Рейна ДОСАЛИЕВА: “Тажрыйба алмашууну жолго салуу керек” 

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу” 


Казакстандын Нур-Султан шаарында “Хабар” агенттигине караштуу 4 ири телеканал иштейт. Алардын бири спутниктик “Kazakh TV” каналы. Анда 20га жакын улуттук өкүлдөрү иш алып барат. Ошол себептен да “Kazakh TV” – ынтымактын, достуктун каналы деп коюшат. Эфирге 5 тилде чыгат. 2017-жылдан бери кыргыз тилинде чыга баштаган. Рейна Досалиева мына ошол “Kazakh TV” каналынын кыргыз редакциясынын продюссери болуп иштейт. 

“Kazakh TV” каналына карай жол…

 “Биз 24 саат бою эфирдебиз. Жаңылыктардан сырткары, экономикалык, социалдык темалардагы маектерди беребиз. Ошондой эле, казак-кыргыздын тарыхына, маданиятына байланышкан берүүлөр толуктайт”,-дейт Рейна Досалиева. Анын айтымында редакцияда 6 кыргыз кызматкер иштейт. Андан башка Бишкекте 3 котормочулары бар. Алар керектүү убакта, керектүү маалыматтарды кыргыз тилине которуп, даярдап беришет.

Р. Досалиева “Kazakh TV” каналына чейин, Бишкектеги СТВ каналында жооптуу редактор болуп иштеген. Жооптуу редакторлукка чейин ал катардагы кабарчы, андан кийин баяндамачы болгон. Ар жуманын аягында “Апта” берүүсүн алып барып жүргөн. Теленин түйшүгүн тартып, “кухнясын” жакшы түшүнгөн, аздыр-көптүр тажрыйба топтоп үлгүргөн Рейна, Нур-Султан шаарында иштей алчу бирден-бир мыкты кадр экенин дал ушул СТВ каналында иштеп жүрүп далилдей алган. Башкача айтканда, СТВдан “Kazakh TV”га карай жол тарткан.

Биринчи устат

Каарманыбыз теле жаатында гана эмес, радио, басма сөз багытында да тажрыйбага ээ. Р. Досалиева журналистика айдыңына “Агым” гезити аркылуу кадам таштаган. Студент кезинен ушул гезитке келип, Жылдыз Мусабекова менен иштешип, маалымат жыйнаганды, жазганды үйрөнгөн. “Менин биринчи устатым – Жылдыз Мусабекова. Мага туура багыт берип, акыл-кеңешин бергени үчүн рахмат айтам”,-дейт журналист.

Ал “Агымдан” сырткары, “Айыл өкмөтү”, “Салык инфо” гезитинде, “Азаттык” радиосунда, ЭлТР каналында эмгектенген. Ар кыл багытта иштеп көргөн Рейна теледе иштөө жандүйнөсүнө жакын экенин түшүнгөн. “Багытымды таптым, бардыгын билем дегенден алысмын. Себеп дегенде, азыр маалымат алмашуу, жаңылануу, технология күн санап өсүп жатат. Билгенден биле элегиң көп. Андыктан, замандын агымы менен болуп, ар бирин билүүгө, өздөштүрүүгө аракет кылышыбыз керек”.

Эңсеген кесип

“Мен журналистикага капыстан келген жокмун деп эсептейм. Эжем менен байкем да журналисттер. Аларды көрүп таасирлендим окшойт. Азыр ойлосом, окууну бүтүп жатканда башка кесиптерди ойлоп, баш оорутпаптырмын. 7-классымдан тартып эле журналист болгонумду кыялданчумун. Үйдөгүлөр менен талаага картошка чапканы, чөп чөмөлөгөнү чогуу чыкчумун. Андайда чоң атам дайыма өзү менен кошо радиосун ала жүрөр эле. Чоң атама кошулуп, мен да  жаңылыктардын бирин калтырбай укчумун”,-деп бала чагын эстеген журналист, тажрыйба алмашууну жакшы жолго салуу керек экенине көзү жеткенин айтат.

Тажрыйба алмашуу

“Универсалдуу жана кесипкөй журналист болуш үчүн, сөзсүз түрдө чет элге чыгып, башкалардын кандай иштегенин көрүш керек дегенден алысмын. Бирок, тажрыйба алмашуу эч качан ашыкча болмок эмес. Тилекке каршы, бизде  бардык журналисттерди тажрыйба алмашып келүүгө сыртка жиберүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок, ушул маселени жолго салуу керек экен. Менимче, бул нерсе Кыргызстандагы журналисттер үчүн абдан керек”,-дейт Нур-Султан шаарындагы мекендешибиз.

БГУнун бүтүрүүчүсү

Досалиева Рейна К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардын иниверситетинин бүтүрүүчүсү. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын кызы. Атасы өрт өчүрүүчү кызматта иштеген болсо, апасы аймактык ооруканада медайым болуп иштеген. Беш бир туугандын улуусу. Үй-бүлөлүү, эки уулу бар. Өмүрлүк жолдошу Болот Табалдиев менен ЭлТР каналында иштеп жүрүп табышкан. Учурда Б. Табалдиев да “Хабар” агенттигинде оператор болуп иштейт. Тун уулу Алмазбек Нур-Султан шаарында мектеп-лицейде окуйт. Экинчи уулу Али бала бакчага барат. Эмгек өргүүгө чыкканда алар сөзсүз Кыргызстанга келип турушат. “Мен үчүн мекенден, Ысык-Көлүмдөн өткөн эч нерсе жок. Ар бир инсанга өзүнүн туулган жери ыйык, кымбат эмеспи. Менде да мекенге болгон сагынуу ар дайыма жашайт. Азыр болбосо дагы, кайра кайтып келип Кыргызстан үчүн кызмат кылабыз”.