Садыр Жапаровдун соту бүгүн, 12-июнда Биринчи май райондук сотунда уланат

6-июнда өткөн соттук отурумда Жапаровдун жактоочуларынын өтүнүчү менен процесс 12-июнга жылдырылган. Алар иш менен таанышпаганын айтып, кошумча убакыт сурашкан.

Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргызстанга киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал «бейбаштык», «бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү», «барымтага алуу» жана башка беренелер боюнча айыпталып жатат. 26-мартта ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. Кийин өзүнө кол салып, 47- жатак абакка которулган.