Оозуңду ачырган онунчулар

Даярдаган Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Футболдо оюнчулардын номуруна карап, анын кайсы позицияда ойной турганына маани берилет. Маселен 9-11-номурлар көбүнесе чабуулчуларга таандык болсо, 1-номерлер негизинен дарбазачыныкы. Ал тургай айрым футболчулар номерлерге өзгөчө маани берип, кайсы командага барбасын өзүнө жаккан гана номер менен ойношот. Бул жолу “Футбол дүйнө” рубрикабызда күйөрмандардын сүймөнчүгүнө ээ болуп, командасынын лидерлигине жетишип, оозду ачырган онунчу номурлар тууралуу кеп кылабыз.

Онунчу номердеги футбол мыктылары

Онунчу номерде ойногон эң легендарлуу оюнчулар бразилиялык Пеле жана аргентиналык Диего Марадона. Алар көрсөткөн оюнду азыркы күнгө чейин тамшанып кеп кылып келишет.

Диего Марадона менен Пеле

Португал тилдүү Пеле футбол улуттук идеологиясы катары бааланган Бразилияны үч жолу дүйнө чемпиондугун багындырууга жардам кылган. Ал салган чыйыр жол менен азыркы күндө көптөгөн бразилиялык футболчулар дүйнөнү багындырышууда. Ал киргизген 1289 голго футболчулар жакынкы учурда жетиши күмөн жаратат.

Ал эми Марадона 1986-жа на 1990-жылы Аргентинаны дүйнө чемионатынын финалына алып чыккан. 1990-жылы бул турнирдин алтын медалын багындырган соң, Марадона футбол дүйнөсүндө легендага айланган.

Башка планетадан келген Месси

23-сентябрь күнү эл аралык футбол федерациясынын версиясына ылайык, Лионель Месси жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Күйөрмандар Мессини башка планетадан келген деп белгилешет. Ал мындай салыштырууга койгон рекорддорунун космостук көрсөткүчү менен татыган. Алсак, ошол эле “Алтын топту” беш жолу багындырган. Мындай көрсөткүч Криштину Роналдуда гана бар. Ал дагы 5 жолу бул сыйлыкты багындырган  болчу. Месси “Барселона” клубунда да, Аргентина курама командасында да 10-номер менен ойнойт.

Мессинин күйөрмандарынан сындагандары да жок эмес. Алсак, клубдук карьерасында оюнчу болгон рекорддорду жаңыртканы менен Аргентина курама командасы менен бир дагы алтынды багындыра алган жок. Анын 2016-жылы Америка кубогундагы финалдык оюнунда чечүүчү пенальтини аткара калбай калганы ошондогу оюнчунун карьерасындагы мүчүлүштүгү катары эсептелип келет.

Борбор Азияга чейин келген Ривалдо

Алтын топтун дагы бир ээси бразилиялык Ривальдо карьерасынын башында “кыйшык буттуу өрдөк” деген лакап атка ээ болгон. А бирок кийин өзүнүн талыкпаган эмгеги жана өзгөчо талантынын арты менен футбол дүйнөсүнүн эң чокусуна чыга алган.

Ривальдо өз жашоосунда 16 клуб алмаштырган, анын мыкты оюн көрсөткөн учуру “Барселона” клубунда жүргөн учуруна туш болот. 1999-жылы “Алтын топту” багындырган Ривалдонун капчыгында клубдук чемпионаттардан Испаниянын, Италиянын, Бразилиянын, Грециянын жана Өзбекстандын чемпиондук медалдары бар.

Ал эми улуттук курама командасы менен дүйнө чемпиону, конфедерация кубогу жана Америка кубогун багындырган. Учурда оюнчу өз карьерасын баштаган «Моджи-Мирин» клубунун президенти болуп эмгектенүүдө.

Футболго жаркырап кирип, “өзгөчө” кеткен Зидан

ФИФАнын жыйынтыгы боюнча 1998, 2000, 2003-жылдары “Жылдын оюнчусу” болгон, учурда испандык “Реал Мадрид” клубунун машыктыруучусу Зинедин Зидан 2004-жылы акыркы 50 жылдагы УЕФАнын мыкты оюнчусу деп аталган.

Мындан тышкары түбү алжирлик француз оюнчусу клубдук карьерасында Италиянын, Испаниянын чемпиону, Чемпиондор лигасын багындырган. Ал «Канн», «Бордо», «Ювентус» жана «Реал Мадрид» болуп, 4 клубда ойногон.

Зидан 1998-жылы улуттук курама команданын лидери катары Франция курама командасын алдыга сүрөп, ал жылы дүйнө, 2000-жылы Европа чемпиондугуна жете алган. Жаркырап футболго кирип келген оюнчунун карьерасын жыйынтыктоосу өзгөчө болгон. 2006-жылы Франция курама командасын капитан катары баштап барган Зидан Германияда өткөн дүйнө чемпиондугунун финалдык оюнунда италиялык Марко Матераццини көкүрөккө сүзүп, оюндан чыгарылган. Натыйжада Франция курама командасы өзүнүн капитанысыз Италияга утулуп, дүйнө чемпиондугунан кол жууп калган.

Испандыктарды сүйдүргөн жана күйдүргөн Фигу

2001-жылы ФИФА тарабынан мыкты оюнчу катары табылган португалиялык Луиш Фигу Испаниянын “Барселона” клубунда ойноп, команданын капитандыгына чейин жеткен. Клубдук карьерасында “Барселона” менен көптөгөн бийиктиктерди багынткан Фиго чемпиондор лигасына жете алган эмес.

Мындан улам 2000-жылы каталондуктардын элдешкис атаандашы мадриддик “Реалга” өтүп кеткен. Дал ошондо мадриддик клубдун 10-номерин алган эңсеген чемпиондордун кубогун багындырган. Анткен менен ал каталондук клубдун күйөрмандарынын эсинде “иуда” катары сыпатталып келет.

КМШдан чыккан чыгаан онунчу – Аршавин

Эсил кайран СССРдин урашы менен андан бөлүнгөн өлкөлөрдүн футболчулары өз улуттук курама командаларына бөлүнүп, бир кездерде дүйнө биринчилигинде фаворит катары катышып жүргөн оюнчулар чачырап кетишти. Натыйжада КМШнын командаларында болсо, бирден футболчу дүйнө элине тааныла алды. Алардын бири Россия курама командасынын жарым коргоочусу Андрей Аршавин.

Ал 2008-жылы “Алтын топ” үчүн болгон добуш берүүдө алтынчы орунга чыга алган. Мындан жогору көрсөткүч болуп, “Алтын топту” багындырган КМШ өлкөлөрүнөн украиналык Андрей Шевченко гана бар. Аршавин Россия биринчилигинде «Зенит» командасы менен УЕФА кубогун багындырууга жетишкен. Мындан тышкары Улуттук курама командасы менен 2008-жылы Европа биринчилигинде коло медалдарын багынтууга жетишкен.

Анын Европа талааларында ойногонунан улам, аны лондондук “Арсенал” клубу сатып алган. Ал жактан “Ливерпуль” командасына бир оюндан 4 гол киргизип, жараткан “покери” футбол сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. Анткен менен Аршавин кийин оюнга мотивациясын жоготуп, оюнунун сапаты начарлап Казакстандын биринчилигинде жүрүп карьерасын жыйынтыктады. Учурда бир кездеги КМШнын мыкты оюнчуларынын бири телевидениеде талдоочу болуп эмгектенип жатат.

Шайыр «сыйкырчы» Рональдиньо

Бразилиялык дагы бир онунчу номер менен таанылган футболчу – Рональдиньо. Ал бир канча клубдарда ойногону менен Испаниянын “Барселона” клубунда ойноп жүргөн учуру футбол күйөрмандарынын эсинде. Мүмкүн болгон сыйлыктардын баарын багынткан Роналдиньонун капчыгында дүйнө чемпиондугу, чемпиондор лигасынын медалдары бар. Бул оюнчу ушундай эле эки жолку “Алтын топтун” ээси.

Футболго өзгөчө кооздук алып келген Роналдиньо өзүнүн шайырлыгы жана көрсөткөн футболу үчүн “Сыйкырчы” деген лакап атка ээ болгон. Ошентсе дагы бул оюнчу футболдо мүмкүн болгон бийиктиктерди багынткан соң, мотивациясын жоготуп, оюну начарлай баштаган. Футбол сүйүүчүлөр “Роналдиньонун жалкоолугу болбогондо анын аткаруусундагы футболдук шедеврлерге дагы да күбө болот элек” деген түпөйүл пикирди айтып келишет.

Алтын топ багынбаган “Рим императору” – Тотти

Өмүр бою Италиянын “Рома” клубунда ойногон Франческо Тотти өзүнүн узун карьерасында көптөгөн бийиктиктерди багындырган. Италияда күчтүү клубдардын бири эсептелген “Рома”, Европада көзгө ала турган сыйлыкка жете алган эмес. Мындан улам заманыбыздын эң мыкты оюнчуларынын бири “Алтын топту” багынтта албаган.

Тотти багынткан сыйлыктардын эң салмактуусу – 2006-жылдагы Германиядагы дүйнө чемпионатындагы алтын. Анткен менен заманыбыздын мыкты делген футболчуларынын бири бир клубга берилгендигинин айынан “Алтын топту” багындыра албай калгандай сезилет. Анткени, учурунда “рим императорун” дүйнөлүк гранддарга ойноого чакырууларды алган, бирок өз клубунан кеткен эмес.