Тышкы карыз кыскаруу тенденциясына өттү

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Экспорт өстү, импорт азайды

Былтыркы жылдагыга салыштырмалуу Өкмөт 2019-жылы ички резервдердин эсебинен каржылоого басым жасоо саясатына багыт алды. Ал үчүн мамлекет ар бир тыйынды үнөмдөөгө өтүп жатат. Ушул аракеттер Өкмөттүн бюджет жаатындагы жасаган ишинин алгачкы этабы десек болот. Министрликтердин буга чейинки чыгашалары эсепсиз көбөйгөнү так аныкталып, эсептелип чыгарылды. 2019-жылдын сегиз айын алып карасак, бир дагы министрликке пландан ашык каражат берилген жок. Ушундай эле иш аракеттер Өкмөттүн 2020-жылдагы бюджетинин өсүшүнө да көмөкчү болушу керек. Күнүмдүк чыгымдарга бюджеттин акчасын коротпоо боюнча мамлекеттик органдардын жаңы саясаты багыт алууда.

Мамлекеттик бюджетке сарамжалдуу мамиле жасоо тууралуу маселеге Премьерминистр Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын сегиз айынын жыйынтыгы жана алдыдагы үч жылдын бюджетинин болжолдору тууралуу талкууланган Өкмөттүн жыйынында көп токтолду. 2019-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын экономикадагы орду 6,2 пайыз болуп, 335 млрд. сомдук өсүштү түздү. Аны менен бирге экономиканын бардык секторлорунда өсүш байкалды. Мисалы, өнөр жайда 17,4, курулушта 7,8, кызмат көрсөтүүдө 2,5, айыл чарбасында 1,6 пайыз болду. Бул жерде айта кетүүчү жагдай, өткөн жылдын жыйынтыгы менен айыл чарбасынын өсүшү 2,7 пайызга барган. Ошондуктан аталган тармактын көрсөткүчү жылдын жыйынтыгы менен дагы өсүшү керек. Анткени, республиканын айрым аймактарында күзгү оруп-жыюу компаниясы аягына чыга элек. Экономиканын башкы максаты – экспортту көбөйтүп, импортту кыскартуу. Сегиз айдын ичинде экспорттун көлөмү 1 млрд. доллар болуп, же 2018-жылдагыга караганда 9,1 пайызды түзүп, оң сальдо менен чыкты.Тилекке жараша, жыл башынан бери импорттун төмөндөө тенденциясы байкалып, ал азыркы учурда 11,8 пайызга кыскартылды. Өкмөт бизнести жана жеке инвестицияларды коргоо жаатында бир катар чараларды көрүп жатат. Ошонун натыйжасында тикелей чет элдик инвестициялардын көлөмү биринчи жарым жылдыкта 394 млн. долларга жетип, же болбосо өткөн жылдагыга салыштырмалуу 59,9 пайызга жогорулаган.

Бюджетти үнөмдөө системалуу түргө кетти

Буга чейинки жылдардагыдай тыштан карыз алып, аларды күнүмдүк чыгымдарга коротууну токтотуу саясаты күчөтүлүүдө. Өкмөт үнөмдүү жашоону системалуу көрүнүшкө айлантуу аракетин көрүүдө. Бул маселе боюнча М.Абылгазиев Өкмөттүн дээрлик бардык жыйындарында эскертип келет. 2020-жылдын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 163,7 млрд. сом болуп болжолдонуп жатат же ал ИДПга карата 24,5 пайызды түзүшү керек. Чыгашасы 173,6 млрд. сомду же болбосо ИДПга карата 26,0 пайызды түзүүсү пландалууда. Тартыштыгы 9,9 млрд. сомго барып, ИДПнын 1,5 пайызына барабар болуусу пландалууда. Өткөн жылы бюджет тартыштыгы 2 пайыздын айланасында кабыл алынган. Өкмөт каражаттарды өз күчү менен таап, көрсөткүчтөрдү жакшыртып жатат. Бүгүнкү күндө Өкмөт салык жана бажы мамлекеттик кызматтарына киреше булагын көбөйтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берип, милдеттерди такты.

“Бир караганда көп билинбегени менен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Мамлекет өлкөнү санариптештирүү саясатынын негизинде экономиканы фискалдаштыруу аракетинде. 2020-жылдагы дагы бир чоң милдет — бул кээ бир товарларга биздин өнөктөштөрүбүз менен бирге маркирлөө системасын киргизүү. Булардын баары бюджетибиздин киреше бөлүгүнө чоң салым кошуусу керек деп ойлойбуз жана контрабандалык жол менен жашыруун кирип жаткан товарларды кыскарат. Мындан ары электрондук счет фактуралар, товарларды маркирлөө, онлайн системасында иштеген контролдук- кассалык машиналарды көбөйтүү жумуштарын Өкмөт дээрлик аягына чыгарат”, — деп белгиледи Премьер-министр.

Бюджеттин чыгаша бөлүгүндө Өкмөт аткара турган бир нече милдеттер тагылган. Мамлекет убада кылган мугалимдердин маяна акысы 1-октябрдан баштап көтөрүлөт. Ал үчүн үстүбүздөгү жылдын үч айына 1 млрд. 700 млн. сом акча сарпталат. Келерки жылы мугалимдердин маянасына бюджеттен кайрадан 7 млрд. сом бөлүп берүү каралууда. Мындан тышкары, алдыда укук коргоо органдарын реформалоо боюнча абдан чоң иштер күтүп турат. Алардын айрымдарынын аялык маяналары жогорулашы каралган. Мына ушул бюджеттик статья боюнча 2,3 млрд. сом бөлүп берүү пландаштырылып жатат. Патрулдук милиция кызматына 185 млн. сом, пробация институтуна 66,3 млн. сом, соттук реформалардын улантууга 30 млн. сомдук бюджеттик каражаттар каралып жатканын Премьер-министр М.Абылгазиев маалымдады.

Жогорудагы айтылгандардан тышкары, алдыдагы 2020-жыл “акча сураган” бир катар саясий өнөктүктөрдөн жана маданий-спорттук иш-чаралардан дагы куру эмес. Мисалы, келерки жылы өткөрүлө турган бүткүл элдик каттоого 239,3 млн. сом бөлүнгөнү жатат. Күз айларында өтө турган парламенттин жетинчи чакырылышына карата шайлоого 1,2 млрд. сом каралууда. Түркияда өтөрү күтүлүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына атамекендик спортчуларды даярдап жиберүүгө, Токиодогу боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга ж.б. баарына республикалык бюджеттен акча бөлүнүшү керек. Мындан тышкары, өлкөнү санариптештирүүгө үстүбүздөгү жылы 500 млн. сом бөлүнүп жаткан болсо, 2020- жыл үчүн да ушундай эле көлөмдөгү каражат бөлүүнү Өкмөт пландаганы маалым болду. Кино өндүрүшү тармагындагы жагымдуу жаңылыкты белгилеп койгонубуз жөндүү болор. Келерки жылдын бюджетинде улуттук кинону өнүктүрүүгө 30 млн. сом каралып жатат. Бул кинематографисттерди кубандырган иш болот. Анткени, кыргыз киносу бир топ жылдан бери каражаттын тартыштыгынан олуттуу көркөм тасма тарта албай келе жаткан.

Кыргызстандын тышкы карызы жылдан жылга кыскартылып бара жатат. Ал ИДПга салыштырганда 2018-жылы 48 пайызды түзгөн болсо, 2019-жылдын аягына чейин 46,5 пайызга азайтуу болжолдонууда. Ал эми 2020-жылы 43,5 пайызга азайтуу пландалып жатыптыр. Өлкөнүн ар бир жаранына тышкы карыздын үлүшү 700 доллардан тийет деген пикир маалымат каражаттарынан чыгакалып жаткан учурда, ага коомчулуктун кабатырлануусу жөндүү иш. “Буга чейин тышкы гранттар менен насыялар ички булактардын кирешесинин тартыштыгын жабууга да пайдаланылып келген болсо, азыркы бюджеттен тышкы карызды азайтып, туруктуу тейлөөгө багытталат. Бул каражаттар бюджетти үнөмдүү колдонгонубуз үчүн жана Президенттин жетекчилиги алдында коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында жыйналып жатат. Тышкы карызды үч пайызга түшүрүү — бул Өкмөт үчүн чоң кадам деп ойлойм. Алдыдагы беш жыл катары менен ушул ыргакта иш алып барсак, тышкы карызды минималдаштырууга жана бюджетке оорчулук келтирүүнү кыскартууга жетишебиз” , — деп билдирди М. Абылгазиев.

«Социалдык төлөмдөрдү аткарууда коркунуч болбойт»

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Өкмөт жыйынында: ”Келерки жылга биздин министрликтин бюджети 97 пайыз болуп, быйылкы бюджеттен 2,7 пайызга төмөн кабыл алынып жатат. Бул документке кол коюп бердик, бирок парламенттин демилгеси менен кайра 600 млн. сом кошулуп жатат. Быйыл жөлөк пул алуучулар 60 миң адамга көбөйдү. Алдыда ноябрь, декабрь айларына карата социалдык милдеттерди аткарбай калуу коркунучу бар”, — деди. Министрдин “коркунуч бар” деген сөзүнө Премьер-министр М.Абылгазиев түшүндүрмө берип өттү. “Социалдык фонддун төрагасы М.Ирсалиев парламентке барып алып: “2020-жылдын башында пенсиялардын төлөнбөй калуу коркунучу бар деп айтты. Азыр сизден да ошол сөздү угуп жатам. “Коркунуч пайда болот” деген сөз – Өкмөт мүчөсүнүн сөзү эмес. Эгерде каражат жетпей жатса Өкмөт ошол каражатты таап берет. Биз социалдык маселелерди чечүүдөн каражат аябайбыз. Пенсия, жөлөк пул жана айлык акылар көбөйтүлгөн түрүндө өз убагында берилет. Социалдык пулдарды аныктап алып, жарандарга даректүү берүүгө өтүп жатабыз. Айрым жарандардын көптөгөн малы, 100 миң долларлык унаасы барлары деле жөлөк пул алып жатышкандары бар. Ошону үчүн мындан ары чыныгы муктаж болгондорду даректүү колдоого алышыбыз керек. Социалдык фонддун төрагасы, “социалдык төлөмдөр төлөнбөй калуу коркунучу бар”, деп айткан сөзү үчүн кызматтан кетиши керек. “Коркунуч бар” деп эксперт же аналитик айтышы мүмкүн. Бирок, аны министрлер айтпайт”, — деп эскертти.