Туризм: ким, эмне, кайда, качан?

Улуттук статистика комитети өткөн жылы туризм тармагында иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысы 10 миң 852 сомду түзгөнүн билдирди.

Былтыр 486 туризм уюштуруу жана эс алдыруу мекемеси туристтерди кабыл алган жана тейлеген. Анын ичинен 194ү мейманкана жана ошого окшогон жайгаштыруу жайлары, 64ү турфирма жана туроператорлор, саякат жана экскурсия бюролору, 9у жаратылыш паркы, 30дан ашууну туристтик объектилер.

Балдардын саламаттыгын чыңдоочу жайлар жана лагерлер 248ди түзөт, анда эс алгандардын саны 33 миңге жеткен.

2018-жылы Кыргызстанда эс алгандардын саны 1,4 млн. киши болсо, анын 43,5%ы Ысык-Көл облусунда эс алган. Ал эми туризм тармагында эмгектенгендердин саны 8,5 миң.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2018-жылы чек арадан өткөн кишилер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар 7 млн.ду түзгөн. Бул 2017-жылдагыдан 1,5 эсеге көп.

Өткөн жылы туризм тармагына 60 млн. доллар түз инвестиция тартылган. Бул 2017-жылдагыдан 3,5 эсе көп.

БТ