Баткен: Илимий кадрларды өстүрүүгө шарт түзүлдү

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүндөгү илимий маселелерди тез жана натыйжалуу чечүүнү камсыздоо максатында, буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн алдында илимий-техникалык кеңеш (ИТК) түзүлгөн. ИТКнын экинчи кеңешмеси 26-сентябрда Баткен мамлекеттик университетинде өттү.

Кеңешмеде КРнын Улуттук илимдер академиясы менен Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосунда макулдашууга кол коюлду. Ага УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев менен Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров кол коюшту.

Макулдашуунун максаты – илимди өнүктүрүү жана илимий изилдөө жүргүзүү жаатында өз ара кызматташууну жөнгө салуу. Баткен облусунда илимди өнүктүрүүгө жана илимий изилдөө жүргүзүүгө багытталган иштиктүү кызматташуу, илимий-инновациялык жана илимий-билим берүүчүлүк долбоорлор менен программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Макулдашууга ылайык, Баткенде УИАнын түштүк аймактык бөлүмүнө караштуу медициналык-социалдык, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү проблемалык лаборатория ачылды. БатМУнын базасында “Илимге жол” аттуу, “Студенттик волонтёрдук кыймылы” жана “Прикладдык илимий изилдөөлөр жана инновациялардын Баткендеги илимий окуу борбору” аттуу стартап долбоорлор сунушталды. Бул иш-аракеттер “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында жергиликтүү адистердин илимий деңгээлин жогорулатууга багытталат.