Чемпиондор лигасы: Мурдагы чемпиондор жеңилүү менен баштады

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Өткөн аптада чемпиондор лигасынын топтук беттештери орун алды. Алгачкы турда 32 команданын 16 беттешине күбө болдук. Аталган беттештерде өз күйөрмандарын таң калтырган жана үмүтүн актай албаган командалар да болду.

“А” тайпасында эң кызыксыз оюндардын бири түркиялык “Галатасарай” менен бельгиялык “Брюгенин” ортосунда орун алып, оюнда бир дагы гол киргизилген жок.

Ушул эле тайпанын экинчи жубунда Парижде “ПСЖ” клубу менен “Реал Мадрид” кездешип, франциялык команда жоопсуз үч гол киргизүүгө жетишти. Алгач оюндун 14 мүнөтүндө Анхель Ди Мария эсепти ачса, 33 мүнөттө дубль жасап, командасын алдыга сүйрөдү. Оюндун 90-мүнөтүндө Томас Менье дагы бир гол киргизип, мадриддик команданы ыңгайсыз жеңишке туш кылды. Белгилей кетүүчү жагдай “ПСЖ” командасынын үч негизги чабуулчусу Эдинсон Кавани, Неймар жана Килиан Мбапе бул оюнга чыккан эмес.

“B” тайпасындагы оюндарда Германиянын чемпиону “Бавария” швейцариялык “Црвена Звезда” менен беттешип, швейцариялыктар өз үйүндө жоопсуз үч гол кое беришти. Беттештин 34-мүнөтүндө Коман Кингсли эсепти ачса, 80-мүнөттө Роберт Левандовски киргизген гол менен жеңишти бекемдеди. Ал эми кошумча мүнөттөрдө Томас Мюллер бул оюндагы акыркы голду киргизди.

Ушул эле тайпанын экинчи беттешинде чемпиондор лигасынын былтыркы финалисти “Тотенхем” командасы менен “Олимпиакос” кездешип, оюн 2-2 эсеби менен тең чыкты. 26 жана 30-мүнөттө англиялык команданын чабуулчусу Хари Кейн андан кийин Лукас бирден гол киргизсе, ага грециялык командадан 44-мүнөттө Даниел Пуденсе, 54-мүнөттө Вальбуэна Матье жооп кылып, эсепти теңдеди.

“С” тайпасында “Манчестер Сити” менен “Шахтер” беттешинде украинанын командасы өз үйүндө англиялыктарга үч упайды тартырып жиберди. Оюнда Марез Риад, Илкай Гюндоган жана Габриэл Жезус бирден гол киргизип, оюн 3:0 эсебинде англиялык клубдун пайдасына чечилди.

Ал эми “Динамо Загреб” менен “Аталантанын” ортосундагы беттеш хорватиялык команданын 4:0 эсеби күтүүсүз жеңиш менен аяктады. Оюндун 10 мүнөтүндө Леовак Марин эсепти ачса, 31, 42, 68-мүнөттөрдө гол киргизип Мислав Оршич хет-трик жасады.

“D” тайпасында «Ванда Метрополитано» стадионунда болгон «Ювентус» клубу «Атлетико» беттеши 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Алгачкы голду оюндун 48-мүнөтүндө «Ювентустун» оюнчусу Хуан Куадрадо киргизди. Көп өтпөй, 65-мүнөтүндө Сандронун чыгарып берген тобун Матюиди гол киргизип, эсепти 2:0гө өзгөрттү.

5-мүнөттөн кийин испаниялык клубдун коргоочусу Стефан Савич «Атлетико» командасына 1 гол алып келди. Оюндун аягында 90-мүнөтүндө кайрадан мадриддик команданын жарым коргоочусу Эктор Эррера гол киргизип, эсепти 2:2ге айлантты.

Ушул эле тайпанын экинчи беттешинде Россиянын “Локомотив” командасы Германиянын “Байер” командасына конокко барып, 2-1 эсебинде жеңишке жете алды. Алгач оюндун 16 мүнөтүндө Крыховяк Гжегож эсепти ачты. Арадан он мүнөт өткондөн кийин Хеведес Бенедикт өз дарбазасына топ киргизип, эсеп теңелди. Оюндун жыйынтыктоочу голун 37-мүнөтүндө Дмитрий Баринов киргизип, орусиялык командага үч упайды тартуулады.

“Е” тайпасында чемпиондор лигасын былтыр жеңип алган англиялык «Ливерпуль» командасы «Сан-Паоло» стадионунда италиялык «Наполи» клубуна 2:0 эсебинде утулду. Оюндун 82-мүнөтүндө «Наполинин» оюнчусу Дрис Мертенс айып соккусун тээп, эсепти ачты. Ал эми 92-мүнөтүндө кайрадан италиялык клубдун оюнчусу Фернандо Льоренте гол киргизди.

Тайпанын экинчи беттешинде австриялык “Зальцбург” менен белгиялык “Генк” таймашып, австралиялык клуб 6:2 менен жеңишке жетишти. Оюнда Холанд Эрлинг Бреут 3 гол киргизип, хет-трик жасады.

“F” тайпасында «Барселона» клубу «Боруссия» менен беттешип, эки команда канчалык аракет кылса дагы эсеп ачылган жок. Эң кызыгы бул тайпадагы командалардын баары 1 упайдан алды. Анткени, экинчи “Интер” — “Славия Прага” беттешинде да командалар гол киргизе алышкан эмес.

“G” тайпасында германиялык “РБ Лейпциг” Португалиянын “Бенфикасы” менен кездешти. Оюнда эсепти Тимо Вернер 69 мүнөттө ачып, арадан тогуз мүнөт өткөндөн кийин дубль жасады. Ал эми пуртугалиялык командадан Харис Сеферовичтин 84-мүнөттө киргизген голу жетишсиз болуп, оюн “РБ Лейпциг” клубунун пайдасына 2:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Ал эми ушул эле тайпанын экинчи беттешинде Россиянын “Зенит” клубу Францияга конокко барып, “Лион” менен беттешти. Алгач оюндун 41 мүнөтүндө Сердар Азмундун киргизген голуна кожоюндардан Мемфис Депайдын тобу менен жооп кылышып, оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

“H” тайпасында нидерланддардын клубу “Аякс” француздардын “Лилль” командасын 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды. Беттештин 18-мүнөтундө Куинси Промес, 50-мүнөтүндө Эдсон Альварес жана Николас Тальяфико 62-мүнөтүндө бирден гол киргизишти. Ал эми ушул эле тайпанын экинчи беттешинде англиялык “Челси” менен испандык “Валенсия” кездешип, Родригонун жалгыз голу менен лондондуктар жеңишке жетишишти.

Ушуну менен чемпиондор лигасынын тайпалык оюндарынын экинчи туру 1-3-октябрь күндөрү болот.