Саудия ханзаадасы Хашоггинин өлүмү үчүн жоопкерчилиги бар экенин билдирди

Сүрөт: Ханзаада Мухаммад бин Салман менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун жолугушуусу

Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Стамбулда саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмү үчүн анын да жоопкерчилиги бар экенин билдирди.

Ханзаада америкалык PBS телеканалынын журналисти Мартин Смитке берген интервьюсунда ал бул окуяны болтурбай, көзөмөлдөшү керек болгонун айтты. Анын бул маеги эфирге 1-октябрда чыгат.

Ханзаада журналистти өлтүргөндөр падышалык үй-бүлөнүн жеңил учактары менен Эр-Рияд жана Стамбул шаарларынын ортосунда учуп жүргөн деген маалыматтар боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, «аткаминерлер менен министрлер падышалык үй-бүлөнүн учактары менен колдонууга укуктуу».

Жамал Хашогги былтыр октябрда Суад Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн. Анын сөөгү дале болсо табыла элек. Журналист элчиликтин кабылдамасына кирген бойдон чыккан эмес. Бир нече жумадан кийин саудия бийлиги Хашогги дипломатиялык өкүлчүлүк имаратында өлгөнүн ырастаган. Анда журналист консулдук кызматкерлери менен уруша кетип, кокустан каза болгону айтылган.

Бирок Түркиянын атайын кызматы Хашогги атайлап өлтүрүлгөн деп эсептейт. Буга чейин АКШнын Сенаты дагы журналисттин өлүмүнө саудия ханзаадасын айыптаган. Бирок президент Дональд Трамп мындай пикир менен макул эмес экенин айткан.