Түлөө: ырым-жырымбы же саясий шоубу?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Түлөө деген эмине?

Айтылуу этнограф Амантур Акматалиев “түлөө өткөрүү — кандайдыр бир тилектин, максаттын кабыл болушун көздөө менен Кудайга сыйынып, эл чакырып, тамак берүү” экенин айта келип, “Бул – ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлөө көбүнчө катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен көз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлөөгө, адатта, кой-эчки, козу-улак союлат” – деп кылым карыткан ырымжырымга кыскача мүнөздөмө берип кеткени бар. Уикипедияда: “Түлөө — курмандык чалып жогорку күчтөрдөн, Кудайдан ырайым тилеген ырым-жырым. Түлөө берүү жакшылыкты тилөө — эл-журттун, бала чаканын аман-эсендигин, жаратылыш кырсыктарын болтурбоону тилегенде, оору-сыркоодон сакайганда, жоголгон адамдын же малдын аман-эсен табылгандыгына, кырсыктан аман калганда, жаңы тууган (эмчектеш) күткөндө жана башка жагдайларда берилген. Түлөө анимизм, шаманизм, тоо-таш, жер-суу, көк теңирге сыйынуу, тотемизм, магия сыяктуу диний ишенимдер менен тыгыз байланыштуу. Түлөөгө мал союлган, тогуз токоч жасалган, боорсок бышырылган. Бирок, ар бир окуяга жараша түлөөнүн ар кандай мазмундары, жүрүш ирети болгон” делет.

Түлөө – тарыхый ырым-жырым. Кимде ким «Манас» эпосун окуган болсо, анда Манас Алмамбет менен эмчектеш болгондо садагага сары улак союп, улак тарттырып, Алмамбеттин башына кызыл алтын, дилдеден чачыла чачып, челек-челек май эритип, анын башынан айлантып тайгандарга бердирип, далай ырым-жырымдарды жасатып, түлөө өткөргөнүн эстейт.

Арийне, түлөө берүү ырым-жырымы дүйнө элдеринин дээрлик баарында кездешет, тагыраагы бул үрп-адат көп элдердин көөнө тарыхынан орун алган. Бардык элдерде түлөө өткөрүүнүн мааниси да, шааниси да окшош: кургакчылыкта Жараткандан жаан тилеп, жутта жан-жаныбарлардын амандыгын, ачарчылыкта, кан күйгөн согуштарда элдин эсендигин сурап, улуу күчтүн алдында жандыкты курмандыкка чалып, Кудайдын ырайымдуулугу үчүн жолдугун жасашкан.

Түлөө адатта мазарларда, ыйык жерлерде өткөрүлөт. Түлөөгө улак же эчки союлат, союшка ылайыктуу улак же эчки табылбаса, козу же кой союлат жана малдын каны киши баспаган жерге төгүлөт. Шаар жеринде кара тоокту курмандыкка чалып, кан чыгарып коюу ырымы колдонулуп жүрөт. Түлөөдө кара мал союлбайт. Ыксыз ысырап, шаан-шөкөт жасалбайт, ашыкча сөз сүйлөнбөйт. Курмандык чалган адамга “түлөө кабыл болсун” деген бир ооз тилек айтылат. Элдик ырым-жырымдын шарты ошондой. Калганы ашыкча.

Адамдын алтын башынын аман-эсендиги, ден соолугу менен байланышкан ырым-жырымдар

Элдик үрп-адатта адамдын аманэсендиги, ден соолугу менен байланышкан бир топ ырым-жырымдар бар. Айталы, үй-бүлөдөгү эр адам айлап-жылдап жоо менен кармашып жүрүп, аман-эсен кайтканда улакты мууздап, өпкө-жүрөгүн сууруп алып, башынан тегеретип, иттерге беришкен. Ушундай эле ырым-жырым адам алыс жолдон кайтканда, бир кырсыктан аман калганда жасалган. Муну садага чабуу деп коет. Азыр да үй-бүлө мүчөсү алыстан келгенде, ооруканадан айыгып чыкканда, же жолдон кырсыктап калганда, энелердин баштан суу тегеретип, үч түкүртүп, “жамандык ушуну менен чыгып кетсин” деп, сууну киши көп баспай турган жерге чачып койгону ошондон калган.

Адам кырсыктап аман калганда, катуу оорудан айыкканда, жамандыктан кутулганда, же кээде түшүндө жаман түш көрүп, жүрөгү жамандык сезгенде “Жараткан ушул кырсыктан алыс кылсын, келаткан кырсык алыстан кетсин, жеңил өтсүн. Кан чыгарып, түлөө кылам” деп Кудайга жалынып, өтүнүч кылат. Муну аксарбашыл айтуу дейбиз.

Бертик суроо деп коет, бели мертинген адамды эмдөө ырым-жырымы. Сарыколдук кыргыздарда бул ырым-жырым мындай аткарылат. Бала-бакыра өзү көрүнбөй туруп, сузгуну боз үйдүн эшигинен үйгө сунат. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнөт, өзүлөрүн көргөзбөй сузгуга колунда барын: ун, май, эгин, туз, эт салат, сүт куят. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Бул ооруга миңден бир дабаа.

Жан тилөө (түлөө) – адамдын жаны аркы дүйнөгө кете турган болуп, ажалы көзгө көрүнүп ооруганда, кырсыкка учураганда, же аян алганда кырсык же өлүм курмандыкка чалынган малга өтүп кетсин делген ырым-жырым. “О, кудурети күчтүү Теңир! Ушул жандыкты адамдын өмүрү үчүн алгының. Ажалды адамдан оолак кыл. Пендем десең, ушул өтүнүчтү кабыл ал” делген өтүнүч айтылат.

Түлөө жана жол кырсыктары…

Быйыл апрель айында Ысык-Көл облусунун ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери “жол кырсыктары болбосун” деген тилек менен курмандык чалып, түлөө өткөрүштү. Кой союлуп, эт, ун, май, кумшекер ж.б. азык-түлүктөр балдар үйлөрүнө, көп балалуу, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылды. Түлөө өткөрүлгөнүнө жыл башынан бери аталган облуста 64 жол кырсыгы катталып, 143 адам ар кандай жаракат алса, 17 адам каза болгону себеп болгон.

Бул “жол кырсыктары азайсын” деген ниет менен өткөрүлгөн түлөөлөрдүн алгачкысы эмес. Мындан эки жыл мурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун жаштарынан куралган «Келечек жаштары» коомдук уюмунун мүчөлөрү “жол кырсык азайсын” деген тилек менен кой союп, түлөө өткөрүп, этин айдоочуларга тараткан.

…Ырым-жырымдар жана токтомдор…

Түлөө демекчи, 2011-жылдын 27-апрелинде депутаттардын КараСуу райондук кеңешинин кезектеги XIV сессиясы (төртүнчү шайланган) №14/74 токтом «Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө» жобонун долбоорун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Анда жобонун максаты райондун коомдук жашоо турмушундагы ашыкча ыгымчыгымдарды жоюу менен райондун жалпы элинин экономикалык- социалдык таламдарын коргоо үй-бүлөлүк жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, жарандардын турмушундагы экономикалык-социалдык бекем пайдубалды, моралдык-нормативдик баалуулуктарды, адамдык үй-бүлөлүк, улуттук, элдик укуктарды камсыздоо, чыңдоо жана коомдук тартипти сактоо болуп санала турганы, элдин салттуу маданияттын жана дүйнөлүк азыркы цивилизациянын жетишкендиктеринин негизинде улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрпадаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдук салттарды тартипке келтирүү керектиги айтылат.

Мамлекеттик мыйзамдар менен каралбаган үй-бүлөлүк бюджетке терс таасир бере турган ысырапкерчиликтер тууралуу сөз болот. “Элдик салтта орду жок, кийинки кездерде жосунсуз жорук болуп ээн баштыктан келип чыккан жана элге тез жайылып жаткан: абысындар олтурушу, бажалар олтурушу, туугандар олтурушу, кемпирлер олтурушу, кудалар олтурушу, жаш келиндер олтурушу, классташтар олтурушу сыяктуу убаракерчиликти өткөрүү жосунсуз жорук катары саналары” ж.б. айтыла келип, жосунсуз жоруктарга чектөө коюлуп келип, соңку жагында “Өткөргөн өмүр тагдырына ыраазы болуп, өз жан рухуна атап, элге аш-түлөө берүү тарыхый ата-салт боюнча адамдардын шартына жараша өткөрүлөт” делет. Бир сөз менен айтканда, ашыкча ысырапкерчиликке багытталган жобо кабыл алып, каадасалттагы көптөгөн ашыкча нерселерге чектөөлөрдү киргизген райондук кеңеш түлөө өткөрүүгө келгенде “түлөө берүү тарыхый ата-салт боюнча адамдардын шартына жараша өткөрүлөт” деп, элдик ырымжырымдан ийменген экен.

Түлөө жана саясий элита

Акыркы жылдарда ысырапкерчиликке айланган той-аш, элдик каада-салт, жөрөлгөлөргө мыйзам чегинде тыюу салууга карата демилгелер көтөрүлүп, Кара-Суу райондук кеңеши сыяктуу эле айрым жергиликтүү бийлик органдары өз токтомдору менен той-аштардагы чыгымдарды кыскартуу багытында түркүн айла-амалдарды жасап келет. Антсе да, мезгил – элдик ырым-жырымдар мыйзамдардан жана мыйзамчы депутаттардан жолу улук экенин көрсөттү. Элдин эсинде болсо керек, 2011-жылдын 21-апрелинде Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Ахматбек Келдибеков: “өлкөдө мындан ары жакшылык болсун деп, мал союп, кан чыгарып, бата тилеп жатабыз. Союлган этти жардам катары карылар жана жетимдер үйүнө берип коюуну чечтик” – деп, депутаттар өз айлыктарынан 700 сомдон чыгарып, мал союп, түлөө өткөрүү чечимине келгенин билдирген. Ошол эле жылы сентябрь айында түлөө өткөргөн айтылуу У.Барктабасов саясатка киришпей тураарын айткан.

Заман өзгөрдү. Түлөө мазарларда же үйдө эмес, Бишкектин мартабалуу ресторандарында, баш-аягы 500-1000 киши катышуусунда өтө баштады. “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дейт. Оор кырсыктан башы кутулганы үчүн курмандык чалып, жогорку күчтөрдөн, кудайдан ырайым тилеген мекендештерибиз жакшы ниет менен түлөө өткөрүп жатканына, түлөө мартабалуу этно комплекстерде өтүп жатканына кылдай каршылык жок. Бирок, бүгүн орто ресторандарда бир орун 1500-2000 сомдун тегерегинде. Мыктыларында бир орун баасы 2000 сомдон нары. Суусундуктар, мөмө-жемиштер, конфет-печенье бул сумманын ичине кирбейт. Миллиондор үчүн күнөөлөнүп жаткандар минтип байлыгын чачып, түлөөнү куду той берип жаткансып өткөрүп жатканы, түлөө саясий шоуга айланганы ойлонтпой койбойт. Мындай түлөөлөр тишинин кирин соруп отурган карапайым элдин арасында “бул акчалар кайдан, кимдин эсебинен кетип жатат” деген эң жөнөкөй суроолорду пайда кылышы толук ыктымал.

Түлөө – күтүрөтүп байлык чача турган аш-той же шайлоо алдындагы саясий шоу эмес, түлөө — курмандык чалып кудайдан ырайым тилеген ырым-жырым. Түлөөнү саясий шоуга айлантуу бул – элдик каада-салтка, ырым-жырымга жат нерсе.

Саясий элита антип кара башын ойлоп, кара башынын амандыгын тилеп жатканда, карапайым эл улуттун, мекендин тагдырын ойлоп түлөө өткөрүп жатат. Быйыл 20-августа көл жээгинде, Тосор айылында кыргыз элинин амандыгы үчүн жалпы элдик түлөө өткөзүү демилгеси көтөрүлдү. Анын демилгечилери – элдин биримдигин, ынтымагын, мамлекеттин бүтүндүгүн сактайлы, элге-мекенге ак кызмат кылалы, бөлүнүп-жарылбайлы, өлкөбүздү өнүктүрөлү, элдин келечегине кам көргөн, элди, улутту ойлогон уулкыздарыбыз өсүп чыксын деген изги тилекти ниет кылышты.