Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батир берүү сунушталды

Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү үй батир берүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатканда вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, бул машыктыруучу үчүн Токиодо өтө турган олимпиаданын алдында стимул болот.

«Күлүктү саяпкер таптайт. Президент Айсулуу Тыныбекова 3 бөлмөлүү батир берип, колдоо көрсөттү. Эми Өкмөт эстафетаны алып, кийинки колдоону машыктыруучу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батирди берсеңер чоң колдоо болот», – деди ал.