12-майга карата аба ырайы

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 12-15-июнь аралыгында абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республикадагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

12-июнда айрым аймактарда жаан жаап, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда  +26…+31;

Талас жергесинде +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +29…+34;

Ысык-Көлдө +18…+23;

Нарын аймагында +18…+23;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13;

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +28…+30 градус көтөрүлөт.