Жалгыздык же карылыктын азабы

Нурзада САГЫНБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Кымбатым” моноспектаклин белгилүү драматург Николай Коляданын пьесасынын негизинде режиссёр Шамил Дыйканбаев иштеп чыгып, театр сүйүүчүлөрүнө сунуштаган эле. Эмгекте түбөлүктүү тема, таасирдүү ойлор айтылат.

Ошондо кыз жигитке айтты: “Бир гана шарт менен сенин жарың болом. Мага энеңдин жүрөгүн алып кел!” Жигит энесинин жүрөгүн сууруп алып, сүйгөнүнө чуркап жөнөдү. Шашып бара жатып мүдүрүлүп-чалынып, жүрөктү жерге түшүрүп алды. Ошондо эненин жүрөгү: “Уулум, эмнеге шашасың? Ооруксунуп калган жоксуңбу?” (Уламыштан үзүндү)

Оор улутунган эне терезени карап, өзүнчө ойго батат. Кызык… Анын күткөнү эмне? Эмнеге ал анчалык айланасын телмире карайт? Түйшүктүү жашоонун түгөнгүс азаптарынан тажаганбы же карыганда жалгыздык жанына батканбы?

Карыган эненин көздөрү ойлуу, анан да абдан муңдуу… Беттериндеги саймаланган бырыштары эненин көп жылдык түйшүгүн айгинелеп турат. Агарган чачтары анын арман-азабы, ичте катылган касирети өңдөнөт. Каректери жашка толгон. Тээ алыстарды кароодон, анан да жалгыз уулун күтүүдөн эгерим чарчабайт.

Жанында жан адам жок. Үй ичин жагымсыз жымжырттык ээлеген. Болгону, анда-санда гана карылыгы жеткен мышыктын алсыз мыёлогону билинээр-билинбес угулат.

Эненин эрмеги мышык. Ага кээде кобурап, сүйлөнүп коёт. Ичтегисин айтып алганына жеңилденип калат.

Анан болбой эле уулу эске түшөт. Сагынычтан эне жүрөгү күйүт тартат. Кусага батат. Жалгызсырайт. “Тиричилик, ошол баласынын келечеги” деп тынбай иштеп жүрүп, чор баскан колдору менен терезени кармап алып, узун жолду тиктеп, уулун күтөт.

* * *

Эненин кыймыл-аракети бий сыяктуу. Дал ошол жест, мимикадан эненин бардык эмоциясы көрүнүп турат. Ка армандын мышыкка айткан монологу – ал анын бүткүл кайгысы, муңу, азабы. Монолог – эненин ушунчалык кейиштүү ички арманынын түпкү себептерин улам сууруп чыгара берет. Ал каармандын жашоого болгон ишенимин, жаркын үмүттөрүн бекемдеп, кайра аны жоготкондой алдастоо сезимин пайда кылат.

Моноспектакль терең маанини камтыйт, ошол эле убакта абдан жеңил “окулат”. Ритми да бир башкача, абдан таасирдүү. Анан да жетишээрлик музыкалуу жасалга. Көрүүчү каарман менен жалгыз калат да, окуя бүтөөр-бүткүчөктү жан дүйнөгө жай бербеген “ойготуучу” ойлор менен алек болот.

* * *

Ада Сергеевна карапайым жумушчу катары көп жыл маңдай терин төгүп, ак иштеди. Кыйынчылыкка майышпай, чыдамдуулук менен баарын көтөрдү. Уулун колунан келишинче бапестеп, багып өстүрдү. Ага энелик мээримин төктү. Бирок, өзү минтип алдан-күчтөн тайыган мезгилде медер туткан жалгызы борбор шаарда калып үйлөнөөрүн, карыган энесин таштап кетип калаарын ойлогон эмес.

Ошол жалгызы деп жашаган экен шордуу эне. Башкалардай эле карыганда төрдө отуруп, баласынан жылуу сөз угуп, келининин колунан ысык чай ичип, неберелерин эркелетип, дөөлөт көрөм деген эле да. Эх! Аздектеп чоңойткон уулу ушунчалык мерез беле! Каруу-күчкө толгон сомодой уулу аны багып, жанында болуудан эмнеге баш тартты?! Адамзатын адаштырган таш боордуктун чеги болоорбу!

* * *

Терезе… Эне… Мышык… Бул үчөө биригип, адамдар анчейин байкай албаган жашоодогу өкүт, карылыктагы арман, күйүт, жалгыздыктын ыйын чагылдырган аянычты көрсөтүп турат.

Өзүнчө ой багасың. Турмуштун миң-сан сыноолоруна жооп издеп, адамгерчиликтин ачкычын таппай ашыгасың. “Ада Сергеевнанын азаптуу тагдыры атаэнелердин башына келбесин!” – деген боор ооруу, толгонууга кабыласың.

Ал эмес карыган мышык да сен үчүн өтө аянычтуу көрүнөт. А үйдүн терезелеринин томсоруңку, кунарсыз көрүнүшү ойлоруңду алда-кайда жетелеп: “Үйүңдү кунарсыздыкка калтырба! Терезеңден дайыма шаттуулук, жарык жашоонун учкундары чачырап турсун!” – деген түшүнүктү берет.

Эмгекте башкысы: “Адам эмне үчүн жашайт? Жалгыз гана эне менен мышыктын элеси көрүнүп турган эмне болгон терезе?” – деген суроолорго жооп изделет.

Анда жаркын үмүттөрү талкаланган эненин уулуна болгон сүйүүсү ишенимдүүлүк менен чагылдырылган. Аталган пьеса эң эле жөнөкөй адамдын көйгөйүн тереңден алып чыккандыгы менен баалуу.