Караколдогу мушташ: Сабагандардын бири депутат экени аныкталды

Караколдо спорт мектебинин машыктыруучусун сабагандардын бири мурда Каракол шаардык кеңешинде «Улуу Кыргызстан» фракциясынан депутат болгонМаксат Касенов экени аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнөн  билдиришти.

«Окуядан кийин дароо эле шектелип, 2 адам кармалган, алардын бири Максат Касенов болчу. Аларга 48 саатан кийин 9-июнда Каракол шаардык сотунун чечими чыгып 2 айга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабырлануучу Акысбек Өмүрбековдун абалы учурда турукташып калганын дарыгери кабарлады.

«Жакшы болуп калды, жандандыруу бөлүмүнөн которулган. Учурда абалы туруктуу», — дейт Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Рысбек Жусупов.

Эскете кетсек, 7-июнда Каракол шаарындагы «Алга» спорт мектебинин машыктыруучусу Акысбек Өмүрбеков катуу сабалып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.