Назира КАДЫЕВА: «Маселени ачыктаганга келгенде көшөгөнүн артында кала бергенди жактырабыз»

“Ачыгын айтканда” телепрограммасынын автору, алып баруучусу Назира Кадыева менен маек.

– Назира, программаны эфирге алып чыгууда канча убакыт талап кылынат?

– Сөзсүз көрсөтүүгө темаларды алдынала аныктап алабыз. Анын негизинде толук бир жума убакыт изденип иштөөгө туура келет. Көрөрмандарга кызыктуу болуш үчүн командабыз менен биргеликте ар тараптуу, толук кандуу жана маңыздуу болушу керектигин эске алып, тынбай эмгектенүүгө аракет кылабыз.

– Аудитория тараптан да сунуштар, кайрылуулар келип турабы?

– “Ачыгын айтканда” социалдык теледолбоору бир беткей эмес, эки тараптуу, объективдүү багытты карманганы үчүн жана темага тийиштүү атайын эскперттер чакырылып, жандуу жана маңыздуу талкуулар орун алгандыгы үчүн көрөрмандардан сунуш-пикирлер, кайрылуулар келип турат.

Ар кандай маселелерин ар тараптуу чечүү үчүн программага киргизүү өтүнүчү менен кайрылган жарандар да кездешет. Андай убакта биз кайрылган адамдардын маселесинин күңгөй-тескей тарабын карап чыгып, талкуулап, кеңешип, натыйжада эки жактын тең үнүн көрсөтүп беребиз. Бардыгына көрөрмандар өздөрү күбө болуп, калыс жыйынтык чыгара алат.

– Бирок, бизде кандай маселе болсо да, чындыкты таамай билдирүү, оюн ачык айтуу кыйын го?

– Кыргыз коомчулугунда көбүнчө көп маселени ачыктаганга келгенде көшөгөнүн артында кала бергенди жактырат. Ачык айтканга даяр эмеспиз. Экинчи жагынан, орусиялык же башка чет өлкөлүк телеканалдардын ишмердүүлүгүнө жетүү алда канча кыйыныраак. Ал жакта программа даярдоодо, кайсы бир маселени берүүдө ойду толук кандуу кылып, төгөрөгүн төп келтирип элге жеткирүү башкы орунда турат. Ошондой эле көрсөтүүгө катышкан эксперттерге тиешелүү өлчөмдө акча төлөнөт.

Менимче, акырындык менен кыргыз телеканалдары да сапаттуу көрсөтүүлөрдү даярдоого жетишет деп ойлойм. Анткени, өз ишин чоң берилгендик менен аткарган кесипкөй адистер бизде бар. Аларга мүмкүнчүлүк түзүлсө, эң сонун теледолбоолор иш жүзүнө ашмак…

Адели БЕРДИБАЕВА