АКШ Польшадагы аскерлеринин санын көбөйтөт

Кошмо Штаттар Польшадагы аскерлеринин санын көбөйтөт. Бул тууралуу дүйшөбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто Польшанын президенти Анжей Дуда менен жолугушуу учурунда билдирди.

Эки өлкө лидерлери коргонуу тармагында кызматташууну кеңейтүү боюнча декларацияга кол коюшту. Документте Польшага кошумча 1000 америкалык аскер жөнөтүү каралган. Варшава аларды жайгаштыруу үчүн керектүү инфраструктура менен жабдууга милдеттенме алды. Ошол эле маалда жаңы аскердик база түзүү тууралуу кеп жок. Буга чейин Польшанын президенти аскердик база түзүп, анын атын «Форт Трамп» деп атоону сунуштаган.

Учурда Польшада 4500дөй америкалык аскер кызматкери бар.

Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясы өтүүдө. Трамп иш-чарага келген бир нече өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушууда.