Мигрант кыз

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Алма-Ата. Базар…
Формачандардын аралап кирип келиши, базарга “алаамат” салып жиберди. Булардын келерин болжоп, сак-сактап турган базарчылардын бир топтору житип-житип жоголушту. Үлгүрбөй калганы “капканга” илинди. Менин зээнимди кейиткени, кармалгандардын арасында жаш (окуучу курактагы, өспүрүм) кыздар да жүрүшөт. Балбаалап ыйлап алышкан. Текшерүү кезеги мага келгенде “гезиттин кабарчысы” деген документимди көрсөтүп, жердештеримдин таламын талашууга аракеттендим.
Корккондон ыйлай берип, эки көзү кызарып, шишип чыккан кызды сооротуп:
– Болду эми, ыйлаба! – дедим боорума кысып. Ал ансайын эреркеп, чыбыктай денесин солкулдатып, күчөп кетти.
Ушул түнү Мираны өзүм менен кошо ала кеттим да, экөөбүз түндүн бир оокумуна чейин уктабай, сырдашып жаттык. Ал мага Казакстанга кандайча келгенин, ага чейинки тарых-таржымалын үнү кардыгып калганга чейин айтып жатып, таң агарып келатканда көзүбүз илиниптир. Балким ал ушул түнү санаркоодон уктаган да эместир…
Мен таң калдым. Мира буга чейин эч билдирген эмес. Көрсө, мен али “он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек” деп жүргөн сиңдимдин башынан далай кыйынчылыктар өтүптүр.
Мира көкүрөгүн солкулдата узакка улутунуп алып:
– Мен Кыргызстанга барсам да, туулуп-өскөн айлыма, ата- энеме баргым келбейт! – деди. Жаңы эле Бишкекти, анда калган жакындарымды ойлоп, баарынан да эртең менен шашып келип, кечинде көңүлүм ток кетчү ишимди эстеп, эми эле жаным жыргап, магдырап бараткан жаным, муну укканда “селт!” эттим:
– Эмнеге?!
– Анткени, алар менин жүрөгүмө айыкпас так салып, ушул жакка кор болуп кетүүмө шарт түзүп беришкен!
Унчукпай мелтиредим. Атүгүл түн да демин ичине катып, тунжурай түшкөндөй болду. Мира болсо сөзүн андан ары улады:
– Ырас, менде да күнөө бар. Бирок, андай болорун кайдан билипмин?! Мен ага ишенип… Айтор, мектепти бүтүп жатканда “сүйөм, күйөм” деген жигитке алданып, кыз абийримден айрылып калдым!.. Экзамендер бүткүчө жолугушуп турдук. Ар күн сайын: “Акыркы экзамен бүтөөрү менен үйлөнөбүз”, – дечү жигитим. Бирок алдаптыр! Акыркы экзамен бүтөөрү менен таппай калдым. Анткени ал Россияда иштеген агаларынын артынан качып, из суутуп кетиптир. Ошондон бир аз күн мурун эле ага кускум келип, көңүлүм айнып жатканын айткам. Жер сүзүп ыйладым, ызадан муунуп өлгүм келди. А бирок анте албадым. Ата-энем билип калып, апам бетимден чоюп, ичке койгулап, чыңыртып уруп, атам да сөгүнүп-сагынып жүрдү. Азыркы акылым болсо ошондо: “Ики, баарына өзүңөр күнөөлүүсүңөр! Бириң ичип, бириң бырылдап ыйлап, өз арбайыңарды согуп жүрүп, бизди кароосуз, ээнэркин таштабасаңар, мындай болбойт эле!” – дейт элем да. Акыры ай-күнүмө жеткен кезде мени атамдын эжеси алып кетти да: “Балким боюңдан бошоорсуң!” – деп кара жумушка салып, баш көтөртпөй желкемден басты. А бирок андай болгон жок. Кыздуу болдум. Кызым ушунчалык жакшынакай экен. Көздөрү бакыракай, кирпиктери төгүлүп, тим эле сулуу десеңиз. Мен баланын кандай ширин болорун, анан да энелик мээримдин эмне экенин ошондо билдим. Бирок, ошону оңчулуктуу да эмизе албай калдым! Бир айга жетип-жетпей, эжем далкылдап барып, чоочун бирөөлөрдү алып келди да, менден сурабайэтпей туруп кызымды соодалаша баштады! “Бербейм!”
– деп чырылдап-чыркырадым. Эжемдин оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып атты. Мени ушунчалык жаман сөздөр менен кордоп, атүгүл ымыркайымды да: “Өзүңө окшогон сойку болот мунуң! Бирөөңдүн эле шерменде кылганың жетет бизди!” – деп туруп колумдан жулуп алды да, баягыларга берип жиберди!
Ошондон баштап жүрөгүмдү сагыныч, арман, ыза мыжып келет! Бүктүшүп жатып калганымда, “баласын унутсун” дештиби, же менден кутула тажаштыбы, эжем бат эле дагы бирөөлөрдү эрчитип келип:
– Эл ичиндеги ушак-айың тарагыча, көздөн далдоо, ошол жакка кете тур! – деп кошуп берди. Менин андан аркы тагдырым, алдыда көрөр азап-тозокторум аларды кызыктырган да жок. Ошентип, Казакстанга келдим.
Келдик да, алар менен эки-үч ай бирге болуп, бирөөнүн контейнерин иштетип, өп-чап акы алып, күн көрө баштадым. “Эми өзүңчө квартира изде. Биздин акыбалды көрүп жатпайсыңбы,” – дешти бир күнү жердештерим. Чынында эле жашоолору өтө кыйын эле. Өздөрүнүн кенедей эки баласы менен көчүк айланбаган тар, сыз бөлмөдө эптеп жашап жатышыптыр. Ошого карабай ижара акысы кымбат. Эгерде кожоюн менин да жашаарымды билсе, дагы кошо турганын айтышканынан, таң эрте үйдөн чыгып кетип, көз карайганда кирем.
***
Ошентип, бир күнү да иштен кийин шаардын сыртындагы конуштарды кыдырып, ижара издеп жөнөдүм. “Квартира берилет” деген эшик-дарбазалардын баарын кагып, бирок баасы келишпей жатты. Мага кандай болсо да акчасы азыраак болуп, эптеп эле кечинде келип, баш калкалап турганга жараса дейм. Акыры бир үйгө келдим. Ээси орто жашап калган, узун бойлуу казак экен, экиүч бош бөлмөсү бар экенин айтты. “Арзаныраак болсо?” – дедим. Ал менин чоо-жайымды түшүнгөндөй: “Жүрү,” – деди. Айткандай эле бир үйүн жалаң квартиранттар үчүн салып коюптур. Астыңкы кабатта да квартиранттар – кыргыздар жашайт окшойт. Биз үйдүн сырткы капталы аркылуу жогору кеткен тепкич менен экинчи кабатка чыгып, көп эшиктүү узун коридор аркылуу бараттык. Эң түпкү эшикти ачты да, өзү алдыга баштап кирип: “Жагабы?” – деди. Башымды ийкедим. “Анда ушунда тура бер. Акчасын деле кыйнабайын, колуңдан келишинче төлөп тур. Бирок…” – деди жыландын башын кылтыйтып. Бир чети сүйүнүп, бир чети анын карашынан коркуп кеттим. “Бирок, жигиттерди алып келчү болбо! Дароо кубалап чыгам!” – деди тигил. Эс ала түштүм. Эртең менен канчада кетип, канчада келеримди да сурап, тактап алды.
Ошентип, ошондон баштап ошол үйдө туруп калдым. Кечинде келсем, кожоюн эски-уску үстөлдөр менен керебет киргизип коюптур. Мен келгенден кийин кичинекей газ плиткасын, баллонун алып келип берди. Анын камкордугуна бир чети ичим жылып, казактарда деле жакшы адамдар бар турбайбы деп, көптөн бери биринчи жолу адамдар тууралуу жакшы ойлоп, бут серппей уктап кетипмин…
Түн бир оокумунда эшик кылдырттап, ачыла баштагандай болду! “Балким кошуналардын эшигидир?” – дедим. Жок, андай болбой чыкты. Бир убакта эшик акырын ачылып, кожоюн кирип келди. Ай жарык болгондуктан, пардасыз терезеден үй ичи жарык эле. Мен аны дароо тааныдым. Корккондон үнүм буулуп калды. Ал эшикти кайра бекитти да, түз эле мени көздөй басты!..
Ошондон кийин ал күндө келчү болду. Каршылык кылганымда уруп, сабоого өттү. Бир күнү эртең менен кийимдеримди алып, чыгып кетип баратсам кармап калды да: “Ижаранын акчасын төлөбөй качып баратат!” – деп азыр полицейлерди чакырып, салып бере турганын айтты. Мен нес болдум. Анткени ижара акчасын төлөбөгөнүм чын эле. Жалынып, жалбардым. Бардыгына макул экенимди билдирдим. Оюмда эптеп эле үйдөн чыксам, кайра келбей коём деп жаттым. Ал оюмду билип алгандай, ошол күнү документтеримди алып койду да, эми түн сайын кордогону аз келгенсип, акчасын доолаганга өттү. Бир күнү: “Мен сага ижара акчасын төлөштүн жолун таптым!” – деп, түнкүсүн ар бөлөк эркектерди эрчитип келе баштады.
Кудай жалгап, бир күнү мында жашагандардын документин текшерип, полицейлер келип калышты. Мен ошолорду эш тутуп, шердене түштүм да, документим кожоюнда экенин айттым. Эптеп эле булар менин документимди алып, өздөрү менен алып кетсе деп тиледим. Айткандай эле ошондой болду.
Чыны менен эле кожоюндун кордугунан көрө, мыйзамдын айыбын тартканым жеңил өңдөндү.
Бир канча күн камалып жаттым. Жакшы адамдар чынында эле бар экен, ошол жерде иштеген, улгайып калган казак киши жардам берип, үч күндөн кийин чыгып, бирге келген жердештериме кайра келдим. Алар да мени издеп жатышкан экен, аялы бардык кордугумду угуп, ыйлады. Көп өтпөй эле анан кененирээк квартирага чыгып, чогуу жашап жүрүп, кийин кыздар менен чыгып кеттим…
– Эми карабайсызбы, бүгүн мыйзамсыз иштеп жүргөнүм үчүн документимди алдырдым. Эми аны алыш үчүн анча-мынча тапкан акчамды беришим керек!.. – деп узакка үшкүрүп алып, унчукпай калды Мира. Мен анын унчукпай ыйлап, көлкүлдөгөн көз жашы эки бетин жууп жатканын билип эле жаттым. Бирок үндөй албадым.
Анткени ушу тапта мен да бөлөк эл, бөтөн жерде кор болуп жүрүшкөн мекендештеримдин тагдыры үчүн ызага муунуп жаткам!..
Миранын андан аркы тагдыры кандай болгонун да билбей калдым. Анткени, экөөбүз сырдашкан ошол түндүн эртеси мен Бишкекке жөнөп кеттим…