Бир тууган агасын өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган адам кармалды

Ошто агасын өлтүрүүгө шектелип анын бир тууган иниси кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө, шектелүүчү жасаган кылмышын моюнуна алган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милицияга 1991-жылы туулган Төлөйкөн айылынын тургуну Ж. А. уулу жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабындагы ээн талаага көмүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Жакын туугандары ал тууралуу сурагандарга, «Россияга иштегени кеткен» деп айтып жүрүшкөн.

Иликтөө иштеринен соӊ, кечээ, 23-сентябрь күнү адам өлтүрүүгө шектүү катары 1996-жылы туулган Төлөйкөн айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бул факт Жазык кодексинин 130-берене («Адам өлтүрүү») беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.