Нарын: БАУнун студенттери “киргиздерге” сокку урду

Мамлекеттик тилдин атайын макам алгандыгынын 30 жылдыгына карата Нарын шаарындагы негизги иш-чара М.Ырыскулов атындагы облустук академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлдү.

Театрдын чоң залын негизинен өңчөй окуучулар ээлешиптир. Көрсө, салтанат аземди шаар бийлиги шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу жүзөгө ашырган экен. Натыйжада имараттын кире беришине ар бир мектеп, бала бакчалар кыргыз тили тууралуу көргөзмөнү уюштурушуптур.

Расмий бөлүктөн соң окуучулар тарабынан мамлекеттик тилди, Ата-Журтту даңктаган чыгармалар аткарыла баштады. Бир учурда Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин (БАУ) студенттери өнөр секиге чыгып келишип, кыргыз тилинде куттук айтышып, каалоо-тилек билдиришип, хор менен ыр ырдашты. Казакстандан же Тажикстандан келген студенттерди айтпаганда да, Пакистан менен Ооганстандан келип билим алып жатышкан кыз-жигиттердин кыргызча кеп айткандары, айрым “киргиздерди” чынында жер каратты.

БАУнун кызматкери Акылбек Чымырбаев быйылкы окуу жылында БАУда жалпысынан 135 студент (1-4-курстар) билим алып жаткандыгын, алардын 51и кыргызстандык (анын ичинен 18и нарындыктар), бирөө африкалык (Кения), калгандары жогоруда аталган төрт мамлекеттен келгендер экендигин билдирди.