Акын Мая ОСМОНКУЛОВА: «Акын болом деген адамга талант аздык кылат, акындык тагдыр керек..»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Мая эже, биздин муундагылар сиздин ырларды окуп чоңойду. “Ыр ушундай болот турбайбы” деген ойдо болдук. Сиз кимдерди окуп чоңойдуңуз? Кимдерге таасирлендиңиз?

– Чыгармачылыкка келгендер кимдирбирөөлөргө таасирленет экен. Мен ыр жөнүндө түшүнүгүм деле жок келдим. Атамдын ырларын окуп жүргөнүм эле болбосо…

– Чыгармачылыкка качан, кантип келдиңиз? Кимдер түрткү болду? Алгачкы ырларыңыз качан жарык көрдү?

– Бир күнү үйдөгүлөр тегиз уктагандан кийин сабак даярдоого олтурдум. Саат 11де «Бейпил түн» берүүсүн угуп жаткам. Анан эле ушундай бир эргүү келди. Алдымдагы дептериме үч куплет ырды кантип жазып койгонумду билбейм. Омар Хайям жөнүндө болчу. Анда 9-класста окуп жаткам. Талас райондук «Лениндик туу» газетасына салып жиберсем, эч жерин оңдобой туруп эле жарыялап коюшуптур.

– Чыгармачылыгыңыз шыдыр кеттиби же түшүнбөстүктөр да болдубу?

– Орус тилинен окуткан мугалимибиз бар эле. Бир күнү чакырып алып: «атаңдын ырын өзүмдүкү деп газетага чыгарганың уят, мындай кылба» деп ыйлатты. «Өзүм жазгам» десем ишенбейт. – Өзүңүздүн акын экениңизге качан ишендиңиз? – Эми өзүмдүн акын экениме окурмандар, күйөрмандар айткан кезде ишенип кетем. Болбосо, өзүмдү «акынмын» дегенден али деле ийменип турам.

– Шык жана таланттан тышкары, ыр жазуу үчүн, акын болуу үчүн адамга эмнелер керек?

– Акын болуу үчүн шык менен таланттан тышкары «тагдыр керек» дегенге кошулат элем. Жайыктан аккан суудай болуп, өмүрүң тыптынч, жүрөгүңдү өйүгөн бир да түйшүгүң жок болсо, жашооңду бир кумар, бир арман, бир түйшүк коштоп жүрбөсө, жакшы ыр жазылбаса керек.

– Ырдын ыр болушу үчүн эмне маанилүү? Поэзия жаратуу үчүн акылга көбүрөөк таяныш керекпи, же сезимгеби?

– Албетте, нукура поэзия акылдан эмес, сезимден жаралат. Ырдын ыр болушу үчүн сезимталдык, жөнөкөй адамдар айтып бере алгыс чебердик маанилүү го дейм. Окурмандарың эмне жөнүндө айтаарыңды биле албагандай чебердик керек. Башкалар окугандан кийин гана тамшанып, суктанып, сенин саптарыңдан өз тагдырын, өз түйшүгүн көргөндөй болсун.

– Өзүңүз менен замандаш акындарга кандай баа бересиз? “Алтымышынчылар” аталган муунга окшоп, сиздердин араңыздардан да өз космосун тапкандар чыктыбы?

– Омор Султанов агай бир убакта айткандай, 70-80-жылдары поэзияда бүтүндөй бир топ суурулуп чыкты. Баары өз стили, өз дүйнөсү, өз өзгөчөлүгү менен чыкты. Ошого карабастан, биздин муунду «жоголгон муун» деп эсептеп келишет. Эгер чынында эле ошондой болсо, ага ошол кездеги улуу муун күнөөлүү. Алар «силер жашсыңар» дегенчелик кылышып, жол беришкен жок. Анан да биздин муун өтө эле ыймандуу болчу да. Жол талашып чыгып кетүүгө ошол кездеги адабияттагы «система» да тоскоол болду. Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө өтүү татаал эле. Мүчө болбосоң, китебиңди басып чыгаруу андан да татаал болчу. Жөнөкөй эле мисал: бир басма табактан турган жупкадай китебимди 1980-жылы басмага тапшырып, 1987-жылы гана басылып чыккан. «Жазуучулар Союзуна мүчө эмес» деген шылтоо менен улам артка сүрүлө берген. Ал тургай 1984-жылы Москвада өткөн жаш акынжазуучулардын Бүткүлсоюздук VIII Кеңешмесине Кыргызстандан тандалган 5 делегаттын бири болуп катышып келгеним да жардам бере алган эмес. Ал убакта коммунисттик идеологиянын цензурасы да күчтүү эле. Ошол китепчеме «Ыйманыбыздын айы» деп ат койсом, «ыйман» деген сөздөн коркуп, уруксат бербей коюшкандыктан, китебим «Он үчүнчү ай» деген аталышта жарык көргөн. Азыр болсо ошол убакта корккон ыйманга жетпей жатабыз. Экинчиден, азыркыдай жайнаган басмаканалар жок эле да.

– Өзүңүздүн чыгармачылыкка кандай баа бересиз? Акын катары өзүңүздү ача алдыңызбы?

– Менин чыгармачылыгыма эл баа берсин. Акын катары өзүмдү ача алдым деш да кыйын. Анткени, ар бир куракта ар башкача ачылышың керек экен. Мен ачсам өзүмдү сүйүү темасында гана ача алдым го деп эсептейм. Ал эми турмушта сүйүүдөн башка тема көп да.

– “Жөн келген жоксуң, жигит” деп өзүңүз жазгандай, сиз поэзия дүйнөсүнө жөн келген жок элеңиз, адабий чөйрөдө татыктуу баа алдым деп ойлойсузбу?

– «Татыктуу баа» деп кандай мааниде айтып жатасың? Эгер сөз наам, сыйлык, орден, медаль жөнүндө болуп жатса, анда «татыктуу баамды» ала алган жокмун. Ал эми окурмандар берген баа жөнүндө болсо, анда татыктуу баамды алып жатам.

– Чыгармачылык адам үчүн чөйрө керекпи, же өз алдынча деле изденип жазса болобу?

– Чыгармачыл адам үчүн чөйрө керек. Бирок ошол чөйрө болбосо жаза албай каласың дегендик эмес. Өз алдыңча изденип жазсаң деле болот. Негизгиси, талантың болсо бардык шартта изденүүгө болот.

– Чыгармачылык өнөрканаңыз менен ой бөлүшсөңүз. Кайсы убакта, кандай абалда жазасыз? Айрымдар устага окшоп, отура калып эле узана берет экен, башкалар сейрек жазганын айтышат…

– Мен ошол сейрек жазгандардын катарына кирем. Эч качан олтуруп алып жазышым керек деген эмесмин. Күнбү, түнбү, жолдомунбу, коноктомунбу – айтор кайсыл учурда оюма саптар келе калганда гана чиймелеп калам. Ошол үчүнбү, кайталап оңдобойм дагы. Алгач калем кармаган күнүмдөн бери эч ким, эч качан жазганымды оңдогон да эмес. Бир кызык нерсени айта кетейин. 1988-жылы дүйнө жүзү Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгын белгилеп жаткан мезгил эле. Үйдүн бир бөлмөсүнүн полун жууп жатып, оюма келген саптарды улам колумду аарчый коюп жазып жаттым. Ошентип пол жуулуп бүткөнчө Айтматов мактаган «Акбаранын көз жашы» деген ырым жазылып бүттү. Кийин КТРдагы бир интервьюсунда «мен 3-4 жыл жазган романымды Мая 3-4 куплет менен бере алыптыр» деп жазуучунун мактоосуна татыгам.

– Кызык экен, ушул окуя тууралуу айтып бербейсизби?

– Ал бактылуу күн 1995-жылдын 12-декабры эле. Чыңгыз Айтматов Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп, ошол күнү Таластагы шайлоочулары менен жолугушууга келген. Борбордон коштоп келген бир топ аттуу-баштуу аксакалдар сүйлөштү, аймактагы акын-жазуучулардын атынан мага сөз тийип калды. «Сүйлөйм» деп даярданган эмесмин. Атамдай болгон кишини мактаганым ыңгайсыз болуп калабы деп, 12-декабрь агайдын туулган күнү экенин айтып, «Акбаранын көз жашы» деген ырымды окуп бердим. Трибунадан түшүп баратсам, чогулгандар кол чаап, бирдеме деп кыйкырып калышты. Артыма бурулсам, Чыңгыз агай «Маечка, Маечка!» деп артымдан келе жатыптыр. Бурулуп агайды көздөй бастым. «Акын экенсиң, кызым, акын экенсиң» деп маңдайыман өптү. Залдагы суктанып отурган көздөрдүн узатуусунда трибунадан түшүп кеттим.

Чыңгыз агай трибунага келип: «Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү такыр башка болот экен, эртеден берки маанайды Мая башка нукка буруп жиберди. Бир жолу Москванын көчөсүндө келе жатсам, бир орус аял салам айтып токтоп калды да, «Я – Акбара» деди. Мен түшүнбөй калып: «Вы что, шутите?» деп күлдүм. Ал аял башка эч нерсе дебестен басып кетти. Ошол окуяны али да унутпайм. Балким ал дагы баласын жоготкон, башында Акбараныкындай кайгысы бар энедир. Көрсө, аял кишилер Акбараны өзүнүн жан дүйнөсүнө жараша башкача кабыл алышат окшобойбу. Аны мен экинчи жолу байкап отурам», деп ары ойлуу, ары сырдуу муңайым маанай менен бир топко сүйлөдү.

– Жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз, жакшы акын болушу үчүн эмне кылуу керек? Кандай адамдык сапаттар абзел?

– Калем кармап, ыр жазып жүргөн жаштарга айтаар кеңешим, биринчиден, көп окугула дээр элем. Адабий сын макалаларды көп окуп, андан өз кемчиликтерин таап, кийинкиде кайталабаганга аракет кылыш керек. Кыскасы, өзүн -өзү тарбиялоо, өзүн -өзү сын көз менен кароо керек. Экинчиден, эч качан башкаларды туурабасын. Анан албетте, ич тардык деген сапаттан оолак болсун.

 – Кандай чыгармачылык иштер менен алектенип жатасыз, чыгармачылык пландарыңыз кандай?

– Чыгармачылыкта, так план койгонду билбейм, мүмкүн да эмес го деп ойлойм. Жалпы планым – эми оор басырыктуу, салмактуу, философиялык, кыскасы курагыма жараша чыгармаларды жазсам деген кыялым бар. Ал эми канчалык деңгээлде ишке ашат, аны мезгил көрсөтө жатаар.

Маектеш тууралуу маалымат:

Акын Мая Осмонкулова Талас районундагы Кара-Суу айылында туулган. 1972-жылы КараСуу орто мектебин, 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

“Он үчүнчү ай” (1987-ж.), “Жөн келген жоксуң жигит” (2005-ж.) ырлар жыйнактарынын автору.

Мая Осмонкулова: Акбаранын көз жашы

Бөрүлүгүм ырас, бирок энемин,
Бөөдө кырсык басып дайым келемин.
Айткандары чын болсо эгер канакей,
Адамдардын «аалам чексиз» дегени.

Түрдүү жорук дүркүрөтүп денени,
Жок дегенде аяшпайбы энени.
Күнөөсү жок бөлтүрүктөр эле го,
Көз алдымда өлүп жаткан береги.

Моюн сунбай тагдырыма эгерим,
Моюнкумдан качып келген себебим —
Койну кенен касиеттүү Ысык-Көл,
Колтугуна катып алаар дегемин.

Айбан элем, бирок жырткыч болбогом,
Болгон айбым – тукумумду коргогом.
Айлам куруп ай талаада калаарда,
Адам уулун багайын деп ойлогом.

Ал тилек да ара жолдо таш капты,
Алар неге баланы атты, мени атты?
Адам – Кудай амиринин күчүнөн
Аалам тарып, асман түшүп келатты…

(12-декабрь, 1988-жыл)