Тагдыр: Эки аял

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жашы али отузга толуп-толо элек, бирок канчадан бери жуумак түгүл тарак тийбей, жедеп түйдөк болуп калган чачын ак басып, арак менен ысык-суукка өңү каракөк тартып, эриндери кеберсиген жап-жаш келин таң атпай дүкөнгө баш бакты.

Көздөрүн жалдыратып, жалооруй кирип келаткан келинди көрүп эле дүкөнчү: “Дагы келатасыңбы?! Көзүмө көрүнбөй жоголчу!..” – дегендей эриндерин кымтылана кыжыры келип, акшыя карады. Аны түшүнө койгон келин ансайын жалдырай тиктеп, ошол келаткан жеринде токтоп калды да, ооз учунан акырын айтты:

– Жүз эле? …

– Жогол!!! – ансыз да алда неге туталанып отурган аял анын андан аркы сөзүн айттырбай түшүнүп, ого бетер итатайы тутула энтигип кетти:

– Жогол деп атам-м!!!

– Суранам, эжеке?! – үмүтүн үзгүсү келбегендей эми келиндин үнү жанагыдан бийигирээк, анан ый аралаш чыкты.

– Ооба, сенин суранганыңа эле бияктагылар зарлап, муктаж болуп жатат дейт! Таң атпай келип алып нервди бузбай чыкчы. Жок дегенде бир-эки соо киши киргенден кийин кирбейт белең! Жамандыктын белгисиндей болбой!

Кептин чоо жайын түшүнгөн келин: “Бир-эки киши кире калса экен” дегендей артына кылчактап, айнектин тушунан ары-бери өткөндөргө карады.

– Бар, чыга тур!

Экөө бири-бирин түшүнгөндөй болушту.

Келин сыртка чыгып, бирок так эшиктин түбүнө эки тизесин кучактап отуруп алды.

– Болду, ушуну ичем да, экинчи ичпейм! – деди ал өзүнө-өзү. – Ушул жүз грамм арак үчүн ушинтип!..

Чыны менен эле ызаланды, өпкөөпкөсүнө батпай, эки ийнин солкулдата, ары-бери өткөндөрдөн жазганбайэтпей эле көкүрөгүн тиреп, тээп турган көптөн берки бугун төгүп, анын үстүнө аракка болгон табити жанын сууруп алчудай кыйнап, букулдап ыйлады.

Дүкөнчү аялга анын так эшиктин алдында отурганы жаккан жок. Бирок, жакшы эле тилдейин деп эшикти “шарак” ачып чыккан менен абалкыдай болбой, тигинин соо адамдай “солксолк” этип ыйлап отурганын көрүп, эмнегедир жумшарды. Түтпөй кетти. “Анан ушунуку жакшыбы?” – оюнда ушинтти. Башында аласасы барчылап эле догурунуп атып ичип кетчү. Жакшы эле бербейин дейт эле, бирок, өкүрүп-бакырып ыйлап, турган ордунан чалкасынан, көмкөрөсүнөн кулап, жер тырмалап, озондоп жиберчү.

– Апей, бечераны мынча эмне кыйнадыңыз? – дейт бир жолу дайыма соода кылуучу жакшынакай жигит. – Жакыныңыз чыгаар?

– Каяктагы жакын?! Кайнасам каным кошулбайт!

Ошондон кийин чындап эле элден уялчу болгон. Бир күнү анан милицияга салып берген муну. Бирок көпкө чейин жүрөгү ооруп жүрбөдүбү. Ошондон бери келбей жүрүп пайда болуп атканы бүгүн!

– Эмне ыйлайсың? – аягандай унчукту аял.

Тигил келин анын жумшак мамилесине ишенген жок. Бирок ыйын токтотуп, тизесин кучактаган боюнча кыймылсыз отурду да, аздан соң акырын башын көтөрдү.

Аялдардын бири аяп, экинчиси ошого эреркей карады.

– Тур! – деди дүкөнчү аял жумшак. Атүгүл, колун сунду.

Келин шашып калды. Шашкалактап узаткан колун, дүкөнчүнүн апакай колдоруна тиерде кайра тартып алып, каякка катаарын билбегендей кайпактай түштү.

Көптөн бери уяла элек болчу… Анын эмнеге анткенин түшүнгөн дүкөнчү:

– Жүрү, – деди да, ичкери кирип кетти. “Шып” кирип барчудай обдула түшкөн келин эмнегедир кайра токтоп калды.

Кимдир бирөөнү күткөндөй эки жагын карады. Аңгыча баласын жетелеген жаш жигит жубайы менен аларды көздөй бурулду.

Ооба, туура эле дүкөнгө келатышат! Сүйүнүп кетти! Атүгүл, эки-үч аттап дүкөндүн аркы бурчуна далдаланып да калды. Анткен менен айнектен аларды карап турду. Ардеме-бирдемелерди алып жатышат. Аңгыча алардын уулу келинди байкай коюп, элейип тиктеп калды! Көздөрү эң эле башкача, баёо, капкара экен десең!

Келиндин эсине бир нерсе түшүп, энелик сезими “селт” этип кетти. Жүрөгү дүкүлдөп “бат-бат” сокту! Деми кысылып, көздөрү караңгылай түштү. “Бар эмес беле?!” Оюна, ооз учуна келген биринчи эле сөзү ушул болду. «Балам!!! Менин да ушундай балам бар эмес беле?!» Адегенде ушундай күйөөсү дагы бар болчу!.. Атүгүл, өзү тигил келинден да кыйла чырайлуу болчу.

Бул керек болсо Кыргызстандагы эң даражалуу окуу жайлардын бирине өз күчү менен өткөн. Акысыз окучу. Анан?!. Анан эмне болду эле?! Ооба, сүйүүгө жолуккан. Чын жүрөгүнөн, акылынан адаша жигит сүйгөн! Баары ошондон башталбады беле!…

Аңгыча ичтен айнек кагылды. Дүкөнчү аял колун жаңсай өзүнө чакырды.

– Эмне туруп калдың? – ал киргенде дүкөнчү бир эсе таң калгандай, бир эсе эмнегедир ыраазы болгондой жайдары сурады.

– Клиенттер кеткенде кирейин деп…

– Кел… – аял стаканга шылдыратып арак куя баштады. Демейде келин бирөө-жарым озунуп илип кетчүдөй жанталашып, куюп бүтө электе эле колдорун калчылдатып баса калчу. Антмек түгүл, тескерисинче, ага азыр дүкөнчү аял зордоп ичирчүдөй көңүлү айнып, бети-башын бырыштырып алды.

Дүкөнчү арагын сунган боюнча бет алдында мелтейген келинге ишенбегендей да, таң калгандай да суроолуу тигилди.

– Биякка келчи, – деди анан дүкөндүн аркы башындагы өзү чай ичип, түнү жатчу бөлмөнү көздөй чакырып. Көөдөнүндөгү көлкүлдөп келген тааныш да, көптөн бери унутуп калган тааныш эмес да бир сезимди келин жоготуп алгандан коркуп, эмнегедир азыр өзүн аял сезип, ошону жок дегенде ушул аялдын көкүрөк-көңүлүнө көчүрүп айтып бергиси келип аткан.

– Атың ким? – маңдай тескей отурушкан соң ушинтип сурады дүкөнчү.

– Зирек …

– Жакшы ат…- мындай атты дүкөнчү аял башта да уккан. Бирок, анда минтип айткан эмес.

– А менин атым Айгүл. Айя эже десең деле болот.

Башын ийкегиледи келин.

– Зирек, өткөндөгү үчүн кечир?- муну чын дилинен айтты аял. – Ачууга алдырдым. Сеники да туура эмес да анан. Мен деле эптеп оокат кылайын деп жүрөм да. Кирген-чыккан адамды ирээнжитип койсок, экинчи келбей койбойбу! Анын үстүнө бир эле убакта күйөөмдөн да, жалгыз уулумдан да айрылып, кээде өзүмө-өзүм батпай кетмейим бар. Аларга эстелик тургузушум керек, түшүнүп атасыңбы мени?.. Өх-х!.. Мына, көрдүңбү, сени сурабай өз арманымды айта баштадым. Эми сен өзүң жөнүндө айтчы? Бир карасам, чыны менен эле атыңа окшош башкача келинсиң?

Келиндин көзүнөн жаш мончоктоп, бир нерсе жетишпей жаткандай кайпактап кетти.

– Ичесиңби?.. – бирок аял анын “ичпейм!” дегенин уккусу келгендей сурады дүкөнчү.

Зирек буйдала калды. Бирок, аялдын ындыны өчө түшкөнүн байкай, башын чайкап ийди:

– Ичпейм!

– Азамат! – аял күлүмсүрөдү. – Ошент, айланайын.

– Экөөбүз окшош экенбиз эже,- унчукпай отуруп бир убакта ушинтти келин. – Сизди көргүм келип тартыла берер элем. Көрсө, тагдырыбыз бирдей экен…

Аял суроолуу карады.

– Билесизби, мен кичинемден жетим өскөм. Тууган-туушкандарымдын колунда, кимиси жылуу сөз айтып, чекемден сыласа, ошонукунда жүрүп бой жеттим. Кудай колдоп жакшы окудум. Атүгүл, өз күчүм менен университетке өттүм. Анан, жигит сүйдүм… — алда нени эстегендей ууртунан күлүмсүрөй көздөрүн жумду келин. – Ал да мени сүйдү. Бири-бирибиздин жаныбызда ушунчалык бактылуу элек… Бул жашоо мага ошол жигит бар үчүн гана кызык болчу. Анан кайсы бир бактылуу… жок, каргашалуу бир күнү экөөбүз бир адам болуп алдык. Ошондон көп өтпөй эле ал менин колумду сурады! Бул мен үчүн чексиз бакыт эле! Сүйгөн адамым менен үйбүлө куруу, эне болуу – мага эч нерсеге алмашкыс бакыт эле! Мен өмүр бою ата-энелүү балдарга суктанып өмүр сүргөм! Эрди-катын болуп жашагандарга карап умсунат элем! Өз ата-энемдин сүрөтүн эле көрбөсөм, эч элестете албайм.

Бир күнү анан мен ага кош бойлуу экенимди айттым. Сүйүнгөнүн сураба, а бирок, ошондон көп узабай эле ал мага суук кабар угузду. Ата-энеси, айрыкча апасы: “Аныңдын атын да угузба! Тарбиясыз жетим, болгондо да эрге тие элек жатып этегинен бузулган неменин кереги жок!” – дептир!

Айя эже эмнегедир “селт” деп кетти.

– Ошондон кийин ал жигит менден алыстай баштады… Төрөдүм… Келген жок. Бирок, төрөт үйүнө баламды таштабадым.

– Зирек, жигитиңдин аты ким эле?.. – эмнегедир Айя эженин муун-жүнү калчылдай, үнү “дир-дир” эте сурады.

– Анын атын атагым да келбейт, эже!

– А балаң кайда?

– Баламды балдар үйүнө таштадым!.. Ошентип, эки адамдан – боор этим менен тең баламдан, анын атасынан тирүүлөй айрылып, жүрөгүмдүн күйүтүн, өзөгүмдүн өртүн өчүрүш үчүн иччү болдум. Акыры ушундай болду…

Башын артка жөлөй, көздөрүн жума көөдөнү үшкүрүккө толуп кеткендей узакка улутунду келин. – Зирек, эжеңди кыйнабай айтчы, айланайын. Ал жигит өзү кайда азыр?!.

Зирек аялга чыны менен эле таң кала карады. Демейде таш мылтыктай болуп мелтейген аялдын каректеринде эмнегедир жаш каканактап, төгүлүп-төгүлө албай турду. Эриндери дирилдеп, азыр-азыр Зиректи кучактап жыгылчудай тиктеп туруптур. “Эмнеге?” – таң калды Зирек. Анан көкүрөгүнө колун сойлотуп сүрөт алып чыкты. Ал Бекзат экөөнүн бактылуу бир ирмемин жоготпой, ушинтип катып жүрчү…

– Мына… – сүрөттү Айя эжеге сунду.

Кызык, Айя эженин сүрөт кармаган колдору “калч-калч” этип, бирде сүрөттү, бирде Зиректи карап, же күйүнгөнү же сүйүнгөнү белгисиз:

– Уулум, – деди. – Бекзатым!..

Зирек аялды нес боло тиктеп калды.

Ал Бекзатты эми чындап эле эч качан көрбөй турганын, дүкөнчү аял экөөнү чындап эле бир күйүт бириктирип турганын сезди.

Эриндери диртилдей түштү.

Демейден Зиректин кейпинен көңүлү айнычу дүкөнчү аял эми аны кучактап калды:

– Бекзатым?!.

Тээ бир убакта сооронуп, Зиректин көзүнө үңүлдү:

– Кызым, мени кечир? – аял Зиректин салаалап аккан көз жашын алаканы менен арчыды. – Ыйлаба, тур, небереме баралы!