«Эркин Тоо» гезитинин алгачкы сандары китеп болуп чыгат

Даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Быйыл 95 жылдыгы белгиленип жаткан “Эркин-Тоо” («Кыргыз Туусу») гезитинин алгачкы сандары арап тамгасынан, бүгүнкү биз колдонуп жаткан кириллицага транскрипция жасалышы маданиятыбыздагы орчундуу окуялардын бири деп айтсак жаңылышпайбыз. Аны Түркология илиминин PhD доктору Гүлзада Нармаматова жүзөгө ашырган. Аныгында бул ой жеткен менен кол жетпей келген маселе болчу. Буга чейин “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы сандарында жарыяланган макалалар, айрым иликтөөчүлөр тарабынан арап тамгасынан үзүл-кесил которулуп келген болсо, эми “Эркин Тоо” (1924-1927)” деген аталышта өзүнчө китеп болуп чыгып, колубузга тийүү алдында турат. “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясы эбегейсиз эмгеги үчүн Гүлзада Нармаматовага чоң ыраазычылык билдирүү менен ал транскрипциялаган “Эркин Тоонун” алгачкы сандарында жарыяланган макалаларды мындан ары сандан-санга басып турмакчы. Кошумчалай кетүүчү нерсе гезиттин тили ошол кезде кандай болсо, дал ошондой бердик. Мунун өзү бүгүнкү биз колдонгон адабий тилибиздин калыптануусу узак жолду басып өткөндүгүнүн дагы бир далили.

Кыргыз калкынын кедей кембагал батрак кызматчы азаматтарына

(Ред: “Эркин Тоонун” туңгуч баш макаласы)

Ар бир мамлекеттин же маданийатка жакындаб кадам басыб келе жаткан улуттун өз алдынча басма сөзү йаки*1 кезити болот.

Ар бир кезиттин калыкты тарбийа үндөө жолунда түбөлүктүү туткан негизги сайасий багыты, максаты болуу керек.

«Эркин-Тоо» кезитинин түбөлүктүү ээлеген максаты: калың кыргыз калкынын анын ичинде кедей кембагал шордууларын көзүн ачыб сайасий агым менен тааныштырыб тарбийаламак. «Эркин Тоо» кыргыз афтономийалуу багалчагы катпаган жаш мамлекетинин чечен тили, кара ташты как жарган курч болоту болуб караб жаткан кыргыз элин аралаб каптаб жаткан караңгылык билимсизди өнөрсүздүк дүйнөсүн жер жүзүнөн жок кыла турган куралы болмок.

«Эркин Тоо» кара кылды как жарган адал, чын сүйлөгүч Кеңештер өкүмөтү коммунист партиясынын пикирин, максатын бей-бечерага жайа турган кыргыз афтономиялуу өкмөтүнүн тили болмок. Кедей кембагалдар өзүнүн ким экендигин сайасий билим өнөр жагынан жетишбеген жерлерин барыб «Эркин Тоодон» табат.

«Эркин Тоо» кезити өз өкүмөтүнүн кедей кембагалдарынын турмуш тиричилигин чарубасын жөндөө жолундагы чыгарган заң закүн мыйзамдарын Ала Тоонун арасында жаткан айыл-кыштактарга жеткизиб туруучу чабарманы. Аларга чарбачылык кооператив иштери сыйактуу кедейлер үчүн керектүү масалаларды жазыб, жол жобосун үйрөтүб көргөзүб турууну мойнуна алат. «Эркин Тоодо» сайасый масалалардын агымы, айалдар жайы, партийа турмушу, айыл чарбачылыгы, окуу окутуу жолдоруна кеңири орун берилиб, калың кыргыз кедейлерин батырактарын агартууга кам кылат.

Башкарма (Ред: гезиттин редактору)

Түрколог Гүлзада НАРМАМАТОВА: «Эркин-Тоо» гезити жөнүндө”

Кыргыз тарыхында эң алгачкы кыргыз тилиндеги басылма болгон «Эркин-Тоо» 1924-жылы 7-ноябрда арап тамгасында азыркы Өзбекстандын Ташкент шаарында басылып чыга баштаган. «Эркин-Тоо» гезитинин басылып чыгышына себепкер болгон көрүнүктүү кыргыз айдыңдарынын бири Ишенаалы Арабаев гезиттин алгачкы санында гезиттин аты тууралуу макала жазган.

«Эркин-Тоо» гезитинде Осмонкул Алиев, Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Сыдык Карачев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Шарип Көкөнов, Т. Осмон келини, Орозбек уулу, Эсенаман уулу, Касым уулу, Ыбырайым уулу, Жантеке уулу, И.Жээнбай уулу, Орунбек, Жуманаалы уулу, Б.Насыр уулу сыяктуу бүгүнкү күнгө чейин аттары аталып да, аталбай да келген кыргыз айдыңдары иштешкен. Алардын кыргыз эли үчүн жасаган опол тоодой эмгегинин жемиши, элдин сабатсыздыгын жоюга кошкон салымы ушул гезит аркылуу ишке ашкан десек жаңылышпайбыз.

Гезит бетиндеги көпчүлүк жерлерде өз аты-жөнүн так жазбай лакап аттары же болбосо өз атынын жана атасынын атынын баш тамгалары берилген. Бул жерде улуттук, патриоттук маанайдагы макалаларды жазууда айрымдар өз аттарын атоодон баш тартышканын баамдоого болот. Саясий куугунтукка каршы этият мамиле жасагандыгына карабастан кыргыз айдыңдары 1937-38 жылдары Сталиндик репрессияга кабылып, атылып кеткен. Алардын арасында тирүү калган Сыдык Карачев болсо өмүрү өткөнчө улутчул катары айыпталып, сүргүндө жүргөн.

1925-жылдын жаз айларынан баштап «Эркин-Тоо» гезити Фрунзеде басылып чыга баштайт. Албетте алгачкы басма сөз каражаты болгон бул гезит кыргыз элинин билим алуусунда, дүйнө таанымынын кеңейүүсүндө өзгөчө роль ойногондугу белгилүү. 1926-жылы Баку шаарындагы алгачкы Түркологдордун конгресси болуп өтөт. Аталган конгрессте алфавитти өзгөртүү б.а. арап алфавитинен латын алфавитине өтүү тууралуу чечим кабыл алынат. Ошентип, 1927-жылдан баштап «Эркин-Тоо» гезити Касым Тыныстановдун редакторлугу астында латын тилинде чыга баштайт. Ошол мезгилдеги кээ бир саясий жана экономикалык маселелерден улам гезиттин латын алфавитине толук бойдон өтүүсү 1930-жылдарда гана ишке ашкан. Бул учурда «Эркин-Тоо» гезити «Кызыл Кыргызстан» деп атала баштаган болчу.

Советтер Союзунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүп-өсүүсү жогорку темпте болгон. Бирок союздун курамындагы мамлекеттердин ар кандай тамгаларды колдонуусу бир топ дипломатиялык, экономикалык жана маданий өнүгүүлөргө тоскоол болгон. Ошол себептүү кыргыз калкынын да кириллицага өтүүсү тууралуу 1939-жылы буйрук чыккан. Буга байланыштуу «Эркин-Тоо» гезити да 1939-жылдан баштап «Советтик Кыргызстан» аталышы менен кирилл алфавитинде басыла баштаган. Ал эми Кыргызстан эгемендүү болгондон кийин гезит «Кыргыз Туусу» аты менен басылып чыга баштаган. «Эркин-Тоо» азыркы учурга дейре «Кыргыз Туусу» аты менен чыгып турган мамлекеттик басылма болуп саналат.

(Автордун стили сакталды).

Эшенаалы АРАБАЕВ: “Кыргыз калкы”

Канча жүз жылдардан бери калк катарына киралбай асман айыргыз жер катуу болуб, жалгыз сыйынганы кара кылаары «тоо» болуб, жайыкка чыкса жан жагындагы күчтүү улуттар канын суудай агызыб, эркеги кул, хатыны тул болуб келгени ар кимге анык белгилүү.

Ошол көргөн зордук-зомбулуктардын аркасында али күнкү маданияттан ыраак калыб, бытыраб ана ушул учу-кыйры жок башы асманга жеткен аркайган тоолордун арасына кириб баш калкалап, эркин өсүб ээн*2 сүйлөб келген. Ата-теги тизилген берметтей болгон кыркаар тартыб катарлашкан калың тоолордун арасында аркар-кулжа, эчки-текелер менен бирге даң салыб, чөптүн гүлүн, жыгачтын бүрүн, суунун тунугун, жаратылыш сыйлыгын кучкан кыргыз калкы сен элең. Ушул …(окулбайт) дегидей өсүб, далагай тартыб, бириң адырда, бириң шабырда, кайсың тоодо, кай бирөөң зоодо болуб тоңдоосун өсүб, тойос сүйлөб же бир абдан чоң кысымчылыкта баш койбосоң же болбосо бир аша-шаттыкта баш болуб бири-бириң менен аша үндөшө албай келген эл элең.

Кыздын ойуну болгондо боз балдар эң мурун ошол эркин тоодон баштаб ырдаб кыз ……эле*3.

Эркин, эркин, эркин тоо,
Эркин тоого мен чыксам,
Эл карааны көрүнбөйт…

Мындан башка эң жакшы экен деп макталган ырлардын баарында эркиндик тоо жөнүнөн келет…

Эркиндикти сүйүү, эркинен*4 айрылганда колдо бар күчүн жыйнаб, аны кайтарыб алууга тырышуу, эркиндикке чыгуу үчүн эң азиз болгон жанын аябай ошонун жолунда курбан болуу жалпы жаратылыштын эң чоң борчу*5 экени белгилүү. Кыргыз халкы болсо, ошол «эркиндик», ошол «тоо» тууралуу канча кызыл уук болсо канча кызыл канын агызыб кыргынга учураб башы байан, аягы сайан болгон. 16-жылда кызыл кыргын болушуб Кытайга качыб ата-баладан хатын эрден айрылыб ичинен чыккан азиз перзентин азыкка сатыб эмдигиче табышалбай жүргөнү да ушул эркиндик, ушул тоонун азабы.

Кыргыз кедейлери эркке жеттиң эл бол, эсиңди жыйнаб, энчилеш табыңды тааны деб тоодой аркасын күндөй жарыгын тийгизип олтурат. Мына ушул максаттары каң*6 кара кыргыз журтуна сиңирүү жана да калк катары билим бериб маданиятка жакындаштыруу жогорку айткан жалпы эмгекчилерге*7 жүгүртүлгөн таламды бекем кармаб нак*8 жабышуу үчүн кыскасы азыркы жарык заманга лайыктуу журт болуу үчүн эң биринчи шарт гезит, кыргыз-кыргыз болгондон бери өз тилинде журнал, китеп*9 дегенди көрбөй, ары жети бүтүн ааламдагы бери жагы өз журтунун арасындагы тиричилик, саясат, маданияттан кабарсыз караңгыда калган мына эми эрктүү өзүнчө өкүмөт болуб энчисине баягы «тоо» суу тийген соң кемунустук Кеңештин жолун тиричилик, саясат, маданиятка чылым-билимден кабардар болуб эмгекчилик табын таанысын деб мыну бу гезитти чыгарыб олтурат.

Бул гезиттин атын байагы көңүлдү элжиреткен, көздү телмирткен «эркин» менен «тоо»ну кошуб «эркин тоо» койулду. Ал эми кыргыздын эмгекчилери! Качантан бери жоголгон эригин сагыныб «сейнеп» болуб «күкүк» деб самырдай какшаган тооң жоголгон эригиңе кошулуб колуңа тийди. Бек карма! Бул эриктүү үчүн төгүлгөн жаштарың, сатылган баштарың, ажыраган теңдериң, кыйратылган сөөктөрүң, эрлериң кул болгон, катындарың күң болгон бек карма кыргыз бек карма! (Кыскартылып берилди).

*1 йаки – башкача айтканда
*2 М.Т.: ээси.
*3 Транскрипция болгон эмес
*4 М.Т.: эринен
*5 М.Т.: бурчу
*6 М.Т.: калың
*7 М.Т.: миңга кичүүлөргө
*8 М.Т.: нык
*9 М.Т.: кезит