Облустар аралык оорукананын чатыры жарабай калган…

Парламент депутаттарынын жоон тобу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын абалы менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүштү.

1976-жылы курулган оорукананын имаратынын чатыры четинен иштен чыга баштаган. Шиферлери, аларды кармаган устунчалары сынган. Жаан жааганда жаңы ремонттон өткөн бөлмөлөргө чейин суу түшүп, кайра оңдоп-түзөө машакатын жаратса, оорукананын канализациясы чирип, дубалдар көк жыттанып кеткен. Ооруканадагы 5 лифттин төртөө иштебейт.

Көчмө жыйын учурунда түштүк аймактагы жападан жалгыз Гематология борборунда кан кетүүнү токтотууга (тромбомасса) керектелүүчү материалдардын жетишсиз экени белгилүү болгон.