Айылчы САРЫБАЕВ: «Коомчулук пикириңди кубаттап турса, аракеттер жемиштүү болот»

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


Жакында эле мамлекетибиздин өнүгүүсүндө артыкчылыктары менен айырмаланган инсандар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Алардын арасында “Журт атасы” деген ардактуу наамдын ээси, Экономика жана финансы институтунун ректору, экономика илиминин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев дагы бар. Эгемен Кыргызстандын экономикасынын түптөлүшүндө салымы зор профессор Айылчы агабыз “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наам-сыйлыгына ээ болду. Айылчы Сарыбаев мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон инсандарды куттуктоо менен бирге күңгөй-тескей маселелерди камтыган жагдайлар туурасында маек берди.

– Агай, сыйлыгыңыз кут болсун! Ушул даражага жеткениңизге чейин эле далай жолу сыйлыктарга ээ болдуңуз. Бул жолу көнүмүш адаттан тышкары толкундадыңызбы?

– Мен өзүм өмүр бою жалпы журтума илимпозэкономист катары таанылып, коомдук жашоо турмушта, саясий чөйрөдө ар бир маанилүү окуяларга көз карашымды, ачуу чындыкты жар салган реалдуу замандаш катары таанылдым. Басып өткөн ургаалдуу жылдарымда атак-даңк кубалабай, чоң кызмат, мамлекеттик сыйлыктарды сурап Ак үйдөгү билермандардын эшигин черткилеп көргөн эмесмин.

Маркум досум, замандашым, кыргыз журналистикасына өз чыйырын салып, зор эмгек өтөгөн Алым Токтомушев: “”Эл жазуучусу”, “Эл акыны” деген наамдарды Президенттин Указы менен тапшырып коюшту, бирок ошол наамдарды алган адамдардын чыгармаларын бардык адамдар окуган жок да. Өз чөйрөсүндөгү адамдар, адабий чыгармачыл дүйнөнүн адамдары окушкан чыгар”, –деп калаар эле.

Чындыгында эле ушул жогорку даражалуу наамдарды ыйгаруу союз мезгилинде, элдин жашоосу жапырт бир деңгээлде болгон учурда адатка айланды эле. Ал мезгилде баарыбыздын айлык маяналарыбыз дагы окшош болчу. Социалисттик түзүлүштө алдыңкы сапта жан үрөп иштеген адамдарга материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн жана башка интеллигенция, жумушчу топторуна үлгү болсун деген максатта сыйлыктар тапшырылчу. Өз мезгилинде сыйлыктарды тапшыруу, сыйлыктарга ээ болуу деген абдан жакшы жөрөлгө болгон. Ал мезгилдерде алтын медаль, кызыл дипломдор, атайын кызматтарга, эл агартуучуларга, саламаттыкты сактоо өкүлдөрүнө отличник төш белгилери сейрек берилип чыныгы татыктууларга тапшырылып турчу. Азыр болсо бул сыйлыкты алгандар козу карындай жайнап кетти. Татыктуусу деле, татыксызы деле алып жатышат. Ушул наамдарды сатып алышып, пенсия-пособиелерин көбөйткөндөр аябай көбөйүп кетишти. Ошол мезгилдерде бул наамдар сатылып, товарга айланып калгандыгына өзүбүз күбө болдук. Ошондуктан мамлекеттик чоң сыйлыктарга умтулбай эле өз жолубуз менен өз иштерибизди жасап келдик. Анан окумуштуулар чөйрөсү, өзүм жетектеген жамаатым сыйлыкка көрсөтүп, документтеримди даярдап жөнөтүп коюшкан экен. Биринчи Май райондук, Бишкек шаардык сыйлык берүү комиссияларынын мүчөлөрү эч кандай маселе жаратпай эле объективдүү карап, Президенттин аппаратына өткөрүп беришиптир. Айтор, кеч болсо дагы элге жасаган эмгегим бааланып, татыктуу сый-урматына ээ болдум. Демек, сыйлыктарды ыйгаруу жаатында дагы алга карай адилет жылуулар болуп жаткандыгынан кабардар болуп, жылуу ойлорго кабылдым. Президенттин сыйлык тапшыруу учурунда залда сыйлана турган атуулдардын бардыгы эле мен курдуу, улуу муундун өкүлдөрү экендигин байкадым. Калктын карапайым катмарын толуктаган өнөр адамдарынын, мугалим-врачтардын сыйлык алуу учурунда кубангандары өзгөчө болду.

Мындан мурунку мезгилдерде ушул сыйлыктарга ээ болгон адамдардын айлыктарын, пенсияларын көтөрүп берүү демилгелерине каршы болгондордун бири мен болчумун. Спекульяцияга айланып, көптөгөн адамдардын 40-50 жыл иштеп аз өлчөмдөгү пенсия менен калып калышкандарына ошол сыйлыктарды сатып алып, же болбосо ортодон бир аз жыл депутат боло калып, жакшы иштерде иштей калып, пенсияларын 60-70 миң сомго чыгарып алышкан адамдар күнөөлүү. Бул көрүнүш бизде мыйзам чегинде аткарылып келинди. 2017-жылы мамлекеттик наамга, сыйлыктарга ээ болгон адамдардын айлыкпенсияларын көтөрүп берүү жагы таптакыр жоюлду. Сатып алуу жолу менен айлыктарынпенсияларын көтөрүп алуу амалдарына бөгөт коюлду. Мен каршы болгон жагдайлар ушундайча ишке аша баштаса кубанам. Анткени коомдогу адамдардын жашоосун жакшыртып, келечекке ийгилик алып келе турган жагдайларды пайда кылчу аракеттериң ишке аша баштаганы кубаныч эмеспи. Серепчи катары айткан кеп-сөздөрүң, баамдаган орунсуз жагдайлар туурасындагы маалыматтарың калк катмарына жетип, коомчулук пикириңди кубаттап, кеңештериңди көкүрөккө түйүп, кабыл алынып ишке аша баштаганы чоң кубаныч алып келет. Мамлекеттик сыйлыкты алганга караганда ошол чоң сүйүнүч алып келет. Коомдук жайларда эл арасында жүргөн мезгилде бейтааныш бирөөлөр мени менен ал-жай сурашып, жадырап-жайнап учурашып койсо, мен үчүн ошол дагы чоң сыймык. Жалпы эл эмгегиңди баалап, сыйлап-баалап турса андан өткөн бакыт барбы? Эл катарында опол-тоодой эмгек өтөгөн адамдардын эмгектери моралдыкматериалдык жактан сөзсүз бааланышы керек. Бул сөзсүз керек.

– Басып өткөн жолуңузда көптөгөн сыйлыктарга ээ болдуңуз. Алгачкы алган сыйлыгыңыз эсиңизде калгандыр?

– Албетте, мен эң алгач “Профсоюз уюмунун отличниги” төш белгиси менен сыйлангам. Мен өзүм Профсоюз Федерациясынын Борбордук комитетинин Президиумунун мүчөсүмүн. Андан тышкары Кыргыз Республикасында мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын жетекчисимин. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн сайын кубанып турам. Киндик кан тамган Жумгал районундагы Кайырма айылынын, Жумгал районунун, Сары Өзөн Чүй облусунун ардактуу атуулумун. Ошону менен бирге Сары Өзөн Чүй облусунун “Кеменгер” сыйлыгына ээ болгом. “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” – деген алтын-күмүш төш белгисин дагы тагындым өз убагында. “КРнын ардактуу инсандары” деген коому тарабынан “Журт атасы” деген бийик сый наамга ээ болдум. Ушул бийик наам мамлекетибиздеги татыктуу катары сый-урматка ээ болгон 10 адамга ыйгарылды. Андан соң финансы министрлигинин, билим берүү министрлигинин төш белгилгилерине эбакта эле ээ болгом. Өз адистигиме байланыштуу көптөгөн эл аралык уюмдардын, мекемелердин сыйлыктарына дагы ээ болдум. Бир нече шакирттеримдин илимий иштерине жетекчи болуп, 10дон ашуун илимдин докторлоруна, ар кандай багытга жетекчи болдум. Ошол багыттардын бирөө социалдык багыт. Анын жетекчиси Саякбаева Айканыш учурда ушул багыттагы чоң адис, окумуштуу. Бирөөсү Алыбаев Жапар агрардык сектор боюнча чоң адис. Өзүнүн мектебинде шакирттерин тарбиялап, ири ийгиликтерди жаратууда. Ал эми алардын бири Жапаров Турдубек инновация, илим, техника боюнча финансылык жактан чоң адис. Турдубек бул багытта биринчилерден болуп кандидаттыгын жактап, илимий ачылыштарды жасады, докторлугун жактады. Жалпы Кыргызстан боюнча бул жигиттин алдына чыккан эч ким жок. Б.Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип мырза маданият жана искусство тармагын кантип, кандайча каржылоо керектиги боюнча чоң адис болуп жүрөт. Ушул сыяктуу 10 чакты маанилүү тармактарды изилдеп жүргөн илимдин докторлору, 40тан ашуун кандидаттарым бар. Ошол шакирттеримдин Мекенге жасаган олуттуу иштеринин жыйынтыгы , мага жасаган сыйурматтарынын корутундусу ушул акыркы жолу алган, “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наам-сыйлыгы болду окшойт.

– Учурдагы жалпы экономикалык абалга кандай баа бересиз?

– Жалпы экономикалык абал туурасында далил жок айта берүү, куру сөз сыяктуу. Борбор калаабыздагы экономикалык абал тууралуу кабар алгыбыз келсе, таң эрте менен маршруттук таксиге түшүп байкоо зарыл. Саат 6лар чамасында калктын кайсы категориясындагы адамдар унаага түшөт, саат 7 менен 8дин ортосунда кимдер , андан кийин калктын кайсы катмарлары унаага түшө тургандыгы маалым. Ошол элдин жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү биздин ушул күндөрүбүздөгү экономиканын барометри. Мурунку учурда таң эрте автобус-троллейбустарга жалаң эле жумуштарына, завод-фабрикаларга шашкан адамдар толуп калчу. Азыр таң эрте унааларга базарда, дүкөндөрдө иштеген адамдар, андан кийин окуучулар, студенттер, мугалимдер, медицина кызматкерлери түшүшөт. Шашке ченге жакындаганда пенсия курагындагы, жумуш издеген жумушсуздар, дүкөн-базарларга бара жаткан калк катмары түшөт. Ошол маршруттук автобустар биздин экономикабыздын абалын баяндайт.

Маршруттук таксилер качан пайда болду эле? Өткөөл учурда завод-фабрикалардын баары жабылып, бюджетке бир тыйын салык түшпөй калганда, автопарктардын, троллейбус деполорунун дагы иштери токтоп, автобустар, троллейбустар токтоп калган. Ал мезгилде менчик машинелер дагы аз болуп, адамдардын жөө-жалаңдап шаар ичинде мектепке, жумуштарына шашып жүргөнү эсибизде. Анан маршруттук таксилер пайда болду. Бул экономикабыздын абалына жараша пайда болгон таксилер эле. Жылданжылга машинелүү адамдар көбөйгөн сайын маршруттук таксилер дагы азайып бара жатат. Шаар ичинде коомдук автобустар, троллейбустар көбөйүүдө. Демек аз болсо дагы мамлекетибиздин экономикасы өсүпөнүүдө. Замандаштарыбыз мамлекетте пайда болгон кыйынчылыктарга карабай өз арабаларын тартып, аракеттенип жатышат. Аракеттердин акыбети кайтып, экономикалык өсүүлөр байкалууда. Коомубузда алга карай жылыштар болуп, эл турмушу оңолууда.

– Жумушсуздук катмары тууралуу айтсаңыз?

– Бул маселе курч бойдон калууда. Көк пакет көтөргөн жумушсуздар Лев Толстой көчөсүндө кыркалекей тизилет. Ал эми Токмок шаарынын, Москва районунун чет жакасында жалданма жумушчулар тизилип, талаага алып барып күнүмдүк иш берүүчү адамдарды күтүшөт . Реалдуу жашоо турмуштун бир чындыгы мына ушунда жатат. Айыл чарба жаатында эмгектенип, өндүргөн продукцияларын сата албай кыйналган адамдар дагы көп. Ошондуктан сырттан келген азык-түлүктөрдү азайтып, өзүбүздүн өңдүрүүчүлөрүбүздүн азыктарын сатыкка чыгарсак, айыл чарбасын мындан ары дагы өнүктүрүүгө шарт түзгөн болоор элек. Бирок азыр биздин мамлекетте статистика боюнча маалымат бергендер көбөйдү. Айткан сандары туурабы же жокпу аны эсепке албай эле статистика тууралуу маалыматтарды беришет. Антели десек ЖОЖдордо статистика боюнча сабак берген адам жок, студенттер бул багытта эч кандай тыянактуу маалыматтарга ээ эмес. КРнын Өкмөтүнө караштуу статистика комитетинде дагы реформа жок. Анткени ал жерге депутаттык орундарды, папкаларды бөлүштүрүү мезгилинде орун жетпей калганын ошол комитетке жетекчи кылып жөнөтүшөт. Ал жерде эмгектенген адамдардын квалификациясын көтөрүү, окутуу деген маселелер арткы планга калып кеткен. Туура эмес статистикалык маалыматтардын натыйжасында туура эмес мыйзамдар кабыл алынып жатат.

Элибизди бакубат жашоодо кармоо үчүн өзүбүз өңдүрүп жаткан продукциялардын сапатын арттырып, өз элибизге сатышыбыз зарыл. Бирок бизде сапаттуу азыктарды экспортко жөнөтүп, сапаты начар азыктарды элибизге сунуштайбыз. Кийим кече жагынан дагы ушундай абалдабыз. Элибиздин бакубат жашоосу, мамлекетибиздин бакубаттуулугу үчүн ар бирибиз кары-жашыбызга карабай салым кошууга милдеттүүбүз.