Алтын эми казылаарда асылгандарга ачык кеп

Кыргызстанда парламентке шайлоо болоордун алдында эле көкүрөгүн каккылагандар көбөйө баштайт. Элге жакшы көрүнүп калайын, жагынып алайын деп “урунарга тоо, урушарга жоо” издей башташат. Дал ушундай ыкманы колдонгусу келген айрым активист сөрөйлөр, серепчилер “Жерүй” алтын кенинин айланасында ар кандай ураандарды чакырып, бир балээни баштайбыз деп турушат. Жумуштун көбү бүтүп, жакынкы айларда алтын казыла баштайт дегенде “Кыргызстандын үлүшү келишимде эске алынган эмес” деген дооматтарды айтып чыгышты. Алтын ылгоочу фабрика, жолдор ж.б. курулуштар жүрүп жатканда бири дагы үн каткан эмес. Кыргызстандын инвестициялык жагдайын жакшыртуунун айласын таппай жатканда элдин башын айланткан ушундай куру кыйкырык, популисттик чакырыктар өлкөбүздүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизээри турган иш. “Жерүй” алтын кени боюнча келишимден кемчилик издегендердин аракети боюнча Кыргызстандагы омоктуу ою бар экономисттер өз ойлорун ортого салып, жүйөлүү пикирлерин келтиришкен экен. Айрымдарына токтоло кетсек:

Денис БЕРДАКОВ, экономикалык серепчи:

– “Кумтөр” акырындык менен өз мөөнөтүн аяктап баратат. Мындан кийин Кыргызстан үчүн алтындын запасы боюнча 2-орунда турган “Жерүйдүн” маанилүүлүгү арта баштайт. Албетте, “Жерүй” бюджетти толтурууда “Кумтөрчөлүк” салым кошо албайт деңизчи, бирок жарым жартылай деңгээлде болсо дагы казына тартыштыгын көтөрүп бере алат. Ал эми көргөн пайдаларыбыз боюнча айтсак, “Жерүйдөн” “Кумтөргө” салыштырмалуу башынан эле көбүрөөк пайда таба баштадык. 100 млн. доллар өлчөмүндөгү конкурстук төлөмдүн акчасы 2015-жылы эле Кыргызстандын бюджетине которулган.

Азамат АКЕНЕЕВ, серепчи:

– Бул кен эл аралык мыкты практиканын талаптары менен сатылган. Биз сынак өткөрдүк, кен уткан компанияга берилди. Мамлекет үчүн эң мыкты шарттарды сунуштаган компания утуп чыкты. Теориялык жактан алганда дагы биз мындан жакшы утушка ээ боло алмак эмеспиз, анткени андан башка каалоочулар жок болчу.

Кубан АШЫРКУЛОВ, серепчи:

– Бул келишим Кыргызстан үчүн утулуш болду дегендерге такыр кошулбайм. Башкасын айтпаганда дагы, ал келишимде эң башкысы лицензияны уткан компания “Жерүй” боюнча мурунку инвесторлор менен болгон талаш-тартыш маселенин баарын өзү чечиши керек деген жери бар. Анын баарын жасашты. Эгер “Жерүй” маселеси ушундай жол менен чечилбегенде эл аралык арбитраж сөзсүз болмок.

Жерүйдө “баланча тонна алтындын запасы бар, аны түкүнчөдөн сатсак баланча миллирад доллар түшмөк” деп куру сөз менен элди козутуп жаткандар – Кыргызстандын эртеңкиси менен башын оорутпагандар. Эртең өлкө казынасы толбой калса дагы, эл аралык соттордо Кыргызстан асман чапчыган доого жыгылса дагы алар чыйт түкүрүп басып кетишет. Ошондуктан иштейм деген инвесторду качырбай, тескери сүйлөгөн тентектерди тескеп турбасак, кесепети элге эле тиет.

P.S. “Жерүй” маселеси боюнча бардык окуяларды жакшы билген таластык айрым мекендештерибиздин кебин Таластагы өз кабарчыбыз Козубек Иманкулов жазып алган. Таластыктар кайсы инвестор кандай иш кылганын, элге кандай жардам бергенин дагы эң жакшы билишет. Алар “Жерүй” кенинин багын ачкан “Альянс алтын” компаниясынын ачык, акыйкат инвестор экенин конкреттүү фактылар, жеткиликтүү далилдер менен жалпыга жар салып отурушат.

 Татыктуу жашоого “Бакубат Таластын” салымы

Жергиликтүү калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшүү, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жардам берүүнү көздөгөн “Бакубат Талас” фонду “Альянс Алтын” ишканасы тарабынан түзүлгөн. Талас облусунун социалдык – экономикалык маселелерин чечүү үчүн 2016-жылдан ушул күнгө чейин “Альянс Алтын” ишканасы аталган фондго 450 млн. сом которгон.

  1. 450 млн. сомдун ичинен 160 млн. сом социалдык долбоорлорго жумшалды. 2019-жылдын 1-сентябрына карата “Бакубат Талас” фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан жалпы суммасы 102 216 654 сомдук 258 долбоор жактырылып, ишке ашыруу аракети башталды.
  2. 290 млн. сом ишкерчиликти кредиттөөгө жана айыл – чарбасын өнүктүрүүгө багытталды.

Негизги суммасын жана кайтарым каражаттарын эсепке алганда жалпы суммасы 328 438 000 сомго 1281 кредит берилди. Анын ичинен кошумча жумушчу орундарын көбүрөөк түзүү үчүн өнөр жай жана кайра иштетүү жагына артыкчылык берилген чакан жана орто бизнести өнүктүрүп-өстүрүү үчүн 201 адамга 164 600 000 сом кредит берилди. Ал эми айыл – чарбасын өнүктүрүү үчүн 1080 адамга 163 838 000 сом кредит берилген.

 Тиленбек АЗЫК

Төш каккандар сөз баккандарга кулак салгыла!

Садырбек Оторбаев, Бекмолдо айыл аймагынын жашоочусу, Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча 1-2-конкурстук комиссиянын мүчөсү. – Мен 2013-жылы жана 2014-жылы аталган конкурстук комиссиянын мүчөсү болгом.

Азыркы «Альянс Алтын» компаниясы 5-компания болуп эсептелет. Эң алгач 1993-жылы «Морриссон Кнуддзен» деген компания келип, бирок Кыргыз Өкмөтү лицензияны алып койгон соң аталган компания Кыргызстанга 3 млн. доллар доо койгон. Экинчиси, «Оксус Талас Голд» компаниясы, бирок ал компания ишти создуктурган, себеби дүйнөлүк базарда алтындын 1 унцийи 240-300 доллар эле болуп калган. 2004-2005-жылдары алтындын баасы көтөрүлгөндө «Оксус Талас Голд» компаниясы иш аракеттерин баштаган. Анткен менен аталган компания көп ишти жасап баштаганына карабастан бул компанияны К.Бакиев 2005-жылы бийликке келгенден кийин алып койгон.

К.Бакиев жана Ф.Кулов тандеми компанияга лицензияны кайтарып бербей, Австралиядагы 35 миң доллар каражаты бар Березовскийдин «Глобал Голд» деген компаниясына берип койгон. Алар бир жыл ээлик кылышты дагы, лицензияны кармап турушуп, Казакстандагы «Визор групп»компаниясына 130 млн. долларга сатып жиберишти. Алар 2010-жылдын 1-ноябрына карата 200 млн. доллар каражат жумшап өндүрүштү ишке киргизип, 35000 тонна руданы өндүрүүнү мерчемдешкен. Башкача айтканда 80 кг. алтын алынмак. Бирок лицензиянын келишими аткарылбагандан кийин убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын буйругу менен лицензия алынган. Ошентип Кыргызстандын бардык соттук инстанцияларында эки жыл бою сот процесси жүрүп, аны 2013-жылы Жогорку Сот лицензия туура алынган деген чечимин чыгаргандан кийин конкурс жарыяланган. Бул өлкөдөгү биринчи конкурс эле, ага чейин лицензиялар тике сүйлөшүүлөр менен берилип келген. Биринчи конкурс өтпөй калган, себеби бир эле компания катышкан. Себеби лицензия 300 млн. долларга коюлган. Бирок биз бир нерсени ойлобой, унутуп коюптурбуз. Американын сотундагы 580 млн. долларды такыр эстен чыгарыптырбыз.

Эми ойлоп көрүңүздөр, Акаев, Бакиевдин учурунда лицензия 300 сомго берилип жатса, Америкадагы доо боюнча 580 млн. доллар, Голддун 300 млн. долларын кошкондо 880 млн. долларга ким лицензияны сатып алат? Ошентип 2014-жылы экинчи конкурс жарыяланды, комиссиянын курамы 23 адамдан туруп, төрөгасы Д.Зилалиев болду, ЖКдан 5 депутат катышкан. Үч компания Россиянын «Восток геолдобыча», «Алдан золото» жана Кыргызстандын «Кыргызалтын» Жогорку Кеңештин депутаты Д.Тербишалиев, «Алданзолото» компаниясынын дарегине катуу сын айтып асылып жатып калды эле экинчи отурумда аталган компания катышпады. Ошентип экинчи отурумга «Восток геолдобыча» менен «Кыргызалтын» гана катышып сынакта атаандашты.

Эң негизги коюлган талаптар «Востокгеолдобыча» компаниясы 54 мүнөт презентация жасады. Ал эми «Кыргызалтын» болгону 8 мүнөт гана презентация жасады. «Востокгеолдобычанын» технологиясы заманбап экен. Калдыктар кургатылган түрдө чыгарылат экен.

Каржылоо булагына көз салсак күлкү келээрлик көрүнүшкө күбө болдук. «Востокгеолдобыча» кредиттик келишимде Москвадагы бир банк менен 350 млн. доллардык, Кипрдеги бир банк менен 350 млн. доллардык каржы булагын көрсөтүштү. «Кыргызалтындыкы» 974 миң доллар, 7061 евро, 4800 сому, 4191 рубли бар экен. Биз: бонус 100 млн. доллар болуп жатса кантип төлөйсүңөр деп сурасак, алар: Англияда катталган «Юнити Голд» деген компанияны көрсөтүштү. Ал компания баалуу кагаздар менен иштеген компания экен. Бул компания «Кыргызалтынды» подставной компания кылып катышыптыр.

Жалпысынан «Восток геолдобыча» 405, «Кыргызалтын» 305 баллга ээ болушту. Бир критерий менен «Кыргызалтын» утту, ал эми 13 критерий менен утулуп калды, анткени «Кыргызалтын» 111 млн. доллар сунуш кылса неге 100 млн. доллар сунуш кылган «Востокгеолдобыча» утуп алды деген пикирлер бар эмеспи.

Эгерде «Альянс Алтынга» иштөөгө мүмкүнчүлүк бербесе, кен кайра конкурска коюлса соц.пакет деген болбойт. Жалпысы ал сумма 3 млрд. 550 млн. сомду түзөт. Ал эми Кумтөрдү иштетип 400 тонна алтын өндүргөн компания Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна 3 млрд. сом бериптир.

Жерүйдө 90 тонна гана алтын бар да. Соцпакетти салыштыргыла, 90 тонна алтын менен Жерүйдү иштетүүчү компания 400 тонна өндүргөн компаниянын соц.пакетин берип жатпайбы. Эми суроо туулат. Жерүй кени иштетиле электе 880 млн. доллар доо каяктан чыкты деген суроо туулат. Анын жообу жөнөкөй эле, ал убакта бийликтеги чиновниктер оңду-солду кол кое берген Американын сотуна Кыргызстан 99 пайыз утулмак. Өкмөт чечкиндүүлүк кылып лицензияны алып койбойбу дегендер бар, андай болгондо 800 млн. доллар доону Кыргызстан төлөй алабы?

Умар Анарбаев, Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылынын тургуну, коомдук ишмер, активист.

– Лицензия мурдагы бийликтердин учурунда 300 сомго сатылып жатканда азыр патриот болуп кыйкырып жүргөндөр кайда эле?

Азыр Жерүйдө курулуш иштери толук кандуу курулуп жатат. Алтын ылгоочу фабрика, калдыктар сактоочу жай.ж.б. объектилер.

«Востокгеолдобыча» конкурста утканда мен конкурстун критерийлери туура сакталган эмес деп макала жазгам. Бирок терең анализ кылып көрсөм менин макалам туура эмес болуп калыптыр. Көрсө, «Кыргызалтын» подставной бир фирманын кызыкчылыгын көздөгөнү айкын болду. Азыр практикада «Кыргызалтынконцерини» иштеп жаткан Макмалда, Солтон Сарыда эмне иштер болууда. Кустардык ыкма менен иштеп жатат, «Востокгеолдобыча» «Бакубат Талас» аркылуу соц пакетти иштетүүдө, быйылдан баштап жылына 150 млн. сом берүүдө.

Андан тышкары Таласка кен иштетиле баштаган соң 2 пайыз каражат калат. Бул деген жылына Талас облусуна 400-500 млн. сом каражат дагы түшөт деген кеп. Сөздүн ток этер жери Жерүй кенин 800 млн. доллар төлөп иштетем деген башка бир компания чыгабы? Кайсыл компания ушунча доону төлөөгө батына алат? Бул чоң суроо.

Козубек ИМАНКУЛОВ