Абдыгулов: Аймактарда финансылык сабаттуулук боюнча маселе көп

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


26-сентябрда Борбор Азияда финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча расмий иш-чара болуп өттү. Ага КРнын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, ошондой эле финансылык институттардын өкүлдөрү катышты.

Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча улуттук стратегия иштелип чыгат

Стратегия өнүгүп келе жаткан рыноктордо жеке секторду колдоого багытталган. Ал 2018-жылы жакырчылыкты жоюу жана жалпы жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча жеке сектордун потенциалын бекемдөө менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 23 миллиард доллар өлчөмүндө узак мөөнөттүү инвестицияларды жумшаган Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) техникалык көмөк көрсөтүүсү менен Улуттук банк тарабынан иштелип чыгат. Долбоор Швейцария тарабынан финансыланат.

Иш чарага катышкан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул стратегиянын бирден бир максаты калктын финансылык сабаттуулугун жакшыртуу болуп эсептеле турганын белгилеп, ошол эле учурда калктын финансылык сабаттуулугун көтөрүүгө, жергиликтүү бийлик органдары жана Билим берүү жана илим министрлиги жардам бериши керек экендигин айтты.

“Эсеп, депозит ачууга жана акча которууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, региондордо финансылык сабаттуулук боюнча маселе көп. Элдер пайыз эсептегенди билишпейт жана насыянын акчасын туура пайдалана албай, акыры төлөөгө келгенде маселе жаралат. Керектөөчү насыяларды тойго алышат. Бул – финансылык сабаттуулуктун жоктугу дегенди билдирет. Бул стратегиянын бирден-бир максаты – финансылык сабатуулукту көтөрүү болуп эсептелинет” – деди Т.Абдыгулов.

Борбор Азияда финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу долбоорун ишке ашыруунун негизги максаты болуп финансы уюмдары тарабынан сунушталган камсыздандыруу жана насыяларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү саналат. Кыргызстандагы финансылык жеткиликтүүлүктүн учурдагы абалын жана эл аралык практиканы эске алганда, жогоруда аталган улуттук стратегияда сунушталган продукттар чөйрөсүн (камсыздандыруу кызматтарын жана капитал рыногун өнүктүрүүнү кошо алганда), жеткиликтүү кызмат көрсөтүү түйүндөрүн, каналдарын кеңейтүү, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттар аныкталат.

Сакши Варма

Финасылык жеткиликтүүлүк бардык өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеген Эл аралык финансылык корпорациянын улуу адиси Сакши Варма: “Эгерде орто жана чакан бизнес же калктын кандайдыр бир катмары финансылык кызматтар тармагына кошулбаса, анда өлкөнүн өнүгүүсү жай жүрөт. Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча стратегия өзүнө Улуттук банк, Финансы жана Билим берүү жана илим министрлиги менен иш алып барып, финансылык жеткиликтүүлүктү киргизүү максатында бир катар иштер жасалат. Башкача айтканда, учурда жеткиликтүү эмес кызматтар аныкталып, ал көйгөйлөрдү кантип чечүү жолдору каралат”, – деп билдирди.

Кыргызстанда бардык банктык кызматтар көрсөтүлөт

Жакында эле Азия өнүктүрүү банкынын “Кыргыз Республикасы: өсүү потенциалынын жакшыруусу” изилдөөсүнө ылайык, өлкөдө финансылык кызматтардын калкты камтуусу төмөн. Алсак, кыргызстандыктардын 26%ында гана банктык эсептер бар. Изилдөөдө, Кыргызстан башка өлкөлөр менен салыштырганда Тажикстан менен бир деңгээлде болуп, Өзбекстан жана Казакстандан артта кала турганы айтылган.

Анткен менен, Толкунбек Абдыгулов финансы секторунун деңгээли жетишээрлик жогору экенин белгилеп, өлкөдөгү финансы мекемелери дүйнөдөгү болуп келген бардык кызматтарды көрсөтүп жатышканын билдирди. Анын айтымында банктык иштерге болгон нааразычылыктардын көпчүлүгү аймактардан келип түшөт. Финансы уюмдарынын кардарлары өздөрүнүн укуктары жана милдеттери тууралуу толук биле беришпейт. Насыя алган жарандар, башкалар үчүн дагы кепилчилик бергенге макул болушат. Насыяны төлөөчү сумманы накталай түрдө жакындарынын, тааныштарынын колуна беришет. Мунун баары финансылык сабатсыздыктан кабар берет.

“Эгерде Борбор Азиядагы мамлекеттер менен салыштырсак, биз алардан артта калган жокпуз. Өлкөдө ислам принциптерин сактаган банктар, мобилдик капчыктар, төлөм операторлору жетишээрлик. Бирок, бул чек эмес, планды андан ары өнүктүрүү үчүн дагы иштеш керек”, – деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

Ал кошумчалагандай, аймактарды өнүктүрүүдө калктын финансылык сабатсыздыгын жоюу кажет. Шаардагы жашоочулардын финансылык сабаттуулугу жетишээрлик. Үч жылдан бери Улуттук банк мамлекеттик органдар жана эл аралык донорлор менен биргеликте калктын финансылык сабаттуулугун жакшыртуу иштерин алып барып келет.

Финансылык сабаттуулук деген эмне жана ага кантип жетсе болот?

Финансылык сабаттуулук – бул адамдын акчага жана аны колдонууга байланыштуу ойлонулган туура чечим кабыл алуусу. Киреше жана чыгашаларды эсептеп, алдыга койгон пландарга финансы каражаттарын жөндүү коротуу максатын коюусу. Улуттук банктын изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргызстанда калктын үчтөн бир бөлүгү кирешелерин жана чыгашаларын эсептей турганы белгилүү болгон. Ал эми ар бир алтынчы жаран ай ичинде канча акча алып, анын канчасын кайда сарптоону билбей турганы да айкындалган.

Өлкөдө калктын финансылык сабаттуулугу начар экени көп эле айтылып келет. Маселен, той-аштарды өткөрүү максатында насыя алгандарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Бирок, бул адат азырынча токтобой келет. Мындан тышкары насыя алууда тууган-туушкан, таанышбилиштерге кепил болуп берген учурлар дагы жок эмес. Ал эми өлкөдө негизинен накталай эмес акча колдонууга өтүү максатында иштер жасалып, пенсия, жөлөк пул, маяналар банктык карталар аркылуу берүүгө өткөрүлгөн. Бирок, калктын көпчүлүк бөлүгү банктык картаны акчаны накталоо үчүн колдоно турганы аныкталган. Адистердин айтымында, бул нерсе аймактарда банкоматтар орнотулганы менен накталай эмес төлөм кабыл алуу жөнгө салына электиги менен байланышкан.

Мына ошол финансылык сабатуулукту жоюу үчүн Улуттук банк ар кандай ишчараларды уюштуруп келет. Алсак, калктын финансылык сабаттуулугун артыруу кербени, жыл сайын өткөрүлүүчү “Акча жумалыгы” ж.б. Аталган иш чараларда насыяны туура пайдалануу, чыгаша-кирешени талдоо, чыгашаларды азайтып, акча топтоо керектиги жана ошол топтогон акчаны банктык депозиттерге, мамлекеттик баалуу кагаздарга салуу аркылуу сактоо, көбөйтүү сунушталып келет. Ошондой эле акчаны жөн эле сактоого караганда каражаттын жүгүрүп туруусу пайдалуу экендиги да. Ал үчүн бизнес баштап же жүрүп жаткан бизнеске каражаттарды жүгүртүү зарыл. Мал алып же жер айдоого да салса боло турганы белгиленет. Акчаны пайдасыз коромжулоодон сактанып, аны туура жана сарамжалдуу пайдалана билүү, “үй-бүлөлүк бухгалтерия жүргүзүү” сыяктуу негизги принциптерди унутпоо зарыл.