкчылык эмнеде?

– Алыска чуркагысы келген спортчу эң башкысы, атагына текеберленип, мактанбашы зарыл. Дайым эле жеңиш туусу желбирей бербейт. Спортто көз ирмемчелик убакытта эле өзгөрүүлөр болуп турат… Бүгүн утуштун урматын көрсөң, эртең сөзсүз жеңилүү ызасына кабыласың. Андыктан, азыркы ийгиликтериңди эмес, алдыдагы даярдыктарың туурасында көбүрөөк ойлонгонуң баарынан маанилүү. Шахматта негизинен көтөрүмдүүлүк – көп жеңишти алып келет деп ойлойм. “Жеңишти гана максат кылбагыла. Алгач жан дүйнөңөрдү тазартып, адам болууга кадам жасагыла” – деп машыктыруучуларым көп айтат.

– Машыктыруучу демекчи, азыркы жетишкендиктериңе салымы бар устаттарың туурасында да сөз кылсаң?

– Пайзилла Рахманов, Абдували Абдрахманов сыяктуу агайларым менен сыймыктанам. Биздин аракеттерибизге, жетишкен жеңиштерибизге машыктыруучуларыбыздын салымы чоң. Алар биздин экинчи атаэнебиз сыяктуу сезилет. Устаттарыбыз бизге өздөрүнүн дасыккан чеберчилик менен сабак берип, шахмат дүйнөсүнүн ар түркүн сырларын, ыкмаларын үйрөтүп келе жатат. Бул инсандарга ар дайым терең ыраазычылык билдирем.

– Ата-энең, жакындарың шахматты тандооңду кандай карайт?

– Келечек максат, кыялдарым туурасында ата-энеме айтып, ой бөлүшкөндү жактырам. Алар ар дайым бизге акылдуу кеп кеңештерин берип, туура жол көрсөтүүгө басым жасайт. Мен өз үй-бүлөм менен сыймыктанам. Бардык ата-энелер балдарына ашыкча камкордук көрүп, алардын келечеги жарык болушун каалайт эмеспи. Менин каалоом күчтүү болгондуктан, жакындарым, айрыкча атам Кубатбек, апам Нургүл менин тандоомду колдоп, жардам берип келе жатат. Алар мага дайыма дем-күч берип, ийгиликтериме кошо кубанып, камкордуктарын аябайт.

– Эртең менен канчада турасың?

– Спортчулардын бир артыкчылыгы, алар дайыма сергек жашоону колдонот. Мен эртең менен эрте турганды жактырам. “Таңкы ырыскы баарынан улук” деп апам көп айтат. Эрте ойгонуп, жакындарым менен биргеликте ак дасторкондон даам сызып, жакшы тилектер менен күнүмдү баштайм.

– Окуу менен машыгууну айкалыштыруу оор эмеспи?

– “Аракетке берекет” дейт го элибизде. Сабакка да, машыгуума да жетишем. Менин жеңиштерим менен бирге окуган классташтарым жана мугалимдерим да сыймыктанышын каалайм. Бул үчүн болгон аракетим менен жакшы окууга да, турнирлерде мыкты даярдыгымды, жөндөмүмдү көрсөтүүгө да күч жумшайм.

– Максатың?

– Албетте, дүйнө эли тааныган спорт чебери болгум келет. Жана шахматтагы өзүм билген билимимди, шыгымды жайылтып, башкаларга үйрөтүүнү каалайм. Анан сөзсүз ардактуу атам айтмакчы, эң негизгиси, жашоодо жан дүйнөсү таза жакшы адам болгум келет. Алдыда Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк шахмат турнирине тынбай даярдык көрүп жатам. Жеңиш менен келип, жакындарымды, мекендештеримди кубантсам деген аруу тилектемин.

Адели БЕРДИБАЕВА