«Эрозияны дарылабаса, ракка айланып кетиши мүмкүн…»

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Акыркы жылдары аялдар арасында эрозия менен жабыркап, жатын моюнчасынын рагы көбөйгөндүгү ар бир аялды тынчсыздандырат. Аны дарылап жок кылуу дагы ошончо каражатты талап кылат. Өзгөчө күчөп кеткенде рак же залалдуу шишик болуп калганын сезбей калган учурлар дагы көп кездешүүдө. Андыктан биз эрозиянын пайда болуусу, белгилери тууралуу гинекологдун маалыматы менен бөлүшө кетели.

Эрозиянын белгилери

Эрозия бул жатын моюнчасынын сезгениши, ошол жерде жаралардын пайда болуусу болуп саналат. Оору башталаарда кыз-келиндерде жагымсыз суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Ошол келген суюктуктан улам, табарсык, бел оору пайда болуп жана жыныстык кошулууда да ооруксунуу сезилет. Мына ушундай алгачкы белгилери байкалат, бирок көп учурда кыз-келиндер өз ден соолуктарына канааттандыраалык кам көрүшпөйт. Көп маани бербей жүрө беришип, текшерүүгө келген учурда гана эрозиясы бар экендигин билишет. Эң биринчи коркунучу, бул онкология оорусуна фон болуп берилет. Андыктан эрозияны учурунда дарылап айыктырбаса, анын акыры рак оорусуна алып келип токтолот.

Пайда болуу себептери

Анын пайда болуу себебинин негизгиси бул сезгенүү жана инфекция болуп саналат. Ал инфекциялар дагы жугуштуу жана жугуштуу эмес болуп бөлүнөт, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар, жеке гигиенанын туура эместиги болуп саналат. Ошол жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар, вирустар, хламидиялар, адамдын папилломасы эрозияны пайда кыла турган жөндөмү бар. Ошондуктан жыныстык жол аркылуу берилүүчү вирустар ошол жатын моюнчасын сезгендирет.

1-2 айдан кийин эле өнөкөткө айланып кетет

Ошонун негизинде узак убакытка сезгенүү болгондо клетканын өзү өзгөрүп баштайт. Клетканын курамындагы ядронун чоңоюшу, ошол клетканын өзүнүн формасы, морфологиялык клетканын түзүлүшү өзгөрөт дагы онкологиялык өзгөрүлгөн клеткалар пайда болот. Бул рактын пайда болуусуна бирден бир себепчи болсо, андан соң ошол аялдын өзүнүн тукум куучулук фактору болот. Ошол аялдын ата жагынан болобу, эне жагынан болобу тукум куучулук фактору бар экендигин айтып, түшүндүрүү керек. Алар сөзсүз түрдө атайын изилдөө иштеринен өтөт, анткени буга маани бербей жүрө берсе, акыры жаман болушу мүмкүн. Андыктан аялдар жок эле дегенде жылына бир жолудан атайын изилдөөдөн өтүп туруулары зарыл.

Абортту көп жасатуу дагы себеп болот

Биз канчалык медицинага болгон элдин көз карашы жакшырды дебейли, бойго бүтүүдөн сактануу жолдорун билбегендер көп кездешет. Андыктан бойго бүтүүдөн туура эмес сактанат же сактанууну билбей, улам боюна бүтүп калып, аны аборт жасаткандар көбөйдү. Ал фарм аборт болобу же жөнөкөй аборт болобу, баары бир жатындын моюнчасы жаракат (травма) алат. Андан сырткары эрозиянын пайда болуу себептеринин бири бул төрөттөн кийинки убакыт болот. Себеби төрөт учурунда жатында жаракалар пайда болот, ошол төрөт учурунда пайда болгон жаракалар кийин өз калыбына келип тигилбей калган мезгилинде дагы эрозия пайда болушу мүмкүн. Ал эми ошол вирустар аркылуу онкологияны пайда кылуучу вирустар кошо берилет. Андан сырткары эрозиянын тубаса түрү болот, тактап айтканда тубаса эрозия бул азыркы кездерде турмушка чыга элек кыздарда кездешет.

Төрөгөндөн кийин жок болуп кетпейт

Ал ошол пайда болгон эрозиянын көлөмүнө жараша болот. Жаңыдан пайда боло баштаган эрозиялар, кыздарда пайда болгон тубаса эрозияларды күйгүзгөнгө болбойт. Эгерде жатын моюнчасынын бети толугу менен эрозия болуп калган болсо, анда аны күйгүзүү жолдору, төмөнкү азот менен дарыласа болот. Эгер жаңыдан башталган, көлөмү кичине эрозиялардын фону гормондордун бузулуусунан болсо анда ал кыз-келинге гормон берилет. Бирок, эрозия төрөгөндөн кийин жок болуп кетет деп дарыланбай, врачка барбай жүрө берген такыр туура эмес.

Турмушка чыккан кыз, сөзсүз гинекологго келип текшерүүдөн өтүшү керек

Эрозиянын себеби көп жасалган аборттор, инфекциялар деп жатсак, бүгүнкү күндө жатындын ичиндеги (внутриутробные инфекции) инфекциялардан пайда болууда. Эң көйгөйлүү болуп мына ошол жатындын моюнчасынын рагы менен кош бойлуу болуп калып жатат. Рак болуп калса деле байкабай, боюнда болуп калгандан кийин гана рак бар экендиги аныкталып жатат. Демек, эрозиясы бар аялдар өз убагында текшерүүдөн өткөн эмес, дарыланган эмес, ошентип жүрүп анысы ракка айланып кеткенде гана аныкталып жатат. Ар бир аялда оорунун кандайдыр бир белгилери байкалса, сөзсүз гинекологго барып, текшерүүдөн өтүүсү керек. Аялдар дарыланып жакшы болгондон кийин деле бир жылда бир ирет, климакс болгонго чейин текшерүүдөн өтүп койсо туура болот эле. Дарылангандан кийин коркунуч жаралбайт.