«Алай» футбол клубунун чабуулчусу Жоэль кыргыз кызына үйлөнөт

«Алай» футбол клубунун африкалык чабуулчусу Кожо Жоэль кыргыз кызына үйлөнөт. Бул тууралуу аталган клуб Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Футболчунун келечектеги жубайынын ысымы Айзада, алардын  тою 20-октябрда Токмоктогу ресторандардын биринде өтө турганы белгилүү болду.

Африкалык Кожо Жоэль эки жылдан бери Оштун «Алай» клубунда ойнойт.