Токон МАМЫТОВ: “Журналисттерди жана дипломаттарды кесиптешим деп эсептейм”

Даярдаган Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


20-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов атайын маалымат жыйын өткөрдү. Анда 2018-2019-жылы адам укуктарынын сакталышы боюнча кеңири маалымат берип, өзүнө карата коомчулук тарабынан айтылып жаткан сындарга жооп берди. Ошол маалымат жыйындан урунттуу жерлерине токтолуп кетмекчибиз.

– Кыскача айтып кетсем, негизинен Акыйкатчынын аппаратына 2018-жылы кат жүзүндө 3237 кайрылуу келип, алардын 2092 борбордук аппаратка, 1145 акыйкатчынын аймактык өкүлчүлүктөрүнө түшкөн. Алардын 142си, 2050 адам жамааттык кайрылуу болгон. 6115 адам оозеки түрдө консультацияларды алган. Кайрылгандардын жалпы саны 11 260 адамды түздү, алардын 47 пайызы аялдар. Кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарынан болуп, 1001 кайрылуу келип түшкөн. Мындан тышкары абактарда, атайын тергөө изоляторунда ж.б. эркинен ажыратылган жайлардан келген кайрылуулар 4 пайызды түзгөн.

– Келечекте кайсы багыттагы иштер алып барылат?

– Алдыда жасала турган иштерде балдардын укуктарына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана мигранттардын укуктарына өзгөчө маани буруубуз керек болуп жатат. Мындан тышкары абакта отургандардын, өзгөчө жаш балдар менен отурган аялдардын абалы. Бүгүнкү күндө абакта 6-7 баласы менен отургандар бар, ошолордун укугу бузулбашы керек. Быйыл жаңы кодекстер кабыл алынды, учурда ал багытта кызуу талкуулар болуп, ар кандай суроолор жаралып жатат. Ал боюнча талдоо жүргүзө элекпиз. Бир жылдан кийин бул иштер жа салат. Бирок бир нерсеге токтолуп кетейин, мурда 10 миң сомдук буюм уурдалса, ошого эле 3-4 жылга эркинен ажыратылып кетчү эле. Учурда андай нерсе жок, бүгүнкү күндө жаңы кодекстер киргенден кийин 1-2-3-категориядагы айып пулга тартылып, гуманизация жолуна түштүк. Мындан тышкары судьялардын отуруму атайын видео байкоолордун алдында ачык өтүп жатат. Эми бүгүнкү күндө баары эле жаман же жакшы деп айтууга болбойт. Анткен менен оң жакка жылыш бар. Алсак, 8 миңден ашык абакта отурган жарандардын кылмыш иштери кайрадан каралып, бир тобунун абакта отуруу мөөнөтү кескин кыскарды. Менимче, зыян болбостон, пайда эле болуп жатат.

– Чет өлкөдө канча Кыргызстандын жараны абакта отурат жана алар боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?

– Чет өлкөлөрдө 1600дөй адам абакта. Анын ичинен Россияда 1283, Казакстанда 200дөн ашык, Тажикстанда 111, Өзбекстанда 74 жана башка өлкөлөрдө да бар. Негизинен булардын 30%дан ашыгы баңги затка байланыштуу, 30%га чукулу зомбулук кылмыштары – бул адам өлтүрүү, оор залака кетирүү. Анан 20%дан ашыгы алдамчылык аракеттер боюнча отурушат.

– Республикалык психикалык стационардын күндүзгү бөлүгү жабылып жатканы боюнча Акыйкатчыга акыл эс саламаттыгы начарлаган адамдар кайрылганы тууралуу “Кыргыз Туусу” гезитине белгилүү болду. Ушул багытта кандай аракеттер көрүлүп жатат?

– Бул боюнча Өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, ушул маселеде шашпай экономикалык, юридикалык, медициналык анализ жасалышы, баарын талдап туруп чечим кабыл алыш керектигин билдирдик.

– Сизге карата “укук коргоо органдарында иштеген адам, укук коргоочу болуп иштеши карама-каршылыктарды жаратууда” деп сын айткандар болуп жатат. Буга кандай жооп кылат элеңиз?

– Россиянын акыйкатчысы Москолькова айым ИИМдин генералы. Бирок, бирөө дагы ага карата ушул сыяктуу кеп айтканын уккан жокмун. Башка мамлекеттерде деле акыйкатчы болгондордун арасында юристтер, окумуштуулар, мурдагы судьялар, прокурорлор, башкача айтканда, укук коргоо органдарында иштеп жүргөндөр бар. БУУнун, адам укуктары боюнча европалык сот деген бар. Алардын арасында деле мага окшогон адамдар иштейт. Ошондуктан бул жерден эч нерсе көрбөй турам. Бирок, бул адамдын өзүнөн болот. Азыр “чекист кантип акыйкатчы болот” дегенди угуп жатам. Эми чекист деген террористпи? Илгери адам укугун коргогон Андрей Сахаров деген академик бар болчу. Ал учурунда адам укугу боюнча маселе көтөрүп, КГБдан запкы жеп калган. Кийин СССР тараардын алдында депутат болуп, Кремлде трибунадан чыгып сүйлөдү. Ошондо Советтер союзунда бир эле КГБ түз, эффективдүү, мыйзамдуу иштеген мекеме деп баа берген. Ошол баа менен, КГБда иштегениме, ошолордун билим бергенине сыймыктанам.

– Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирине “сиз экөөбүз чекистпис” деген мааниде кайрылганыңыз коомчулукта суроо жаратты. Ал дагы чекистпи?

– Жок. Азыркы чекисттер бул терминологияны колдонбойт чыгар. Бирок, мен кызмат өтөп жүргөн учурда дипломаттарды, журналисттерди кесиптештерибиз деп койчубуз. Эмнеге? Анткени дипломаттар да, журналисттер да, коопсуздук органдары да маалымат деген продукция менен иштешет. Бул бизди жакындаштырат. Башка кесиптерден ушунубуз менен айырмаланабыз. Ошондуктан каалайсыздарбы, каалабайсыздарбы журналисттерди жана дипломаттарды кесиптешим деп эсептеп келгем жана эсептей берем.