Нарын: Мэрди мээлегендер кимдер?

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Эртең, 1-октябрда Нарын шаарынын мэрин шайлоо өтөт.

– Мыйзамга ылайык шайлоо дайындалган датага чейинки беш жумушчу күн мурун шаардык кеңештин фракциялары жана Премьер-министр тарабынан талапкерлер көрсөтүлүүсү керек. Аталган мөөнөт аяктап натыйжада үч талапкерден документтер келип түштү, — деди БШКнын өкүлү Б.Өмүралиев мырза.

Алар – учурда Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эмилбек Чымылдаков (“Ала Тоо ынтымагы” фракциясы), “М-СТАРД” коомунун жетекчиси, шаардык кеңештин депутаты Сталбек Муканбетов (КСДП фракциясы) жана Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров (Кыргызстан фракциясы). Ал эми Өкмөттүн төрагасы талапкер сунуштаган эмес экен.

Мурунку мэр Эмилбек Алымкулов 6-сентябрдан тарта облустун жетекчилик кызматын аркалай баштаган болчу.