Мугалимдердин айлыгы жана пенсия жогорулады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» КРнын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюп, бул маселени ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Кабыл алынган чечимге ылайык, билим берүү уюмдарынын айрым типтеринин адистик диплому бар педагогикалык кызматкерлерине айлык акы төлөө шарттары магистр программасы боюнча жогорку билимдүү кызматкерлерге теңдештирилет. Өкмөттүн чечими аркылуу жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30%га көбөйөт.

— Эмгек акысын мынчалык көтөрүүгө каражаттарды табуу кыйла кыйын болору тууралуу бардык скептикалык божомолдорго карабастан, биз аларды таптык. Жыл аягына чейин бул кошумча 1,7 млрд. сомду талап кылат, кийинки жылы – 7 млрд. сом. Өкмөт билим берүү тармагынын 120 миңге жакын кызматкеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн бюджеттен зарыл каражаттарды тапканын баса белгилеп кетким келет», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр «2019- жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» жана «2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөм­­дөрүн индексациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна кол койду.

Аларга ылайык, 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда. Пенсиялардын жана салынган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнө жараша пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 7%дан 18%га чейин жана андан ашык көбөйөт. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн көбөйүшү орточо 10,4%ды түзөт.

Пенсияларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиялардын орточо көлөмү 5820 сомду түзөт. 667,3 миң пенсионерди индексациялоого кошумча 659,2 млн. сом талап кылынат. Аны менен бирге пенсиялардын базалык бөлүгүн жогорулатуу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен – 67,3 млн сом, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу үчүн Пенсия фондунун каражаттарынын эсебинен – 592 млн сом керек. Октябрь айынан баштап пенсионерлер жогорулатылган пенсия ала баштайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы 667 миң 300 пенсионердин 241 миң 500ү 4283 сомдон төмөн пенсия алышат. Алар кошумча кем дегенде 300 сом, ал эми 425 миң 800 пенсионердин пенсиясынын камсыздандырылган бөлүгү 5%га көбөйүп, алар кем дегенде 320 сом ала турган болот.