Онкология борборун оңдоого 7,7 млн сомдук тендер жарыяланды

Саламаттыкты сактоо мнистрлиги Улуттук онкология борборун оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун капиталдык ремонтуна 7 млн 705 миң 531 сом жумшоо пландалууда.

Сынакка билдирмелерди кабыл алуу ушул жылдын 3-июлунда аяктайт.

Булак «Марал»