Жазыксыз өмүр кечирген балдарга жөлөк бол

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


«Хадича» коомдук кайрымдуулук фондунун алдындагы кризистик борбор турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөр менен балдарга колдоо көрсөтүү багытында ишмердигин жүргүзөт.

Аталган кризистик борбор турмуштук оор жагдайга тушуккан калктын аяр катмарындагылар жана ата-энесиз балдар менен иш алып барууда атайын долбоорлор аркылуу ишмердигин жүргүзөт. Бул багыттагы долбоор 2018-жылдын ноябрында башталып, калктын аяр катмарына социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Кризистик борбор КРнын Өкмөтү тарабынан каржыланат.

3.Акматова

Акыркы мезгилде бул кризистик борбор тарабынан социалдык жактан көрсөтүлгөн жардамдардын жана аларга болгон көңүл бөлүүнүн натыйжасында кыйынчылыкка кабылган жарандар менен балдарда өздөрүн коомдон бөлбөгөн ишеним жаралды. Аны менен катар кризистик борбор мыйзам бузган балдардын социалдык чөйрөдө калыптануусу боюнча ата-энелердин милдеттери, укуктары жана жоопкерчилиги, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн милдеттери, укуктары жана жоопкерчилиги, ата-энелердин укуктары, жаш өспүрүмдөрдүн укуктук сабаттуулугу жана жаман адаттардын таасирлери жана зыяндуулуктары тууралуу социалдыкпедагогикалык жана укуктук кеңеш берет. Аны менен катар камкорчулук жана социалдык жөлөк пул же жардамдарды алуу боюнча да кеп-кеңештер тынымсыз берилип турат.

Турмуштун оор кырдаалына кабылган үйбүлөлөр ысык тамак, азык түлүк жана башка гуманитардык жардамдарды алышты. Булар атанын же эненин мээримине муктаждар, жалгыз бой ата, жалгыз бой эне, эки, үч, төрт балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөр. Алардын арасында ата-энеси тирүү туруп чоң ата, чоң энелеринин камкордугунда калган, ошондой эле апасы дайынсыз болуп кеткен балдар бар. Бул көйгөйдү чечүү жана жеңилдетүүнүн жолдорун табуу максатында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин орун басары Гүлбүбү Шаршенбек кызы, Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.О.Төлөнгүтова, Тоң райондук балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо боюнча мекеменин жетекчиси А.Кошубаев жана жаш өспүрүмдөр инспекциясынын кызматкерлери менен атайын жолугушуулар уюштурулган.

Мындай үй-бүлөлөр жана балдар бүгүнкү күндө өтө олуттуу жана актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Кризистик борбор тарабынан 6 айыл өкмөттөн Тоң, Кажы-Сай, Күн-Чыгыш, Б.Мамбетов, Ак-Терек, Улахол айыл өкмөттөрүндөгү оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр менен мыйзам бузган балдардын так саны аныкталып, алардын жашоошарты менен таанышуу максатында үймө-үй кыдыруулар жүргүзүлгөн.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү милициянын майору К.Акынбаева, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын лейтенанты С.Байтуров жана КажыСай айыл аймагынын тилкелик тескөөчүсү У.Дүйшеналиев мыйзам бузган балдар менен иштөөдө өзгөчөлөнө алышты.

эмгек жамааты

Долбоордун алкагында турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга жана ошондой эле социалдык педагогдорго жана социалдык кызматкерлерге «Турмуштун оор кырдаалына кабылган, атаэнелер менен балдардын жүрүм-турумдарын психологиялык жактан коштоп жүрүү», «Мен өзүмдүн жүрүм-турумума өзүм жооптуумун», «Ата-эненин эффективдүүлүгү», «Физикалык коопсуздук», «Чылым чегүүнүн, спирттик ичимдиктердин жана наркотикалык заттардын зыяндуулугу» ж.б. деген сыяктуу темаларда атайы психологиялык тренингдер өткөрүлүп турат. Тренингдердин жүрүшүндө психологиялык тесттер жана анкеталар алынып, алардын таасирлениши үчүн ар кандай психологиялык оюндар ойнотулат.

Үстүбүздөгү жылдын август айында “Хадича” кризистик борбору ден соолукту чыңдоочу 3 күндүк эс алууну уюштуруп, балдар Ысык-Көлгө түшүштү. Мындан сырт кары балдардын китеп окууга кызыгуусун арттыруу багытында Кажы-Сай айыл аймагындагы Ш.Ачикеев атындагы китепканага барышып, китеп окуунун таасири жөнүндө түшүнүк алышты. Китепкананын башчысы М.Дылдаева китепкана тууралуу балдарга маалымат берип, китеп окууга үндөдү. Ал эми Ю.Шыгаев атындагы көркөм искусство музейинен балдар белгилүү сүрөтчү, скульпторлордун чыгармачылыктары менен таанышып, эргүү алышты. Ю.Шыгаев атындагы музейдин кызматкери Рыскүл Асанова музей тууралуу кеңири маалымат берип, ар бир сүрөт кандай мааниге ээ экенин түшүндүрдү. Балдардын эс алуусу психологиялык тренингдер, интеллектуалдык (конструктор чогултуу) жана спорт (футбол, волейбол) оюндары менен коштолду.

балдар эс алууда

«Хадича» коомдук кайрымдуулук фондунун алдындагы кризистик борбордун директору Күлүшкан АКМАТОВА: “Балдарды багып алгандар өзгө өздөй, жатка жаттай мамиле жасашат”

– 1990-жылы кыргыздар менен тажиктердин ортосунда кагылышуу болуп, Тажикстандагы кыргыздардын ата-энесиз калган балдарын Кыргызстанга жөнөткөн. Ошол учурда министрликти жетектеп турган Айгүл Рыскулова ушундай кризистик борбор ачуу зарылдыгы бар экендигин айтып, Кажы-Сай айылында кремний чыккан завод, шахта жабылгандан кийин орустар көчүп кетип бала-бакча, мектептин ээн калган имараттарын 49 жылга берели деп чечишкен.

Ошондо этникалык кыргыздардын балдары бизге келген. Ал балдарды бизге эле эмес Беловодскийге, Озерныйга жайгаштырышты. Алардын кээ бирлери томолой жетим болсо, кээ бирлеринин энеси же атасы жок экен. Бул кризистик борборду ачкан жылдарда абдан түйшүк тарткам. Мына учурда ошол балдар-кыздардын асты 29 жашка чыгып, үйлүү жайлуу болуп, өзүнчө үй-бүлө күтүштү. Биз алардын баарын мектепке окуттук, кийин кесиптик окуу жайлардан билимин улантышты. Алардын жетилиши көз алдымда болгондон кийин өз балдарымдай көрүп азыркы мезгилде да сүйлөшүп турам. Көпчүлүгүн өзүм жетелеп жүрүп жумушка орноштурдум. Алардын көпчүлүгү ашпозчу, наабайчы, ал эми кыздар чач тарач, маникюр жана тойканаларда кызмат көрсөтүү багытында иштешет. Бул балдар-кыздар жайында Ысык-Көлгө келип, эс алып кетишет. Баары өзүмдүн балдарымдай эле болуп калган. Азыркы мезгилде да кайсы маселе менен кайрылбайын кубаныч менен тосуп алып, жардамдарын аяшпайт.

Ошентип биздин кризистик борбор алгач Тажикстандан келген ата-энесиз балдар үчүн ачылган, кийин Тоң районунан балдар келе баштады. Жетим болбойт деп айткан бекер сөз, мына азыркы учурда деле бизге келип жаткан ата-энесиз балдар-кыздар бар. Баланын атасы каза болуп, же ажырашып, кайрадан алар турмуш курушканда, балдарын ата-энесине калтырып койгон учурлар көп кездешет. Жетим балдарды башка үй-бүлөлөрдүн багып алып жатканын көрүп, аларга карата жасалган мамиледен улам зээним кейийт. Багып алгандар балага төлөнө турган 6 миң сомго, үй алууга кызыккандар. Алар өз балдарын аяп жумшабастан, багып алган балдарды үй тиричилигинде болобу, чарбачылыгында болобу, жанын тындырбай жумушка салып коюшат, бардык тараптан кемсинтишет. Аларга карата мындай мамиленин жасалып жатканын көрүп жатам. Раззаков деле интернаттан чоңойгон. Интернатта балдарга тамак ашынан тартып, кийим кечесине чейин бирдей мамиле жасалат. Менимче атаэнесиз балдар жеке колдо эмес, Өкмөттүн көз алдында билим алганы, тарбияланганы жакшы. Жетим балдарды багып алган чанда гана үй-бүлөлөр аларга өз балдарындай карабаса, көпчүлүгү өзгө өздөй, жатка жаттай мамиле жасашат. Себеби башынан өтпөгөн адам жетимдин кадырына жете албайт…