Белгилүү кол өнөрчү Гүлмира АКМАТОВА: «Кол өнөрчүнүн товары көркөм чыгармага тете»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Улутубуздун узчулук кол өнөрчүлүгүн өргө чыгарып, эл аралык жарманкелерде Кыргызстанды тааныткан айымдар арбып бара жатканы кубанычтуу көрүнүш. Талыкпай изденүүнү талап кылган ушул креативдүү кесиптин өнүгүшүнө салым кошкондордун көрүнүктүү өкүлү — Гүлмира Акматова. Анын өнөрканасынан чыгарылган товарлар ар жылдары Америка, Германия, Франция, Венгрия, Шотландия, Англия, Швейцария, Түркия, Кытай, Индия, Япония ж.б. мамлекеттерге “Gulmira” бренди менен барып жатат. Гүлмира айымдын Болгария өлкөсүнө сапарга чыгардын алдында кабарчыбызга берген маегин сунуштайбыз.

– Гүлмира Таштанбековна, кол өнөрчүлүк энеден кызга өтүүчү талант, шык экени талашсыз. Кесибиңиз педагог болсо да бул өнөрдү биротоло аркалап калганыңызга кандай жагдай түрткү берди?

– Атам Таштанбек Акматов короо-короо койлорду багып, жайлоого чыккан жылдары чоң энем менен апам шырдак, ала кийиз жасашчу. “Баланча там салып жатыптыр, түкүнчө тууганыбыз кызын узатат экен, тойлоруна даярдап кое берели” – деп, күн мурунтан камылга көрө беришчү. Көп баланы карап, мал багууга байланышкан түмөн-түйшүгүнө карабай убакыт таап, кол өнөрчүлүк менен узанышчу. Апам Азинакан менен кошо жүндү сабап, боёп, кийиз тепкилешип, аны кайра чогуу жуушуп, бардык процесстерине жардам берчүбүз. Ала кийизге оюу салууга кол кабыш кылчумун. Апам сиңдилериме караганда эмнегедир мени кол өнөрчүлүккө көбүрөөк тарткысы келчү. “Элдин кыздары кооз, сонун саймаларды сайып жатыптыр. Сен эмне сайбайсың?”, – деп, намысыма тие бергендиктен сайма сайганды үйрөнүп алгам.

Бир жылдары апамдын бир курбусу мага саймалуу жүз аарчы алып келип берди. “Гүлмира, эми сен муну таберик кылып катып ал. Раматылык апаңдын мага берген белеги болчу”, – деди. Апам ошол жүзаарчыны өспүрүм кезинде сайса да, боёгу боёгуна, жиби жибине куюлушкан көркөм полотного окшошуп, өзгөчө сонун чыгармага айланыптыр… Апам раматылык менин таанымал кол өнөрчү болушумду абдан каалоочу. Мен эс тартып калганда: “Гүкү, сени баланча деген колунан көөрү төгүлгөн кол өнөрчүгө алып барып тааныштырсам болот эле”, – деп калчу. А мен болсом, кыргыз тили жана адабияты боюнча мектепке сабак бергенди жакшы көрүп, ушул кесипти алып чыккам. Жаштык максимализм кимде жок? Ал учурдагы менин алдыдагы максатым – партиялык кызматкерликке жетип, карьера жасоо болчу.

Кеминдик жигит Нурбек экөөбүз баш коштук. Нурбек совет мезгилинде жетекчилик кадрларды даярдаган жогорку партиялык мектепте окуганы Россияга кеткен. Эки балалуу болуп, Кызыл-Суу айылындагы кайнатамдыкында жашап калдык. Кайненем эмнегедир өз бөлмөсүнүн бурчуна чала жасалган шырдакты тоголоктоп коё бергенин байкап калдым. Бир ирет мен:”Апа, көптөн бери бул эмне жыйналбай турат”, – деп өйдө көтөрүп койдум. “Кайненем: “Шырдакты оймочу келинге ойдурайын дедим эле. Чакырсам колу бошобой келбей жатат” , – деди. Мен ага: “Апа, аны мага бериңиз, өзүм эле кыркып, оюп берейин”, – дедим. Кайненем мага ишенкиребей таң калыштуу карап калды. Ал жылдары атам атактуу чабан Таштанбек Акматов Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели болуп, элдин назарында турган учур эле. Ошондуктан күйөөмдүн туугандары мени “даңазалуу инсандын кызы элет жеринин жумушун жасай албайт”, – деп ойлошсо керек.

Көп өтпөй СССР урап, союздук республикалар тарады. Токсонунчу жылдардын башында элде азык-түлүк тартыштыгынан дүкөндөр тамак-ашты карточка менен сатып калды. Буйрук экен, ошентип апамдын “Гүлмирам кол өнөрчү болсо” деген аракетинин, аруу тилегинин ишке ашуусуна кайненем түрткү берип койду. Айылдагы аял дар шырдак, ала кийиздерин мага жасатканы алып келе башташты. Менин кол өнөрчүлүк жөндөмүм тууралуу алыс-жакынга угула берди. Айрымдары “келиниңдин кол акысы үчүн” дешип, азык-түлүк алып келишчү. Мен кайненеме: “Апа, акысыз эле жасап берейин, аялдардын алып келгендерин албай эле коюңузчу”, — дечүмүн. Кайненем болсо: “Алар ак тилеги, жакшы ниети менен берип жатышат. Анын үстүнө жалпы элде каатчылык болуп турганда албайм дегениң туура эмес”, – деп койчу. Кийин ойлосом, асыл апам Азинакан мага кылымдарды карыткан көөнөрбөс улуттук өнөрдү үйрөтүп, туура жолго салып кетиптир. Бүгүнкү күндө прогрессивдүү дүйнө эли экологиялык таза кийимдерди, буюмдарды колдоого алып жатышат. Абалкыдан бери келе жаткан апаларыбыздын уздук өнөрү кыргыз элинин улут болуп сакталып, глобализациянын бороон-чапкынына туруштук берүүсүнө салым кошуусу кажет.

– Кол өнөрчүлүккө жүнүн колдонуучу меринос койлор кескин азайды. Ал эми Акматовдор ушул системаны үзгүлтүккө учуратпай кантип сактап калдыңыздар?

– Токсонунчу жылдары жергебизге Американын “Фермер фермерге” деген программасы келди. Ал программанын максаты — арпаны, жүндү жана сүттү кайра иштетүүнү окутуу, америкалык фермерлердин тажрыйбасын үйрөтүү эле. Айталы, койдун жүнүн чийки зат түрүндө сатып жебербей, кайра иштетип, андан даяр кийим, буюм чыгарып соодалоону өздөштүрүү керек эле. Арпаны дүңүнөн соодалоо жакшы киреше түшүрбөгөн соң, андан пиво чыгарылса туруктуу бизнеске айланат. Ошондой эле сүттүн өзүн сатууга караганда сыр чыгаруу кыйла пайда алып келет”, – деген алгылыктуу программа болчу. Атамдын өзүнүн кой чарбасына ылайыктап, биз жүндү иштетүү багытын тандап алганбыз. Тоң районунун Көк-Сай айылындагы атамдын фермердик чарба базасына жыйырма чакты аялды чакырып, жаңы технология менен жүн иштетүү ыкмалары окутулду. Бул иштерди уюштуруу мага жүктөлдү. Окутулгандардын айрымдары атам менен Америкага барып, ал жактын тажрыйбасын көрүп келишти. Программанын талабы боюнча өз үй-бүлө мүчөлөрүн эмес, башкаларды жумушка тартуу керек эле. Бирок, жакшы тилек менен башталган ишке аялдар олуттуу мамиле жасабай коюшту. Бирөөсү: “Жүндү алып келип, үйүмдү сапырылтып чачып отургум келбейт ”, – десе, айрымдары “Муну мен кесип кыла албайт экемин”, – деп, чыга беришти. Ал жылдары аялдар балдары тууралуу справканы өткөрүп, мамлекеттен жөлөк пул алууга көнүп алган көз караштан арыла элек болушчу. Океандын ары жагынан жүн тыткыч, жип ийригич, токуу станогу сыяктуу жабдуулар алынып келинген. Элеттик жарандарга аз болсо да жумуш ордун түзүп, иш баштоо максатыбыз орундалбай калгандыктан жабдууларды Бишкекке алып келип иштетүүдөн башка чара жок эле. Ушундан кийин “Фермер фермерге” программасы боюнча өтүлгөн сабактар жазылган аялдардын дептерлерин сурап алып, күн-түнү окуп үйрөнө баштадым. Америкадан келген ыктыярчылар мага адегенде ийрилген жүндөн байпак токуп сатууга кеңеш беришти. Алгачкы продукциям болгон жүн байпак дароо 50 долларга сатылып кетти. Ошондон кийин байпактын түрлөрүн, свитерлерди токуй баштадым. Көп өтпөй, кыргыз рыногуна Кытайдын, Ирандын синтетикалык кийимдери келе баштады. Ал жылдары элибиз синтетика менен чылкый жүндөн жасалган кийимдердин айырмасын анча биле элек кези. Арзанына карап чет элдикин сатып ала беришчү. Анын да себеби бар болчу. Фабрикалар кризиске учурап, товар чыгарбай калышты. Элде акча тартыш мезгил эле.

Ошол жылдары “койдун таза жүнүнөн кандай кийим чыгарсам элге бат алынып кетем?” деген ой көкүрөгүмдө жүргөн. Күндөрдүн биринде Ош базарына барып калдым. Топтошкон эл бир нерсеге кезекке туруп жатышыптыр. Жакындап барып карасам, Индиянын өндүрүшүнөн чыгарылган эркектердин моюн орогучу экен. Ушундан кийин мага моюн орогучту койдун жүнүнөн жасоо идеясы келди. Кыргыздар илгери карышкыр, түлкү, илбирс ичиктерди же койдун терисинен сапсагай жүндүү тондорду жасашкан. Кыштын аяз күндөрү жакасын чогултуп, кымтынып алышчу. Ошондуктан илгери моюн орогучка анчалык муктаждык чыкпаса керек деп ойлоп кетем. Моюн орогучтарды жасаганым менен маркетинг жаатында тажрыйбам жок болчу.Тааныш соодагерлерге алып барып, сатып берүүнү өтүнчүмүн. Ары ден соолукка пайдалуу, ары жылуу болгону менен алгачкы товарларымдын дизайни кардарларды өзүнө анчалык тарта алчу эмес. Ошону үчүн өзүмдүн эле туугандарымдын арасынан: “Ушинтип да жасайбы? Муну ким сатып алсын”, – деп, жактырбагандар болду. Ошондой учурда ызаланганымды билдирбей, өз ичимден: “Карап тургула, абалкы апаларыбыздын алаканынын оту, көзүнүн курчу, жүрөгүнүн сүйүүсү менен ишке ашуучу кол өнөрчүлүк өнөрдү дүйнөгө таанытпасам элеби”, – деп зор максат койгон болчумун.

Убакыт учкан куштай өтө берди. Койдун чылкый жүнүнөн жылуу, сапаттуу, көрктүү, ар башка түрлүү моюн орогучтарды, эркектердин, аялдардын баш кийимдерин, пончо, одеял ж.б. жасап сата баштадык. Дизайни жакшы алгачкы моюн орогучтарды базарга алып чыкканыбызда кардарлар буларды кайсы чет мамлекеттен алып келгенибизге кызыгып сурашчу. Мен аларга өзүмдүн чакан өндүрүшүмдөн чыккан атамекендик продукция экенин айтсам, кээ бири: “Ушундай сонун моюн орогучтарды бизде чыгара алышмак беле. Калп айткандан уялсаңар боло”, – деп көзүмө жемелеп кеткендери болду. Андай учурда “эми буларды кантип ишендиришим керек”, деп ойлонуп туруп калчумун. Анткени, жүн чөптөрдүн түрлөрүнөн алынган сапаты сонун накта боёкторго боёлот.

Алдыга койгон максатым мени андан ары чыйралтты, курчутту, өжөрлөнттү. Индиялык бир кызматташ өнөктөшүмдөн өтүнүп, Индиядан “Gulmira” деген бренд менен “Mode in Kyrgyzstan” деп, англисче жаздырып, товардык белгилерди чыгарттырдым. Ушундан кийин өзүбүздүн кардарларга товарларым абдан жага баштады. КРнын Соода өнөр жай палатасы уюштурган жарманкелерге чыкканыбызда кардарлар товарларыбызды сатып алып эле жөн болбой, өздөрүнүн жылуу пикирлерин, сунуштарын айта баштады. 1997-жылы ушундай көргөзмөнүн кичи медалын алдым. Ал эми 2002-2006-жылдары Кыргызстандын жарманкелеринин алтын медалдарына ээ болуп жүрдүм. Бишкекте өткөн жарманкелердин дипломдорун, грамоталарын жыл сайын шаар мэринин колунан алып келе жатам. Өнөрканамда илинген ошол сыйлыктардан кайсы жылы Бишкектин мэри ким болгонун тарых үчүн жаңылбай айтса болот. 2012-жылы Бишкек мэриясынын “Мыкты ишкери” сыйлыгын алдым. Азыркы күндө атамдын кесибин алып, Тоң районунун Көк-Сай айылындагы чарбасын мурастаган бир тууганым Баатырбек баккан меринос койлордун жүнү менин өнөрканама ар дайыма сырье болуп берет. Максатыбыз – ата-энебиздин кесибин улантып, эл аралык деңгээлге таанытуу.

– Чет мамлекеттерде этно стиль менен жасалган улуттук кийимдерге өзгөчө маани беришет эмеспи. Эл аралык жарманкелерден кандай таасир алып жатасыз?

– Ооба, дүйнө мамлекеттеринде улуттук кол өнөрчүлөрдүн ири көргөзмөлөрү дээрлик жыл сайын өткөрүлүп турат. Бүгүнкү күндө Кемин районунун Кызыл-Суу айылындагы өнөрканамда жыйырмага жакын кыз-келин жүндөн жип ийришет. Жиптерди Бишкекке алып келип, товарга айландырабыз. Эл аралык жарманкелерге катышуу бизге арбын тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берип келүүдө. Мисалы, мен Шанхайда өткөн эң ири ЭКСПОго чакан көлөмдө товар алып барып, абдан өкүнүп калгам. Анткени ал май айында өткөрүлгөндүктөн мен: “күн ысып келе жатканда жүндөн жасалган кийимдер көп өтпөйт болушу керек. Ар түрдүү мамлекеттерден барган жарманкенин катышуучуларынан тышкары кытайлар өздөрү да түрдүү товарлары менен атаандаш болушат”, – деп ойлогом. Бирок пончолор, эркектердин, аялдардын баш кийимдери, моюн орогучтар, одеалдар бир эле күндө сатылып кеткен. Биз жарманкелерге товар алып баруудан тышкары, мастер-класстарды өткөрүп келебиз. Кол өнөрчүнүн ар бир товары көркөм чыгармага тете.