Президенттин иш күндөлүгү: Ысык-Көл облусуна иш сапар

Таза суу – чың ден соолук

26-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылын суу өткөрүү системасы менен камсыздоочу суу топтоочу жайдын курулушуна капсула салды.

Анда С.Жээнбеков өлкө аймактарында калкты таза суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугун белгиледи. Анын айтымында, бул көйгөй алыскы аймактардын жашоочуларына ыңгайсыздык жана кыйынчылыкты жаратууда, алардын саламаттыгына зыян келтирилүүдө. Ошондон улам, Мамлекет башчы аталган маселени чечүү анын президенттик ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

Президент жергиликтүү тургундар менен пикир алышууда өлкө боюнча таза суу көйгөйү курч экенин белгиледи. Анын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер учурунда шайлоо алдындагы убадалардын бири калкты таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү болгонун эске салды. Ал 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилерин белгиледи.

Бардык багыттарда иш жүрүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушууда президенттик кызматында аткарып жаткан жана өзгөчө көңүл бурулуп жаткан мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди.

Ал аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, экологиялык таза продукцияны экспорттоо, өлкөнү санариптештирүү, ирригация жана таза суу менен камсыздоо улуттук долбоорлору, арзан турак жай менен камсыздоо, жол жана социалдык инфраструктураларды куруу, энергетикалык долбоорлор, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, соттук-укуктук реформалар, коррупцияга каршы күрөш, куралдуу күчтөрдүн кубатын арттыруу, тышкы саясатта аткарылып жаткан иштерге кенен токтолду.

Мындан тышкары өлкө боюнча санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан «Түндүк» электрондук системасы, «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Электрондук нотариат» долбоору, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору, Digital CASA долбоору тууралуу айтып берди.

БДЭнин акча каражаттарына аймактардагы авариялык мектептер оңдолот

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп (БДЭ) ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 7, Ош шаарында 1 — жалпысынан 15 мектепке кошумча корпустарды куруу иштери башталганын эске салды.

Мамлекет башчы эске салгандай, республика боюнча бардыгы болуп 198 мектеп авариялык абалда. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24, Жети-Өгүз районунда 4 мектеп бар. Быйыл республика боюнча 6 авариялык мектепте курулуш иштери башталат, октябрь айында ЖетиӨгүз районунун Дархан айылына мектеп курула баштайт. Ысык-Көл облусунун калган 18 авариялык мектептеринде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.

Ирригация илгерилөөгө өбөлгө

Президент С.Жээнбеков ирригация системасын жакшыртуу анын жеке көзөмөлүндө экенин өзгөчө белгиледи. Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектилердин ичинен 2024-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 31 объект аныкталган. Бүгүнкү күндө 2 ирригациялык объектиде жумуштар бүткөрүлүп, 14дө реконструкция жана курулуш иштери жүрүп жатат.

46 ирригациялык объектинин курулушу жыйынтыкталышы менен өлкө боюнча 65 миң гектар жаңы сугат жерлер пайда болот, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырат жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөт. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

«Бир айыл – бир продуктыны» – жалпы өлкөгө

Президент жумушчу сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылындагы “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун ишмердиги менен таанышты.

“Биз кайра иштетүү ишканаларын куруу ниети жана тиешелүү долбоорлору бар айыл ишкерлерине өзгөчө көңүл буруудабыз. Бардык каржылык, насыялык, бюджеттик саясатты дагы аймактарга бурдук. Биздин өлкөдө аймакты көтөргүсү келген адамдар көп, аларга колдоо керек. Ошону колго алып жатабыз”, — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырыла баштаган «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашырууга техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Япон эл аралык кызматташтык агенттигине (JIKA) ыраазычылыгын билдирди.