Кол күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан 83 медалга ээ болду

Чолпон-Ата шаарында өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар 83 медаль тагынып, алдыңкы орундарды камсыздашты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдагандай, Азия чемпионатына жалпысы болуп 11 өлкөдөн 437 спортчу катышты.

Медалдар 172 салмактык категория боюнча өспүрүмдөр, кыздар, ардагерлер жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында ойнотулду.

Жалпы командалык эсеп боюнча Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын спортчулары алдыңкы орунга чыгышты. Ал эми Кыргызстандын атынан 124 спортчу катышып, куржунга 83 медаль топтой алышты. Алардын 26сы алтын медаль.