УКО: Талас. Манас Ордо. Эстафета Ошко өттү

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Ошентип, Таласта 16-сентябрда башталган республикалык биринчи улуттук көчмөндөр оюну 21-сентябрда “Манас Ордо” комплексинде салтанат менен жыйынтыкталды. Салтанаттуу жыйынга Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

16-сентябрдан тартып башталган улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында 8 улуттук түрү боюнча мелдештер Райкан Алканов атындагы облусттук атмайданда жана «Газпром» спорттук комплексинде болуп өттү.

21-сентябрда көк бөрү оюнунун финалы өзгөчө кызыктуу таймашка айланды. Финалга Чүй облусу менен Ош облусунун командалары чыгып, катуу таймашта чүйлүк балбандар 12:01 эсебинде жеңишти камсыз кылышты.

Жеңишке жетишкен командаларды сыйлоо аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Райымкулов, Гүлкан Молдобекова, вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев катышты.

Бул күнү негизги маданий иш чара Улуттук Манас Ордо комплексинде болуп өттү. Анда тигилген 300дөй боз үйдөн өлкөбүздүн туш тарабынан келишкен меймандар даам ооз тийип, өлкө элине, келечекке бата тилешти.

Этно айылдарда маданий иш чаралар он миңдеген адамдардын назарын буруп, чет өлкөлүк меймандардын да кызыгууларын арттырды. Этно айылдардагы жайма базар миңдеген адамдарды өзүнө тартты.

19.30да Президент Сооронбай Жээнбеков салтанаттуу жыйынга катышып сөз сүйлөдү. Салтанаттуу жыйынга жана театрлашкан оюндарга элүү миңден ашуун адам катышты.

— Өткөн III дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык резонансты жаратты, — деди Мамлекет башчы. Көчмөндөр оюну кыргыз элинин дүйнөлүк цивилизацияга кошкон чоң салымы деп баалады. 4-көчмөндөр оюндары келээрки жылы Түркияда өтөт. Биз боордош Түркиянын элине урматтуу Эрдоган мырзага оюндарды ийгиликтүү өткөрүүсүн чын дилден каалайбыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын келечеги кең. Анын миссиясы элдерди маданият аркылуу жакындаштырат.

Көчмөндөр оюндарын дайыма Кыргызстанда өткөрүү жөнүндө мекендештерибиз өтүнүчтөрүн билдиришкен. Бул жагдайды эске алдык, мындан кийин көчмөндөр оюндарын ар кайсыл аймактарда өткөрүп турууну чечтик. Республикалык көчмөндөр оюндары Айкөл Манас атабыздын ордосунда, элдин биримдигинин, мамлекеттүүлүгүнүн башаты болгон так ушул касиеттүү Талас жергесинде башталды.

Бул оюндардын түпкү максаты байыркы элибиздин тарыхына, маданиятына, салт санаасына урмат көрсөтүү. Ата-бабалардын жолун улап, алардын рухуна таазим этүү. Азыркы мезгилде өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн өз тарыхыбызга таянып, андан руханий азык, жа ратмандык энергия алуу. Дүйнөлүк тарыхтын ажырагыс бөлүгү болгон көчмөн маданиятын, көчмөн цивилизациясын дүйнөнүн руханий казынасына кошкон салымын эстетүү, аларды жаңыртуу.

Көчмөндөр дүйнө таанымы Жараткан менен жакын болуу, адам менен табияттын биримдигине, коомдун гармонияда жашоосуна негизделген. Кылымдарды карыткан бул элдик философия найзанын учунда, кылычтын мизинде, тарыхтын тайгак жолунда сыналган кыргыз элинин байлыгы. Карт тарыхтын бүктөмүндө жоголуп кетпей, өзүнүн руху, маданияты, салты менен ушул мезгилге жеткен улуу журт кыргыздын феноменин жаратты. Ушул салтты тутунган кыргыз элим жалпы адамзаттын маданий казынасына өзгөчө салым кошту.

Дүйнөдө теңдеши жок улуу “Манас” эпосун жараткан эл болдук. “Манас” эпосун Бириккен Улуттар Уюму кыргыз элинин гана эмес бүткүл адамзаттын руханий жана маданий, тарыхый дөөлөтүнүн бир бөлүгү катары тааныды. Бул кыргыз элинин улуу кеменгерлигине, ички дүйнөсүнө берилген жогорку баа. Буга чейин бир да элдин, улуттук көркөм бермети, мындай баага арзыган эмес. Көчмөндөр оюндары, Манас оюндары деген аталыш менен атагы алыска кеткен кыргыздын көөнө оюндары.

Бул оюндар спортту, сергек жашоону гана эмес, эл биримдигин, тынчтыкты, табият менен гармониялык жашоону даңазалайт. Ошондуктан Таласта, “Манас Ордодо” көрсөтүлгөн оюндар кыргыздын кан жанына сиңген руханий баалуулуктар жана дөөлөттөр.

Биз бүгүн өз тарыхыбызды, маданиятыбызды каада салтыбызды кайра жандандырып бабаларыбыздын улуу жолун улантып жатабыз десек болот. Кудай буйруса, республикалык көчмөндөр оюндары улуттук биримдигибиздин, бир эл, бир журт экендигибиздин жаркын салтанаты болот. Дүйнө коомчулугу кызыгып көргөн оюндарга айланат.

Өлкө башчы өз сөзүндө Нурсултан шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта алтын медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекованын жеңиши менен жалпы элди куттуктады.

1995-жыл Таласта “Манас” эпосунун 1000 жылдык салтанаты белгиленген, — деди сөзүн улантып С.Жээнбеков. — Мына бүгүн да ыйык Талас жергесинде, Манас деп ураан чакырып, жети дубан бир туунун алдында чогулуп олтурабыз.

Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты бүгүн да актуалдуу. Манас атабыз жердеген, кең Таласта, кадырман журт алдында Манас оюндарын даңазалап, бир билек болуп түрүнүп, бир муштум болуп түйүлүп, биримдикте болууга чакырам! Манас атанын урпактары деген наамга татыктуу бололу. Ынтымагы бекем, намысы бийик, руху күчтүү журт бололу! Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде тынчтык болсун! Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан ар дайым колдосун!

Андан соң театралдашкан оюндар коюлуп, жоокерчилик заманда, Алтай жергесинен Ала Тоого кыргыз элинин көчүп келиши, Манас атанын, “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган” доордун элесин берген учур көрсөтүлдү.

Кароол чокунун түнкү фонунда улуттук символикалардын көрсөтүлүштөрү да өзгөчө көрк берип турду.

Салтанаттын соңунда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев эстафетаны КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге тапшырды.