“Кыргыз Туусуна” – 95 жыл: Ордолуу гезиттеги отуз жылым

Эмгек жолум орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн башталып, сырымды айтсам, мектепте иштеген жылдарымда эмнегедир мага бир нерсе жетишпегендей болуп, бир жак капшытым толбой турчу. Анткени мектепте көбүнчө окууну жаңы бүтүп келген жапжаш мугалимдер көбүрөөк эле. Алардын арасында иштеп жүрүп эмнегедир ушунчалык нускалуу, таасирлүү сөздөр менен сүйлөгөн кеменгер аксакалдардын бакубат келбети көз алдыма элестеп, алардын насаат сөздөрүн угууну дилимде көп эңсечүмүн.

Ошентип 1985-жылы мектеп менен биротоло коштошуп, азыркы “Кыргыз Туусу” (ал кездеги “Советтик Кыргызстан”) гезитинин редакциясынын астанасын аттадым. Ал кезде “Советтик Кыргызстан” гезити коммунисттик партиянын органы катары өлкөбүздө абройлуу, барктуу, таасири күчтүү гезит болуп турган. Адеп редакциянын босогосунан ичкери киргенимде эле өңдөрү тааныш, жылуу жүз адамдарды кезиктирдим. Алардын бардыгы мага ушул ордолуу гезитте эмгектенген эң бактылуу адамдардай сезилип жатты. Бир тобу мен студент кезимде университеттен көрүп жүргөн эже-агайлар экен. Алар менен саламдашып, келген максатымды айтсам, бул маселе боюнча адегенде гезиттин жооптуу катчысы Ажымукан Түркмөновго кайрылуумду сунуш кылышты. Ажымукан агайды иш ордунан таптым. Маектешкен соң Ажымукан агай мени гезиттин башкы редактору Жаныбек Турсуновго алып кирди. Жаныбек Жумалиевич мага өтө сүрдүү көрүндү. Ичкери кирип эле салам айтып, босогодо туруп калдым. Ал саламдашкандан кийин мага суроолорду бере баштады. Аты-жөнүмдү, кандай максат менен келгенимди, кайсы окууну качан бүткөнүмдү, буга чейин каерде иштегенимди, үй-бүлөмдү, алтургай “жолдошуңдун чатагы жокпу?” деп да сурады. Жообума канааттанган соң:

– Болуптур, арызыңды жаз да, эртеңден баштап ишке кирише бер, – деди.

Дал ушундай диалогдордон кийин мен эртеси эле редакция жамаатына кошулуп иштей баштадым. “Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына барсаң бир киши” демекчи, гезит бетинен ысымдарын окуп жүргөн белгилүү улуу агайлар, эжелер менен аралашып, алардын нускалуу ойлорун угуп, кызыктуу кепкеңештерин тыңшоону мен өзүм үчүн чоң бакыт деп сездим. Ошентип Бектурсун Карабаев, Махмуд Гафаров, Жапар Саатов, Бейшебек Молдоисаев, Өкүмбек Жоробеков, Ажымукан Түркмөнов, Абылгазы Абакиров, Тилектеш Ишемкулов, Бектенбай Байбеков, Токтобек Мамытов, Бекбай Алыкулов, Токтомуш Өскөнов, Сабыр Абдылдаев, Кудайберген Исаев, Төлөн Насирдинов, Эсенбай Нурушев сыяктуу көптөгөн кызматкерлер менен ийиндеше иштешип, баарыбыз гезитибиздин көптөгөн даталуу юбилейлерин өткөрүүгө катыштык. Ошондогу эже-агайлардын бардыгы ардактуу эс алууга кетишсе, өкүнүчтүүсү учурда бир тобунун көздөрү өтүп кетти…

Ал эми өзүм ушул ордолуу гезитте туптуура отуз жыл эмгектенип, көптөгөн нерселерге күбө болдум. Отуз жыл ичинде не деген гана окуялар болбоду. Кыргызстандын ар бир бурчунан алынган бардык маалыматтар гезитибиздин беттеринен орун алып, а биз өзүбүз коомдогу болуп жаткан ошол окуялар жана акыл-насаатын айткан кесиптеш улуу эже-агайлардын нускалуу сөздөрү менен турмушка каныгып, жашоодо тарбияландык. Канчалаган белгилүү улуу инсандар менен болгон жолугушууларга таасирлендик. Эң негизгиси жашоонун ар түркүн кырлары менен сырларын ушул гезитте эмгектенүү менен түшүнгөнүбүз чындык.

Гезиттин түйшүгүн көтөрүп, чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп, төрт китептин автору жана сыйлыктарга ээ болуп, 2015-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Гезитибиздин алдыдагы 95 жылдыгы менен бардык кесиптештеримди куттуктайм жана эсте калган айрым окуяларды окурмандар менен төмөндө бөлүшкүм келди.

Батирдин азабы ай!..

Союз мезгилинде борбор калаада иштеген кыргыз жаштары батирдин азабын аябай эле тартышкан. Мен 1985-жылы жаңыдан ишке кирген “Советтик Кыргызстан” гезитинин редакциясында эмгектенгендер Өкмөттөн үй алуу кезегине турушуп, көп жыл иштегенден кийин гана үйлүү болушчу. Ошентсе да илгери үмүт менен канчалаган жаштар демөөрлөнүп иштешкен. Мен да кесиптештеримдин сунушу менен редакциянын профсоюз уюмуна арыз берип, чубалган кардарлардын акыркысы болуп кезекке турган элем. Ал учурда көпчүлүк жаштардын ар кайсы улуттагы, көбүнчө орус улутундагылардын батирине күнү түшүп турчу. Жаштардын ошол сексенинчи-токсонунчу жылдардагы батирден-батирге көчкөн кездери, тарткан азаптары биздин эсибизден эч кетпей калды. “Кедейди көчкөндө көр” демекчи, көчүп-конуп жүргөн кездер кандай түйшүк экенин башынан өткөргөндөр жакшы билишет. Ошондо эптеп бир кичинекей батирге чыкканыбызга сүйүнүп жолдошум экөөбүз өзүбүздү бактылуудай сезип калганыбызды эстесем азыр да аргасыздан бир жылмайып алам. Эң негизгиси өзүм каалаган ишке киргениме кубанычым койнума батпай, шарты жок батирде жашаганыбызга деле кайыл элек.

Жумуш аяктап, гезиттин жаңы номуруна кол коюлгандан кийин редакциянын дежурный “Волга” автомашинасы бизди үйүйлөрүбүзгө жеткиргиче таң куланөөк атып кетет. Өзүбүз иштен кеч чыгып абдан чарчап турсак да машинага түшкөнүбүздө күлкүбүз чыгып калар эле, бул да болсо жаштыгыбыздын күчү болсо керек. Ошондой күндөрдүн биринде жумуштан адаттагыдай түн ичинде чыгып, машинада кетип баратканыбызда орус айдоочуга:

-Коля ага, мени бүгүн Аламедин тарапка жеткирсеңиз, жаңы батирге көчтүм, – десем айдоочубуз жинденип чыкты:

– Түшүнбөймүн! Бу силер не деген калксыңар? Бүгүн биякка, эртең тигил жакка дейсиңер. Туруктуу жашаган дарегиңер да жок!..

– Ачууланбаңыз, Коля ага. “Жумуштан кеч келет экенсиң. Уйкумду бузуп, тынчымды аласың”, – деп кожоюн мурдагы батирден чыгарып салды. Ошондуктан бул жакка көчүп келдим, — дейм. Анан калса жаңы батирим да шумдуктуудай жерде болчу. Чукул бурулуштары көп, ичке, тар, караңгы көчөлөрдө боло турган, анткени батир табуу ал кезде өзүнчө бир чоң көйгөй, түйшүк, кыйын маселе эле.

Москвадан кабар күткөндө…

Ар бир иштин көрүнөө дагы, көмүскө дагы жагы болот эмеспи. Таңдан башталган жумуш күнүбүз түнкү саат үч же төрт, кээде таңга чейин да созулуп кеткен кез көп болчу. Ал кезде “Советтик Кыргызстан” гезити жумасына беш жолу чыкчу. Гезиттин күндөлүк санын чыгарууда редакция жамаатында көпчүлүк калемгерлер жооптуу болушса, ал эми басмакананын өзүндө жашыбыз жыйырма менен отуздун ортосундагы күжүлдөгөн күжүрмөн топ – жалаң жаштар иштечү элек. (Азыркы көпчүлүк иштерди компьютер менен бүтүрүп жаткан жаштарыбызга биздин ошол кездеги иштеген ишибиз балким жомок сыяктуу сезилиши да мүмкүн.) Подчитчик, корректорлор, гезит чыгаруучу, мындан тышкары арип терүүчүлөр, метронпаждар (коргошунга куюлуп түшкөн гранкаларды полосага кынаптап коюучулар) — булар басмакананын ичинде таңдан кечке, алтургай түнү бою тынбай жумуш бүткүчө тикеси менен тик туруп иштеген басма кызматкерлери эле. Сегиз сааттык жумуш күнүбүз көпчүлүк учурда он эки-он үч саатка созулуп кетчү, анткени Кыргызстан СССРдин курамындагы он беш союздук республиканын бири катары Москвадан берилүүчү маалыматтарды гезитке жарыялап турууга милдеттүү эле.

Түн бир оокумда биз күтүп жаткан маалымат-кабар Москвадан телетайпка келип түшүп, ленотиптер (арип терүүчүлөр) аны дароо тере салышчу да, а корректорлор коргошунга куюлуп түшкөн ар бир сапты гранкадан дароо окуй салып, каталардан арылтабыз. Андан кийин полосага жайгаштырылып, дежур редактор бир сыйра окуп текшерип чыгат. Ал эми полоса бетине батпай булактап чыгып калган “куйруктарды” маани-маңызын бузбай, өзгөртпөй кыскартуу да дежур редакторлор үчүн бир топ түйшүктөрдү жаратканы көзгө элестейт.

Эң аягында дагы бир дежур адам чарчабаган “свежий” көз менен гезитке чыгып жаткан бардык материалдарды бир сыйра окуп, алардын жайгашкан ордун, маалыматтардын, цифралардын, сүрөттөрдүн туура коюлганын башынан аягына чейин тыкыр карап, текшерип чыккандан кийин гана “басууга уруксат” деп кол коюлчу.

Сабира Күмүшалиеванын ак батасы

“Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт”, демекчи, “Кыргыз Туусунда” чогуу иштеген кыздар Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл артисти, кино жылдызына айланган Сабира Күмүшалиеванын батасын алсак деген аруу тилек менен анын үйүнө атайын барган элек. Бул 2004-жылдын 19-марты, Сабира апанын туулган күнү болчу. Сабира апанын босогосунан илбериңки небере кыз бизди тосуп алды. Улуу талант Сабира апабыз төркү бөлмөдө жайылган дасторкондун четинде куурчактай болуп жасана кийинип алып отурган экен. Залкарды көргөндө бардыгыбыз кубанычка батып, кучагыбызга ороп калдык. Атайы арнап алып барган апакай жоолугубузду башына салып, каалоотилектерибизди айтып, келген максатыбызды түшүндүрдүк.

– Мен өтө көп жашадым, – деди Сабира апа. – Кудайга, элиме абдан ыраазымын. Мээнетиңди алайындар, абдан жакшы кыздарым экенсиңер. “Кыргыз Туусу” улуу гезит эмеспи, ошондо иштейт турбайсыңарбы. Бүгүн келгениңерге ыраазымын, бүгүн менин туулган күнүм. Мен жашоодо көптү көрдүм. Силерге ырахмат, тез-тез келип тургула. Эч жамандык көрбөгүлө, балакетиң алайындарым. Оорубагыла, көп жашагыла. Калкка калыс болгула. Эл аман болсун, эл ичинде силер аман болгула! Улуттун жүзү болуп эмгектенген гезитиңерде телегейге тегиз караган калыстыгыңардан жазбагыла, мээнетиңди алайындар. Бактылуу болгула, оомийин! – деп ошондо бизге ак батасын берди эле.

Чыңгыз Айтматов келгенде

Ааламга атагы кеткен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов 2007-жылдын 21-февралында бизде мейманда болгон. Чыңгыз Айтматов менен бирге ал күнү бир топ жазуучулар, акындар, драматургдар да келишкени эсибизде. Эки саат бою кызыктуу аңгемелешип, чогуу сүрөткө түшүп, залкар жазуучудан эстеликке кол тамга да алып калган элек. Жашоо-турмуштун сырларын рентгенден көрүп тургандай, Чыңгыз агайдын ошондогу сүйлөгөн образдуу сөзү ойдон кетпейт.

Жашоо-турмуштагы тазалык жөнүндө кеп кылып, жазуучу кайсы үйдүн короосунда кермеде кир жайылып турган болсо, аны көргөндө кубанып каларын айтып таң калтырган. Анткени жуулуп, кермеде жайылган кирлер ошол үйдүн тазалыгын, ал үйдүн куту болгон аялзатынын тыкандыгын, аруулугун айгинелеп тургандыгы менен жазуучунун көңүлүн бурган экен. Анткени ал үйдө камкор аялзаты, мээримдүү эне, сүйүктүү жар бар. Андай асылзаданын колунан береке төгүлүп, жүзүнөн жылмаюу башбагып, сөзүнөн бал таамп, баскан изинен бакыт күлүп турары сезимтал, чыгармачыл адамдын ички дүйнөсүнө таасир этип, жүрөгүн кубантып турарын жазуучунун жогорудагы сөздөрү айгинелеп турат.

Сөз аягында 95 жылдыгын утурлаган “Кыргыз Туусу” гезитинин жалпы жамаатына ийгилик каалайм. Бар болгула, кесиптештер! Келе жаткан кесиптик майрамыңар жана 95 жылдык мааракеңер куттуу болсун!

Айша АЛИЕВА, КРнын Ардак грамотасынын, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, КРнын Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү, “Кыргыз Туусу” гезитинин 1985–2015-жылдарда эмгектенген ардагери